Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:56

"Музду украиналыктардын каны менен боебойбуз". Орусиянын хоккей командасына бойкот

Бир катар өлкөлөр Орусиянын  комнадасын бойкотторун жарыялашты. Архивдик сүрөт
Бир катар өлкөлөр Орусиянын комнадасын бойкотторун жарыялашты. Архивдик сүрөт

Улам бир өлкө Арбитраждык соттун Орусиянын курамасына хоккей боюнча эл аралык мелдештерге катышууга уруксат берген  чечимине каршы болуп, алар менен беттешүүлөрдү бойкоттой турганын билдирип жатат. Украина жүздөгөн спортчусу согушта каза болгонун айтып, соттун чечимине нааразылыгын билдирди.

Орусиянын курамасы хоккей дүйнөсүндө алдыңкы, күчтүү командаларынын бири болчу. 2022-жылы Москва Украинага кол салгандан кийин Эл аралык хоккей федерациясы (IIHF) аны эл аралык мелдештерден четтетүү чечимин кабыл алган.

Бирок быйыл 30-октябрда Спорт боюнча арбитраждык сот (CAS) Канадада келерки айда өтө турган жаштар арасындагы хоккей боюнча дүйнө чемпионатынан баштап орус командаларын эл аралык турнилерге катыштырыш керек деген буйрук берди.

IIHF бул чечимге макул эмес экенин билдиргени менен, ага баш ийерин айтты.

Бул чечим Украинанын жана Киевди колдогон дүйнөдөгү көптөгөн хоккей державаларынын катуу сынына кабылды. Алар соттун чечимин "музду украиналыктардын канына боеого" теңеп, өнөктөштөрүн Орусиянын кайтып келишине каршы "чечкиндүү позицияны" ээлөөгө чакырышты.

"Орусия менен Беларус Украинадагы мыйзамсыз, негизсиз жана үрөй учурган согушту колдоп жатышат. Бул согуш уланып жаткан чакта, ал өлкөлөрдүн спортчулары Канадада өз өлкөлөрүнүн намысын коргоп, мелдешке катыша алышпайт", — деп айтты Канаданын премьер-министр Марк Карни 3-ноябрда.

Премьердин билдирүүсү өзгөчө мааниге ээ. Себеби, эки айга жетпеген убакыттан кийин дал ошол Канадада жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты өткөнү жатат.

Орусия менен согушта майып болгон украиналык спортчулар. Киев, 15-октябрь 2025-жыл
Орусия менен согушта майып болгон украиналык спортчулар. Киев, 15-октябрь 2025-жыл

Эгер орус курамасы мелдешке барса, ал өлкөнүн спортчулары 2022-жылкы Бээжин Олимпиадасынан бери биринчи жолу катышкан алгачкы ири турнир болмокчу. Кремл Украинага каршы кеңири масштабдуу агрессиясын дал ошол Олимп оюндары аяктагандан бир нече күн өткөндөн кийин баштаган эле.

Кеминде алты европалык өлкө, анын ичинде хоккейден күчтүү болуп саналган Швеция, Чехия, Норвегия, Дания, Латвия жана учурдагы дүйнө чемпиону Финляндия соттун чечимине карабай, Орусия менен беттешүүдөн баш тартарын билдиришти.

2027-жылдын май айында эркектер арасындагы дүйнө чемпионатын өткөрө турган Германиянын хоккей федерациясы (DEB) бул чечим уюштуруучу өлкө үчүн кырдаалды түп-тамырынан өзгөртөрүн билдирди.

Федерациянын төрагасы Франк Лутцтун айтымында, Орусиянын катышуусуна уруксат берүү коопсуздук, саясий жана экономикалык жактан олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Анын айтымында, федерация мындан аркы кадамдарын талдап жатат.

“Биздин позиция өзгөргөн жок: Орусиянын улуттук командаларынын эл аралык хоккей турнирлерине кайтып келишине каршыбыз”, - деп айтты Лутц.

Ошондой эле эркектер арасындагы дүйнө чемпионатынын көп жылдан берки бир катар демөөрчүлөрү, анын ичинде швециялык AJ Products эмерек компаниясы, жумушка кийген кийим-кечени чыгарган германиялык STRAUSS жана чехиялык Skoda Auto машина өндүрүүчүсү Орусиянын командасы турнирге кайра кошулса, мелдешти колдоо маселесин кайра карап чыгарын билдиришти.

Арбитраждык соттун чечими Украинада катуу нааразылык жаратты.

Өлкө бийлиги Орусия ачкан согушта жүздөгөн украиналык спортчу каза болгонун, ал эми Москванын аба соккуларынан көптөгөн спорттук жайлар бүлүнгөнүн же талкаланганын бир нече жолу белгилеп келген.

Украинанын хоккей федерациясы соттун чечимине байланыштуу дароо комментарий берген жок, бирок тышкы иштер министри Андрей Сибига 4-ноябрда социалдык тармактарда жарыялаган постунда: "Муз үстүндө жазасыз калуу деген нерсе жок", - деп жазды.

"Москва дагы эле өз кылмыштарын хоккей формасынын артына жашыра алам деп, ал эми муз аянтчасы өзүнүн түшүп кеткен аброюн калыбына келтирүүгө жардам берет деп ишенет", - деди министр.

Ошол эле учурда ал Канаданын кадамын кубаттап, башка өлкөлөрдү да бойкотко кошулууга чакырды.

Москва эл аралык хоккей аренасына кайтып келишине каршы чыккандардын толкунун анча маанилүү эместей көрсөтүүгө аракет кылды. Тактап айтканда, Орусиянын спорт министри Михаил Дегтярев: "Дүйнө Скандинавия же Балтика өлкөлөрүнөн алда канча чоң", - деп билдирди.

CAS өз чечиминде Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) орус командаларына каршы чектөөнү улантуу зарыл деген жүйөсү, анын ичинде коопсуздукка байланыштуу кооптонуулар "жетиштүү далилдер менен бекемделген эмес" деп белгиледи.

Ошол эле учурда, сот федерацияга Орусияны кыйла өзгөргөн абалдын шартында кантип кайра интеграциялоо керектиги тууралуу эч кандай көрсөтмө берген эмес.

Бул кадамга "иренжигенин" айтканы менен IIHF 30-октябрда соттун чечимине "жараша иш-аракет кыларын" билдирди. Кийинчерээк эл аралык федерация CAS чечиминин "дүйнөлүк таасири" "олуттуу түрдө таразаланбай калганын" кошумчалады.

"Орусиялык командалардын тез арада кайра интеграцияланышы олуттуу практикалык жана спорттук кыйынчылыктарды жаратат", - деп билдирди IIHF 4-ноябрда.

“Виза жана чет өлкөлөргө кирүү талаптары, коопсуздук жоболору, логистикалык чектөөлөр жана мелдеш форматтарынан тышкары убакыттын чектелиши мелдештерди уюштурууну татаалдаштырат. Айрым иш-чаралар бир нече жумадан кийин болот", - деп улантты федерация.

CASтын чечими 6-ноябрда Данияда баштала турган аялдар арасындагы дүйнө чемпионатына тиешелүү эмес. Орусия бул турнирге катышпайт.

Орусиялык эркектер курамасы 1992-жылы Советтер Союзунун мураскери болгондон бери беш дүйнөлүк чемпионатта жана бир Олимпиаданы жеңген. Советтик командалар өлкө ыдыраганга чейин 22 титул жана жети алтын медалга ээ болушкан.

Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG