Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

Административдик-аймактык реформа: коомдогу сын, президенттин жарлыгы


Кыргызстандын облустарынын картасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын облустарынын картасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары административдик-аймактык реформа парламенттин макулдугу жок ишке ашып жатканын сынга алышты. Президенттик администрация пилоттук долбоор катары былтыр Түп районунун айыл аймактарын ирилештире баштаган.

Эки күн мурда Нарын облусундагы түзүмдөрдү өзгөртүү боюнча президенттин жарлыгы чыккан. Бул аракеттер жер-жерлерде нааразылыктар менен коштолууда.

"Өтө чекилик жана чийки"

Административдик-аймактык реформага байланыштуу маселени парламенттин 6-апрелдеги жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо көтөрдү. Ал Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, өлкөдөгү аймактык бирдиктерди өзгөртүү Жогорку Кеңештин макулдугу менен болушу керек деп эсептейт. Депутат бул багытта эл өкүлдөрүнүн катышуусу жок аракеттерди мыйзамсыз деп сыпаттады.

Мирлан Самыйкожо
Мирлан Самыйкожо

“Аймактык ирилештирүү боюнча эл ичинде өтө көп талаш-тартыштар пайда болуп жатат. Аны көрүп жатсаңыздар керек, интернетке чейин чыгып жатат. Ушундан улам “аймактык реформа боюнча маселе Жогорку Кеңешке келеби же, келбейби?” деген собол чыгып жатат. Конституциянын 80-беренесинин 9-пунктунда “Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин карайт” жазылып турат. Демек, бул маселе парламентке сөзсүз келиш керек деп ойлойбуз. Бүгүнкү күндө аймактык реформаны жүргүзүүдө элге жетиштүү түшүндүрүү иштери өткөн жок. Баягы эле беш-алты кишини топтоп, документтерин долбоорго өткөрүп беришти. Бул өтө чекилик жана чийки. Аймактык реформага кылдаттык менен карабаса, аягы жакшы болбойт. Эл аралап келдик, айылдарга бардык. Аймактык ирилештирүү боюнча калктын ою жакшы эмес”, – деди Мирлан Самыйкожо.

Жалпы жыйында аткаруу бийлигине суроо катары жолдонгон эл өкүлүнүн суроосуна президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов жооп берген жок. Ал Мирлан Самыйкожонун жана башка депутаттардын суроолорун жазып отурду.

Президенттик администрациядан жана Министрлер кабинетинен депутаттардын сын-пикирине байланыштуу комментарий алуу азырынча мүмкүн болгон жок.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайыр Орунбеков менен президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Азаттыктын” кайрылуусуна жооп бере элек.

Президенттин жарлыгы

Президент Садыр Жапаров административдик-аймактык реформага байланыштуу билдирүүлөрүн 2020-2021-жылдары бийликке келген учурда эле айтып чыккан. 2021-жылдын 21-октябрында кабыл алган “Кыргызстанды 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасында” бул боюнча алгачкы пландарын жарыялаган.

2022-жылдын 18-октябрында “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” жарлык чыгарган. Мунун алкагында пилоттук долбоор катары Ысык-Көл облусунун Түп районундагы айыл аймактар ирилештирилмек болгон. Бул жөнүндө президент былтыр 25-ноябрда Элдик курултайда буларды айткан:

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Учурда административдик-аймактык реформа жүргүзүүгө даярдыктар башталып, алгач эксперимент-пилоттук аймак катары Ысык-Көл облусунун Түп районун тандап алдык. Бул реформанын алкагында Түп районундагы 13 айыл аймагынын базасында ирилешкен 5 айыл аймагы түзүлмөкчү. Түп районунда жүргүзүлгөн реформанын жыйынтыгы ар тараптан изилденип чыккандан кийин натыйжасы эске алынып, келечекте толук кандуу административдик-аймактык реформа бүткүл республика боюнча ишке ашырылат”, – деген Садыр Жапаров.

Аталган райондогу аракеттер жарым жылдан бери уланып жатканы менен анын жыйынтыгы кененирээк жарыялана элек болчу. Мунун фонунда президент реформаны Нарын облусунда баштоо боюнча жарлыкка кол койду.

Ирилешүү жана жүйөлөр

“Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” 5-апрелдеги жарлыкка ылайык, аталган дубандагы 60тай айыл аймак 27 айыл аймакка бириктирилип жатат. Мунун ичинде көбүнчө экиден-үчтөн округдар ирилештирилсе, 4-5 бирдик кошулган учурлары да бар. Айрым айыл аймактар өзүнчө калса, кээ бир түзүмдөрдөгү айылдар эки айыл аймакка бөлүштүрүлүп берилген.

Маселен, Ак-Талаа районунда бир катар айыл аймактар бириктирилип, Ала-Бука, Кара-Бүргөн, Баетов, Тоголок-Молдо айыл аймактары түзүлөт. Ат-Башы районунда да түзүмдөр ирилештирилип, Ат-Башы, Казыбек, Ак-Моюн, Баш-Кайыңды, Кара-Суу айыл аймактары уюшулат.

Жумгал районунда Кызарт, Жумгал, Түгөл-Сай, Чаек, Миң-Куш айыл аймактары калса, Кочкор районунда беш айыл аймак биригип, Кочкор айыл аймагы болот. Андан тышкары Кум-Дөбө, Чолпон, Мантыш айыл аймактары калат.

Нарын району боюнча ирилештирүүдө Дөбөлү, Миң-Булак, Жерге-Тал, Жан-Булак, Учкун, Эмгек-Талаа, Чет-Нура айыл аймактары уюшулат.

Бул өзгөртүүлөр боюнча министрлик, облустук, райондук жана айыл аймак жетекчилеринин деңгээлинде аймактарда бир катар жолугушуулар, жыйындар өткөн. Анда тургундар түрдүүчө ой-пикирлерин айтып, айрымдары кескин каршылыктарын да билдиришкен.

Маселен, Ат-Башы районунун Казыбек айылынын тургундары Кызыл-Туу айылын жаңы уюшулуп жаткан айыл аймактын административдик борбору кылып уюштурууга каршы чыгып жатышат экен. Алардын президентке, парламентке жана Жогорку Кеңешке жолдогон видео кайрылуусу интернетке тарады.

Видеодо Казыбек айылынын тургуну Дүйшөбек Абдразаков буларды айткан:

“Бул 2009-жылы башталган маселе болчу, ал 2012-жылга чейин улантылып келип, “болбойт экен, токтото туралы” деп кайра токтотуп турушкан. Азыр бириктирүү маселеси кайрадан козголуп жатат экен. Биз мурда деле Казыбек айылын айыл округдун борбору болсун деп сунуштаганбыз. Жакын арадан бери Кызыл-Туу айылы борбор болсун деген сунушту райондук администрация облуска кетирип, облус өкмөттүн аппаратына жеткириптир. Калктын саны бизде 4600 болсо, Кызыл-Тууда 2900 болуп жатат. Калк ал жакта азыраак. Жаңы үч айыл биягынан бизге жакын, тиягынан убара болуп калышат. Автобус, күндүзгү маршруттук каттамдар бизге келип токтоп, бизден башталат. Ушул жана башка нерселерди негиздеп, акимге, губернаторго чейин барып келдик. “Кечигип калдыңар” деп жатышат, бирок маселе азырынча чечиле элек”.

Буга чейин Түп районундагы айыл аймактарды ирилештирүү учурунда да талаш-тартыштар болгон. Ал тургай былтыр сентябрь айында президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Алтынбек Сулайманов кызматынан өз эрки менен кеткен жана муну жергиликтүү башкаруу системасы реформа болмоюнча өнүгүү жоктугуна көзү жеткени, мындан улам убакытты текке кетирбөөнү чечкени менен негиздеген.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Сулаймановдун дооматына "Аймактык реформа бир заматта эле боло калбайт. Бир жылдан бери долбоору даярдалып жатат. Адистерден турган топ иштеп жатат. Көз ачып жумганча эле жасай салгыдай, бул оюнчук иш эмес" деп жооп кайтарган.

Экономика жана коммерция министрлигинин Аймактарды өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы Искендер Маматов мурдараак “Азаттыкка” берген маегинде, реформаны ишке ашыруу маалында нааразылыктар бар экенин моюнга алган:

“Азыр биз изденүүнүн, анализдөөнүн аракетиндебиз. Бул административдик-аймактык реформанын кезектеги гана жүрүшү. Мурдагы аракеттер маалында “облустарды жоёлу”, “райондорду кыскарталы”, “округдарды уюштуралы” деген сыяктуу маселелер коюлуп келген. Биз эксперттердин деңгээлинде ар кандай варианттарды дале карап жатабыз. Ага пикирлер түрдүүчө. Жадагалса кээ бир жерлерде айыл-аймактарды бириктиргенге, райондорду башка район менен кошууга каршы болуп жатышат. Буга чейин жети облус болуп, калыптанып калганы үчүн аны азайталы деген пикирлерге да терс пикирлер бар. Бирок биз ушунун баарын талдап жатабыз. Бардыгы келип-келип, президент Садыр Нургожоевич Жапаровдун учуруна туш келип жатат. Бул деген өтө чоң жоопкерчилик, жарлыкты чыгарганынын өзү чоң чечкиндүүлүк”.

Учурда Кыргызстанда муниципалдык деңгээлдеги 1981 айылды бириктирген 32 шаардык жана 452 айылдык административдик-аймактык бирдик бар. Аларды ирилештирүү боюнча дээрлик ар бир президенттин учурунда сөз болуп келген, бирок толук жыйынтык чыккан эмес. Аны ишке ашыруунун кечеңдешине чоң чыгымдар себеп экени айтылган. Ошол эле маалда адистер саясий эрктин жоктугун да мисал келтиришчү.

Мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Мелис Төлөгөнов азыркы аткарылып жаткан иштерди мындайча баалады:

“Менимче пилоттук долбоор катары биринчи Чүй облусунан башташса болмок. Себеби, бул жакта айылдар өтө жыш жайгашкан. Ал эми Нарында айылдар бири-биринен алыс турат да, ошого балким ар кандай түшүнбөстүктөр болушу ыктымал. Мен билгенден бул реформаны үчүнчү жолу жарыялап жатышат, мурдагылары токтом боюнча калып кеткен. Анан азыр ишке ашырабыз деп жатканын мен толук колдойм. 450дөй айыл өкмөттү кеминде 300-350гө чейин кыскартса болот. Анткени, кээ бир жерлерде бир айылдан турган карлик айыл өкмөттөр бар. Ошолорду жанында турган айыл өкмөттөргө кошуш керек. Бул каражаттарды үнөмдөйт. Бирок негизи мамлекеттин аймагын өзгөртүү, аймактардын чек араларын өзгөртүүнүн баары Жогорку Кеңештен өтүш керек. Министрлер кабинети кайсы айыл өкмөттөр ирилешерин чечип, чек араларын чийип, токтом долбоорун киргизсе туура болмок. Парламент аны бекитип бериш керек болчу. Анан баарын эле президенттин жарлыгы менен чыгара берген туура эмес. Анда бүт баарын президент жасай берсин. Ушуну президентке айтып-деп, түшүндүргөн киши болбой жатпайбы. Мындай чала иштер көп болуп жатат”.

Бешинчи президент Сооронбай Жээнбеков да кезинде административдик-аймактык реформага байланыштуу атайын жарлык чыгарып, 2020-жылкы парламенттик шайлоодон кийин конкреттүү иштер башталарын жарыялаган. Бирок саясий жарыштын соңундагы нааразылыктардан кийин өзү да бийликтен кеткен.

Алтынчы президент Садыр Жапаровдун тушунда башталган реформа анын мөөнөтү аяктагыча толук ишке ашабы-жокпу белгисиз.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG