Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

Киев спортчуларга беларус жана орус оюнчулары менен мелдешүүгө тыюу салды


Украиналык спортчулар Түштүк Кореядагы Кышкы олимпиаданын ачылышында. 2018-жыл.
Украиналык спортчулар Түштүк Кореядагы Кышкы олимпиаданын ачылышында. 2018-жыл.

Киев Украинанын спорт федерацияларына Орусия менен Беларус спортчуларынын мелдештерге катышкан-катышпаганын көзөмөлдөөнү жана маалыматтарды украин аткаминерлери менен бөлүшүп турууну тапшырды.

Орусия Украинага кол салгандан кийин эл аралык федерациялар орусиялык спортчулардын биатлон, волейбол, сууда сүзүү, көркөм муз тебүү жана коньки тебүү боюнча эл аралык мелдештерге катышуусуна тыюу салган.

2022-жылдын март айында Эл аралык Паралимпиада комитети орусиялык жана беларустук спортчуларды Бээжин оюндарына катыштырбай койгон. Буга көптөгөн улуттук комитеттер, командалар жана спортчулар орустар жана беларустар менен беттешүүдөн баш тартканы себеп болгон. Кийин комитет Орусиянын Паралимпиада комитетиндеги мүчөлүгүн убактылуу токтоткон.

Эл аралык Олимпиада комитети буга чейин орусиялык жана беларус спортчуларга бейтарап макамда Олимпиадага катышууга уруксат берген. Мелдешке согушту колдобогон, орус же беларус армиясына, күч түзүмдөрүнө тиешеси жок спортчулар гана катыша алат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG