Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:02

"Жергиликтүү бийликке көп укук берилсе, туруктуу өнүгүү болот"


Элдар Абакиров.
Элдар Абакиров.

"Эркиндик үнү" подкастында экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы жана борбордук бийликти децентралдаштыруу тууралуу сүйлөштүк.

- Элдар мырза, бийликти децентралдаштыруу дегенде эмнени түшүнүшүбүз керек?

- “Бийликти борборлоштуруу” деген баарын борбордон чечебиз дегендик. Мисалы, өлкө боюнча бүт аймактан акчаны чогултуп, анан кимге канча акча бөлүнөт, кимге берилбейт, кайсы жумуштар жасалат дегендер чечилет. Бийликти эң жогорку деңгээлде борборлоштурууга совет доорун мисал келтирсек болот. Ал кезде баарын Москвага тапшырчубуз, Москва баарын чечип жүрдү. Жада калса, Өзгөнгө же Ат-Башыга канча кабаттуу үй салынат деген маселени да ошол жак аныктап, акчасын бөлүп берчү.

Азыр бийликтин баары борбор калаа Бишкекте. Өлкө аймагында 2 миңден ашык айыл, бир канчалаган шаарларыбыз бар. Биз акчанын баарын чогултуп: “Биздин айылдардын 84% айыл дотацияда. Кимге канча акча беришти, кимдин канча жолун оңдоп беришти, каерге суу өткөрүүнү биз чечебиз”, - деген түшүнүк бийликтин борборлошконун көрсөтөт. Мунун пайдасы да, зыяны да бар. Ал эми кандайдыр бир чечимдерди, бюджетти башкарууну жергиликтүү бийликке өткөрүп берип, өз көйгөйүн өзү чечүүсүнө шарт түзүү.

- Бул өзгөртүү Кыргызстан үчүн керекпи?

- Менин оюмча, керек. Анткени Кыргызстандын тегерегинде кен байлыгы көп өлкөлөр бар. Мисалы, Казакстан, Орусия жана башкалар. Алардын кен чыккан аймактарындагы кирешени толугу менен бюджетке алып, баарына бөлүштүрөт. Кыргызстанда андай ресурс жок. Биздеги негизги байлык – адам ресурсу. Адамдары ойгоо, билимдүү, күчтүү, бири-бири менен атаандаша алган коом түзүшүбүз керек. Децентрализация аркылуу өнүгүү жайыраак болуп, адамдарга дароо байкалбашы мүмкүн. Анткени децентрализация баарына бирдей шарт түзөт, “ар ким өзүнчө оокат кылбаса, борборго ишенип отура берсем, алыс барбайм” деген түшүнүккө жетиши керек болот. Сен канчалык көп оокат кылсаң, бюджетиңе ошончо көп акча түшөт.

Акыркы он жылды эстейли. Мага айыл өкмөт чалып, “Элдар, фирмаңды биздин айыл өкмөткө каттатып койбойсуңбу? Бизге жергиликтүү салык көбүрөөк түшсүн, болбосо биздин бюджет төмөн болуп жатат”, - деп айтчу. Мындай сунушту бир канча кишиден уктум. Ушундай процесстер жүрүп жаткан болсо, демек жергиликтүү бийлик элге отчет берип, кылган иши менен мактанып турбаса кийинкиде кайра шайланбай каларын түшүндү. Керек болсо салык чогултуу саясатында да сатыктан түшкөн салык сыяктуу бир канча салыктын түрү жергиликтүү бийликте калат десе, айыл өкмөт элди ошол айылдын дүкөндөрүнөн соода кылууга үндөсө болот. “Ошентип айылдын суу маселесин чечебиз же жарыктандырабыз” десе, элде стимул пайда болуп, адамдар да ушул маселенин тегерегинде биригип, татыктуу айыл өкмөт башчыны, депутаттарды тандаганды үйрөнмөк.

Азыркыдай шартта акимди Бишкек чечсе, ал айыл өкмөттөрдү тандайт. Мындайча айтканда, буга элдин катышы деле жок болгону үчүн кайдыгерлик да пайда болду. “Баарын өйдө жак чечет” деп эле жүрүшөт. Бирок бийликте акча жетиштүү болуп, баарын чечсе, сонун. Эгер чече албаса, бул “жаралар” улам чоңоё берет.

- Демек, децентрализация болбосо, коом баарын бийликке шылтап, совет учурундагыдай өзүнчө аракет кылууга батынбай калат экен да...

- Ооба, Совет доору кулаганда мен 5-6-класстагы окуучу болгом. Ошондо эл эмне кыларын билбей калды. Анткени баары борбордогу “атабыз” эмне деп айтса, ошону кылабыз, болбосо жок дегенге көнүп калышкан. Борбор баарын чечкен шартта элди көз каранды болуп калат экен. Жакында социалдык тармактарда Кадамжайда жергиликтүү эл өзү уюшуп, ашар жолу менен көчөгө бетон төшөп жатышыптыр. “Биз ортого акча чогултуп, шагыл түшүрүп, күнүнө бир канча метрден бетондоп жатабыз”, - деп айтып жатышат. Бул – сонун көрүнүш. Демек, эл ойгонуп, “отуз жылда түздөлбөгөн жолду эч ким оңдоп бербейт экен” деп түшүндү. Элге ушул мүмкүнчүлүктү берип, “өз оокатыңарды тың алып баргыла” деп көндүрүш керек. Кыргызстанда 2 миң айыл болсо, ошонун 1900үнүн жолу ылай болсо керек.

Бир учурда Финансы министрлигинен стим. грант (ред: Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо) деген система менен ушундай долбоорлорго акча бөлүнчү. Азыр барбы, билбейм. Жергиликтүү бюджет 1 млн. сом чыгарсаң, борбордук бюджет сага дагы миллион сом берип, бир жумушуңду бүтүрүп ал дечү. Мисалы, мектептин чатырын жаңылоо, бала бакча куруу сыяктуу иштер жасалчу. Азыр аймактагы чоң маселе – бала бакчалардын жетишсиздиги. Өлкө боюнча 2 миң айылдын 200үндө эле бала бакча бар. Мындайча айтканда, бала бакча жалпы айылдардын 11% гана камтыйт. Хекмандын теориясы боюнча балаң бала бакча учурунда ага инвестиция кылсаң, анын акыбети кийин 16 эсе болуп кайтат. Мектептики 5-6, университет учурунда болсо эки эсе болуп кайтат. Демек, бала бакчага барбаган балада ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү кыйла азаят. Хекман миңдеген кишини сурамжылап, бала бакчага баргандар менен барбагандардын келечеги кандай болгонун текшерип көргөн. Демек, биз айылдарда бала бакча куруп, аларга шарт түзбөсөк, балдардын бакубат келечегине балта чапкан болобуз.

Жакында эле бир айылга бардым. Ал жакта бала бакча жок экен. Бирок бала бакча курагындагы 200дөй бала бар. “Эмнеге бала бакча жок? Айыл өкмөт бул маселени чечкен эмеспи?” десем, “Бизде айыл өкмөт башчыбыз борбордо эле акимдин жанында жүрөт. Бул жакка келбейт” дешти. Логикага салганда, туура эле көрүнүш. Аны аким дайындаган соң элге отчет берип эмне кылат? Мурдагы системада айыл өкмөттү эл шайлаганы үчүн өкмөт күнү-түнү чуркап, иштечү. Азыр элге көз каранды болбогону үчүн байланыш үзүлүп, кайдыгерлик пайда болду.

- Жергиликтүү бийлик эффективдүү иштеши үчүн кандай системалык өзгөрүүлөр жүрүшү керек? Каржы бөлүштүрүү, ыйгарым укуктар кандай берилгени туура болот?

- Каржылоо боюнча 70/30 деген система бар экен. Бул чогулган салыктын 70% борборго кетсе, 30% жергиликтүү бюджетте калышы керек дегени. Бул дүйнөлүк ортолук көз караш деп койсок болот. Чогулган салыктын 30% ошол жерде калса, ошол жерде децентрализация бар дегенди билдирет. Бизде азыр салыктын 5% гана аймакта калат.

Децентралдаштырууда аймактар өз алдынча өнүгүү жолуна түшөт. Жогорку бийлик эмне кылышы керек? Айылдарга кеткен республикалык маанидеги жолдорду салып берип, электр энергиясы менен камсыздап бериши керек. Таза суу, канализация дегенди жергиликтүү бийлик өзү ыңгайлуу кылып чечип алат.

- Кыргызстанда жергиликтүү бийликти күчтөндүрүүгө аракет жасалбады деген менен 2002-жылы эле бийлик децентралдаштыруу боюнча улуттук стратегия кабыл алган экен. Андан кийинки бийликтердин учурунда да бул маселе көтөрүлүп жүрдү. Ошого карабай бул реформалар эмнеге ишке ашпай калды деп ойлойсуз?

- Акыркы 20 жылда үч жолу төңкөрүш болду. Жаңы келген бийлик башында күчтүү дымак менен келип, парламентти, жергиликтүү бийликти күчтөндүрөм деп жүрдү. Азыркы президент гана президенттик башкарууну жактап, эл аны колдоп берди. Башында айткандай, децентрализациянын мөмөсүн көрүүгө көбүрөөк убакыт керек. 2010-2020-жылдар аралыгында бул процесс жүрүп жатты. Жергиликтүү кеңештердеги алгачкы чакырылыштагы депутаттар, айыл өкмөттөр бир аз чабал болуп жаткан. Кийин эл тажрыйба топтоп, сапаттуу бийликти тандаганды үйрөнүп калган. Биз кийин системаны дароо өзгөртүп салгандан кийин эл бир жылдай мурдагы күүлөнгөн абалда бийликти көзөмөлдөп жатты. Мен байкагандан, соңку бир жылда элге жергиликтүү өкмөттүн иши кызыксыз болуп калды.

Аким - бир эле киши. Анын астында он айыл өкмөт, 30-40 айыл болсо, ал кайсы жерде кандай көйгөй бар экенин деле билбейт. Эл баарын билет. Алар айыл өкмөткө маселени так жеткиргенде, анда көйгөйлөрдү чечкенге ресурс болушу керек. Биз жергиликтүү бийликке “чогулган салыктын 20-30% сенде калат. Аны менен айылыңдагы маселелерди чечип ал. Муну жергиликтүү кеңеш, эл көзөмөлдөйт” десек, Бишкекке эле жыргал да. Баарын борбордон чечип, ар бир айылды кыдырып көйгөйүн аныктап, чечкенге эмне деген убакыт, ресурс кетет? Элдин көйгөйүн “Азаттыкка” окшогон медиалар көтөрүп турат. Бирок силерге чыкпаган эл ыйлап, көйгөйү чечилбей, билинбей кала берет. Борборлошкон бийлик ушуга алып келет.

- Азыркы бийлик учурунда да жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын реформалоо, ирилештирүү саясаты Ысык-Көл облусунан баштап, кийин Нарында да болмой болду. Негизи эле азыр сөз болуп жаткан реформа аймактагы бийликтин ишин эффективдүү кылабы?

- Менимче, ирилештирүүдөн көп деле нерсе өзгөрбөйт. Бир айыл өкмөт беш айылды карайбы же ондубу, бул принципиалдуу маселе эмес. Негизги нерсе аймактагы жашоочуларга өз көйгөйүн өзү чечүүгө шарт түзүп берүү. Бийликтеги бир адамды жанындагылар курчап, көйгөйлөрдү көрсөтпөй койсо, иштер жасалбай калат. Баарыбыз пендебиз. Бийликке келген адамды эл көйгөйлөрдү айтып, кемчилигин санап эсине келтирип турбаса, жетекчи жалкоолукка берилип же жогорудагы бийликтин көңүлүн алуу менен эле маселесин жайгара башташы мүмкүн. Башкача айтканда, приоритеттер өзгөрүп, элдин көйгөйү чечилбей кала берет.

- Демек, эл жергиликтүү бийликти өзү шайлап, өзү талап кылып турушу керек экен да.

- Ооба, эл муну өзү түшүнүшү керек. Өткөндө америкалык экономист Жеймс Робинсон Бишкекке келгенде эки Корея өлкөлөрүн салыштырып берди. Түндүк Кореяда бийлик борборлоштурулган. Түштүк Кореяда децентрализация орногон, парламентаризм бар. Ал жакта жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы өтө күчтүү. Европада деле 1980-жылдары эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын хартиясын кабыл алышкан. Эми ушуга карап кайсы өлкөлөр өнүгүп-өнүкпөгөнүн салыштыралы.

- Соңку референдумда эл көпчүлүк добуш менен президенттик башкарууну тандады. Бул эмнеден кабар берет?

- Өз алдынча оокат кылуу чынында оор. Балким, элдин бир бөлүгү ушундан чарчап кеткен болушу мүмкүн. “Биз ушунча аракет кылдык, окшошпой койду. Жакшысы, борбордон эле чечилип турсун” деген ойлордон улам кабыл алынган чечимдир. Мен жогоруда айткандай, бул көз карандылык маанайды пайда кылат. Бир дагы өлкөдө борбордук бийлик бардык маселени чечип берген эмес. Эл өзү ойгонуп, туура бийликти тандамайынча, бул маселе эч качан чечилип кетпейт. Эл муну түшүнүшү керек. Биз коом катары ойгонуп, туура жетекчини тандап, ага туура талаптарды коюп, ишин көзөмөлдөй турган деңгээлге жетмейинче, өнүкпөйбүз, алдыга жылбайбыз.

- Күчтүү президент келип эле бизди өнүктүрсө болот эле деген ойлор эл арасында айтылып жүрөт. Буга бир мисал катары Грузиянын бир учурдагы реформасын айтып калышат. Албетте, ал жактагы кырдаал кийин башка нукка өзгөрүп кетти. Ушул сыяктуу көз караштардын болушу канчалык туура?

- Мен 2011-жылы Грузияга барганда “бизге күнүнө эки саат эле жарык берилчү” деп айтып беришкен. Кышында ар бир батирдин терезесинен мор чыгып калган экен. Анткени жылуулук, электр энергиясы берилбей, эл тоңуп калбашы үчүн көп кабаттуу үйлөрдө меш жагууга аргасыз болушкан. Ушундай көйгөйлөрдөн улам грузин эли ойгонуп, Саакашвилли сыяктуу реформаторду колдоп кетишти. Ал кыска мөөнөттө чоң реформа кылып, элдин ишенимине кирип жатты. Бул өзүнчө бир кейс. Дагы бир мисал – Сингапул. Ли Куан Ю жок жерден өлкөнү пайда кылган адам. Ал да оор учурда бийликке келген. Башында Сингапур деген өлкө жок болчу. Ал Британиянын колониясында Малайзиянын бир провинциясы болгон. Кийин Британия колониялык саясатын токтотуп, Малайзияны таштап кеткен.

Малайзия да өзүнүн маселеси көп экенин айтып, Сингапурду бөлүп койгондо алар өз алдынча жашоону ойлоно башташкан. Ли Куан Ю ошондо жакшы реформаторлугун көрсөткөн. Бирок бул чанда кездешкен көрүнүш. Балким, жүз диктатордон бирөө ушундай чыгышы мүмкүн. Туруктуу өнүгүү демократия орногон жерде гана болот. Бизде эл ойгонуп, ар бир жергиликтүү башкарууга таасир этиши керек. Эл өз алдынча оокат кылса, борбордук бийликке да жыргал да.

- Жергиликтүү бийлик күчтөнсө, өлкөдө ырааттуу, бирдиктүү мамлекеттик саясат жүрбөй калат дегендер да бар. Ушундай тобокелчилик да чыгышы мүмкүнбү?

- Биз өлкө катары калыптанып калганбыз. Анын үстүнө мамлекеттин күч органдары бар. Өлкөнүн бардык аймактарынын ортосунда жолдор салынып, байланыш түзүлгөн. Сингапур башында өлкө болгон эмес, андай кыйчалыш учур бизде жок. Бул системаны чек арага жакын жайгашкан, чеги тактала элек аймактарда колдонбой турушубуз керек. Калган жерлер боюнча эч кандай тобокелчилик жок деп ойлойм.

- Президенттик башкаруунун учурунда жергиликтүү бийликти кантип реформалоо керек?

- Мында укуктар так аныкталып, жергиликтүү кеңеш менен өкмөтүн элге тандатуу керек. Президенттик башкаруу буга тоскоолдук кылбайт. Борбордогу бийлик болгону мыйзамдарды чыгарып берип, коопсуздукту, адилеттүүлүктү камсыздап, жолдорду салып берип турушу зарыл.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG