Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:46

Улуттук тогуз долбоор ишке ашабы?


Кыргызстандын ар кайсы багыттардагы улуттук долбоорлорунун иллюстрациясы.
Кыргызстандын ар кайсы багыттардагы улуттук долбоорлорунун иллюстрациясы.

Кыргызстандын бийлиги өлкөдөгү эң чоң алтын кени – Кумтөрдү дээрлик 25 жылдан кийин гана өз колуна алды. Өкмөт мындан ары ири кендерди өзү иштетүүнү мерчемдеп жатат. Кыргызстанда тоо-кенден башка тармактарда, энергетикада, транспорттук-логистикада, транзиттик кызмат көрсөтүүдө даяр долбоорлору бар. Анын ичинде эл аралык темир жол, газ куурлары, электр линиялары, гидроэлектрстанциялар жана башка курулуштар пландалган.

“Элдик экономика” түрмөгүндө бул жолу Кыргызстандын экономикасын өргө тартчу улуттук долбоорлор жөнүндө баяндайбыз.

Долбоорлордун көбү кагазда калды

Саясат таануу илимдеринин талдоосу менен карасак, “улуттук долбоор” деген термин “мамлекетти социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө артыкчылык берилген тармактарды жаңы деңгээлге чыгаруучу инструмент” деп түшүндүрүлөт. Жөнөкөй сөз менен айтканда, бул –масштабдуу, кирешелүү, узак мөөнөттүү, стратегиялык мааниси бар программалар, иш-чаралар же курулуштар.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери экономикасында секириктерди жасоо үчүн ири долбоорлорду пландап келгени белгилүү. Бирок анын айрымдарын гана өз алдынча баштабаса, кээлерин чет элдик компанияларга кармата салып, кирешелерден кол жууган жайы бар. Ошентсе да көп долбоорлор дале кагазда жазылган бойдон калып келет.

Президенттер Аскар Акаевдин, Курманбек Бакиевдин тушундагы ири иштер жөнүндө жалпы маалымат болгону менен улуттук долбоорлордун пландалган жана аткарылган санын тактоо кыйынга турду. Роза Отунбаеванын кыска президенттик мөөнөтү учурундагы статистиканы да таба алган жокпуз.

Алмазбек Атамбаев президент катары 2013-жылы кабыл алган “Кыргызстанды 2013-2017-жылдардын мезгилине туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында” 77 улуттук долбоор жазылган эле. Аткаруу 11,6 млрд. долларды түзөт деп бааланган. Экономика министрлигинин бул мөөнөт бүткөндөн кийинки билдирүүсүндө тизмедегилердин ичинде 22 долбоор (1,3 млрд. долларлык) аткарылганын кабарлаган. Алардын ичинде “Датка-Кемин” электр линиясы менен “Датка” көмөк-чордону бар.

2018-жылы президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон “2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында” майда жана ири долбоорлор аралаш көрсөтүлгөн. Саясий-укуктук изилдөөлөр борборунун (ЦППИ) эсебинде, бул программада 20 млрд. долларлык 249 долбоор сунушталган. Жээнбековдун үч жылдык мөөнөтүндө мунун канчасы ишке ашканы белгисиз.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 14-октябрында кол койгон “Кыргызстанды 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасында” долбоорлор тармактарына жараша жалпылаштырылып келтирилген. Ал эми аткарылуучу иш-чаралар куду ушул программаны ишке ашыруу боюнча Министрлер кабинетинин быйыл 25-январда жарыяланган Иш-чаралар планында белгиленген.

Эгер аталган планды карасак, анда жалпы 853 иш-чара камтылган. Анын ичинде административдик-аймактык реформа, соттук-укуктук реформа, элет жергесин өнүктүрүү, бизнести колдоо, калкты социалдык жактан өнүктүрүү, айыл чарбасын колдоо, маданиятка көмөк көрсөтүү сыяктуу түрдүү багытта аткарыла турган иштер бар.

Президенттик администрациянын адистеринин билдиришинче, пландардын ичинде экономика боюнча 358 чара каралган. Мунун кайсы бир бөлүгү конкреттүү объектилерди реконструкциялоо, куруу жана жаңыдан ачуу жөнүндө.

Биз так ушул программада жазылган, бийлик буга чейин жарыялап келген же аткарылып баштаган тогуз багыт боюнча ири долбоорлорду тандап алып, талдоого аракет жасадык. Алар төмөнкүлөр:

  1. Камбар-Ата-1 ГЭСи
  2. Жогорку Нарын ГЭСтер каскады
  3. Башка ГЭСтер каскады
  4. CASA-1000 долбоору
  5. Түндүк-түштүк альтернативдик жолу
  6. Аксу (КЭР) — Барскоон — Балыкчы жолу
  7. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу
  8. Кыргызстан-Кытай газ кууру
  9. Жетим-Тоо кени

Бул долбоорлордун көпчүлүгү Кыргызстан эгемендик алганга чейин, же эгемендик алгандан кийин пландалган долбоорлор. Айрымдарында изилдөөлөр, кээлеринде иш аракеттер башталса, бир нечесинде таптакыр иш жылган эмес. Ошол эле маалда аталган топтогулардын анча-мынчасын азыркы бийлик планга жаңыдан кошкон.

“Камбар-Ата-1” ГЭСи

Кыргызстандын азыркы мүмкүнчүлүгүнөн алганда келечектин эң эбегейсиз долбоору катары Камбар-Ата-1 ГЭСин атаса болот. Аны ишке ашыруу өлкө эгемендик алгандан бери айтылып жатканы менен иш баштоо кыйын болду. Анткени объектини куруунун акысы кымбат.

Камбар-Ата-1 СССРдин “Гидропроект” институтунда 1980-жылы долбоорлонгон “Камбар-Ата” гидроэнергетикалык комплексинин бир бөлүгү болуп саналат. 1982-жылы техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгып, 1988-жылы башкы документациясы бекитилген.

Комплексте 1900 мегаватт кубаттуулуктагы Камбар-Ата-1, 360 мегаватт кубаттуулуктагы Камбар-Ата-2 жана 170 мегаватт кубаттуулуктагы Камбар-Ата-3 ГЭСтери бар эле.

Мунун биринчи-экинчиси алгач Нарын дарыясынын эки тарабын жардыруу аркылуу куруу пландалган. Экөөнүн курулуш иштери 1986-жылы башталып, союз тараган учурда басаңдап калган. 1993-жылы таптакыр токтогон. Жумуштар 2003-жылы кайра жанданып, 2010-жылы Камбар-Ата-2 ГЭСинин бир агрегаты ишке берилген.

Кыргызстандагы бар ГЭСтердин жана Камбар-Ата-1 ГЭСинин картасы.
Кыргызстандагы бар ГЭСтердин жана Камбар-Ата-1 ГЭСинин картасы.

2012-жылы Кыргызстан менен Орусия Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын каскадындагы төрт ГЭСти куруу тууралуу макулдашкан. Ага ылайык, долбоорду орусиялык “Интер РАО” компаниясы ишке ашырмак. Бирок ал ишкана таптакыр иш баштабай койгондуктан, 2016-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган.

Расмий Бишкек 2020-жылы Камбар-Ата-1 ГЭСин өзү курарын жарыялаган. Кезинде адистер мындан күмөн санап чыгышкан. Кийин кытайлык компаниялар менен сүйлөшүү жүрүп жатканы айтылып, президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткенден кийин иштин дайыны чыкпай калган.

Азыркы президент Садыр Жапаров 2021-жылдын март айында Ташкентке барып, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев экөө аталган долбоорду чогуу ишке ашырууну макулдашкан. Кийин энергетика министри Кубанычбек Турдубаев ГЭСти курууга Өзбекстандан сырткары Казакстан менен Орусия дагы кошулганы жатканын айткан эле. Андан кийин министр болгон Доскул Бекмурзаев бул боюнча сүйлөшүүлөр андан ары жылбай калганын мойнуна алган.

Ошондон кийин бийлик Камбар-Ата-1 ГЭСин өзү куруу аракеттерин баштады. Президенттик администрациянын быйыл 28-марттагы кеңешмесинде администрация башчысы, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "жакынкы арада Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу башталарын, каржы ресурстары чечилгенин” айткан. Анын айтымында, Финансы министрлиги жакында курулуштун биринчи баскычы үчүн 498 млн. АКШ долларын бөлөт.

Долбоордун соңку техникалык-экономикалык негиздемеси Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу укугу орусиялык компанияда турган учурда канадалык “СНС – Лавалин Интернэшнл Инк.” корпорациясы менен орусиялык “Южный инженерный центр энергетики” деп аталган компаниянын консорциуму тарабынан иштелип чыкканы белгилүү.

Ага ылайык, ГЭСти курууга эң аз дегенде 2 млрд. 900 млн. доллар жумшалат. Бирок чыгым 3-4 млрд. долларга да жетиши мүмкүн. Балким бардык агрегаттарды ишке киргизүү үчүн андан да чоң сумма керек.

Жаңы негиздемеде агрегаттардын саны мурдагы долбоордогудай эле төртөө деп каралган, алардын кубаттуулугу 1864 мегаватт деп мерчемделген. Бул Кыргызстандын азыркы эң ири – Токтогул ГЭСине караганда да көп, анын кубаттуулугу 1200 эле мегаватт.

Бирок Токтогул ГЭСи 19 млрд. кубга чейин суу чогулта алса, Камбар-Ата-1 ГЭСине 5-6 миллиарддан 10 млрд. кубга чейин эле суу топтолот. Токтогул ГЭСи жылына орточо 5-6 млрд. киловатт саат электр энергиясын өндүрсө, Камбар-Ата-1 бир баштаганда эле ушул көлөмдү бере алат.

Энергетика боюнча адис Мырзатай Султаналиев муну комментарийлеп жатып, эгер Камбар-Ата-1 толук кандуу ишке кирсе 8 млрд. киловатт саатка чейин энергия чыгара аларын айткан эле. Азыр Кыргызстан 14-15 млрд. киловатт саат электр энергиясын өндүрсө, аталган жаңы ГЭС ишке кирсе анда жалпы өндүрүш 20-22 млрд. киловатт саатка жетип калат.

Президент Садыр Жапаров былтыр жасаган билдирүүсүндө Камбар-Ата-1 үч жылдын ичинде куруларын айткан. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл марттагы билдирүүсүндө курулуштун мөөнөтү 5 жылга чейин созулушу мүмкүндүгүн билдирген. Бирок адистер мынча чоң ГЭСти куруу, өзгөчө Кыргызстандын өз күчү менен курушу 10 жылга чейин созуларын эскертип келишет.

Президенттик администрациянын реформаларды талдоо жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Темиркулов Министрлер кабинетинин планына ылайык, бул долбоор 2022-жылдын аягында башталып, 2026-жылдын аягында бүтөт. Ушул эле планда каражаттын булагы жеке инвестициялар деп көрсөтүлгөн.

Жогорку Нарын ГЭСтер каскады

Эми үстүдө учкай сөз болгон Жогорку Нарын ГЭСтер каскадына келели.

Бул дагы СССРдин “Гидропроект” институтунда 1960-жылдары долбоорлонгон. Нарын дарыясынын Нарын шаарынын өйдөңкү жагына туш келген жердеги алгачкы изилдөөлөрдө эки станция куруу мүмкүнчүлүгү аныкталган. Ушул эле институт Кыргыз ССРнин Энергетика министрлигинин 1990-жылкы буйрутмасы менен жасаган изилдөөсүндө бул тилкеге алты ГЭС курса болорун тактаган. Алар Жаңы-Көл (100 МВт), Өрүктам (60 МВт), Акбулуң (67 МВт), Нарын-1, Нарын-2 жана Нарын-3 (ар бири 40 МВт) станциялары.

Кийин Кыргызстан менен Орусия СССРден чыккандан кийин, 2009-жылы Москвадагы “Гидропроект” ассоциациясы жүргүзгөн изилдөөдө каскадда 4 эле станцияны куруу максаттуу экени айтылып, алардын кубаттуулугу 191 мегаватт, куруу баасы 410 млн. доллар деп эсептелген. 2012-жылы “Ленгидропроект” институту долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу учурунда 4 станциянын кубаттуулугу 237,7 мегаваттка чейин өскөн.

Орусиялык “Интер РАО” компаниясы Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча келишим түзгөн кезде, Кыргызстан башка бир орусиялык компания “Русгидро” менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскады боюнча макулдашуу кабыл алган. Бул компания каскаддагы Ак-Булуң, Нарын-1, Нарын-2 жана Нарын-3 ГЭСтерин башында 400 млн. долларга курарын билдирген. Кийинчерээк баалар көтөрүлдү, айрым бир техникалык жагдайлар кошулду, өндүрүлө турган электр энергиясы көбөйдү деген жүйө менен баасы 700 млн. доллардан ашып кеткен.

Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын картасы. “Интер РАО” курат деп пландалган жылдар.
Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын картасы. “Интер РАО” курат деп пландалган жылдар.

Ал эми курулуш иштери 2018-жылы бүтөрү айтылган. Соңунда бул компания дагы инвестицияны толук тарта албай коюп, кыргыз тарап 2016-жылы алар менен да келишимди бир тараптуу үзгөн. “Русгидро” курулушка 37 миллион доллар сарптаганын билдирип, аны төлөп берүүнү талап кылып келе жатат. Ал эми кыргыз тарап бул суммадан күмөн санап, эл аралык аудит өткөрүү керектигин билдирген. Тараптардын эл аралык сотко чейин жеткен талашына азырга чейин чекит коюла элек.

Ортодо каскадды курууга Кытайдын, Индиянын, Орусиянын, Франциянын, Ирандын, Казакстандын жана араб өлкөлөрүнүн компаниялары кызыгып жатканы айтылып келген. 2017-жылы чехиялык Liglass Trading CZ компаниясы менен макулдашуу түзүлүп, алар да келишимдин шарттарын аткара албай, долбоор ишке ашпай калган.

Азыркы президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 9-ноябрында Нарын облусундагы жумушчу сапарынын алкагында Жогорку Нарын ГЭСтер каскадына барган. Андан кийин эл менен жолугушууда объект жакын арада курула баштай турганын жарыялаган. Бирок аны инвестор курабы же мамлекеттин эсебинен ишке ашабы, ачык айткан эмес. Жогоруда белгиленген программада мунун курулушу 2022-жылы башталары айтылган.

Мурдараак берген интервьюларында энергетика тармагы боюнча эксперт Райымбек Мамыров Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын “Кыргызстан өзү курат деген сөз акылга сыйбай турганын” айткан эле. Ал буга инвестор гана кызыкпаса, жакын арада куруу кыйындыгын белгилеген. Ал инвестор качан келери белгисиз.

Кыргызстанда экинчи чоңдуктагы Күрп-Сай ГЭСинин кубаттуулугу 800 мегаватт болсо, үчүнчү чоңдуктагы Таш-Көмүр ГЭСинин кубаттуулугу 450 мегаватт деп эсептелет. Эгер Жогорку Нарын каскадындагы төрт ГЭС курулуп калса, жалпы 237,7 мегаватт кубаттуулугу менен ушулардан кийинки эле орунда турмак.

Натыйжада бул төртөө биригип жылына орто эсеп менен 1 млрд. кВт саатка жакын электр энергиясын өндүрмөк. Кыргызстандын жай айларындагы бир айлык керектөөсү ушул сумма менен барабар.

ГЭСтер каскады

Президент Садыр Жапаровдун “Кыргызстанды 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасында” жана аны аткаруу боюнча Министрлер кабинетинин Иш-чаралар планында жогоруда аталган энергетикалык долбоорлордон сырткары дагы беш ГЭСтер каскадын куруу максаты коюлган. Алардын ар бирин өзүнчө долбоор катары карасак деле болмок, бирок буга чейин коомчулукка кеңири белгилүү болбогону үчүн баарын чогуу талдоону туура көрдүк.

Биринчиси, Суусамыр-Көкөмерен ГЭСтер каскады. Нарын дарыясына куйган Көкөмерен суусуна курулчу каскадда жалпы үч станция болот. Алар Каракол, Көкөмерен-1, Көкөмерен-2. Жалпы каскаддын кубаттуулугу 1305 мегаватты түзөт. Инвестор тартылары айтылган, долбоордун баасы көрсөтүлгөн эмес.

Экинчиси, Казарман ГЭСтер каскады. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылындагы долбоордо төрт станция каралган. Алар Алабугу, Карабулуң-1, Карабулуң-2, Тогуз-Торо ГЭСтери. Төртөөнүн кубаттуулугу 1160 мегаватт болот. Муну да жеке ишкерлер курат.

Үчүнчүсү, Сары-Жаз ГЭСтер каскады. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы ушундай аталыштагы дарыяга курулчу долбоордо беш станция мерчемделген. Жалпы кубаттуулугу 1100 мегаватты түзөт. Атайын программада бул долбоорго да инвестор тартылары белгиленген.

Төртүнчүсү, Чаткал ГЭСтер каскады. Курулуштун орду Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна туура келет. Ачык булактарда бул жөнүндө маалымат аз. Эгер расмий пландагы маалыматтарга таянсак, Баркраус жана Төмөнкү Чаткал деп аталган эки станциядан турат. Бириккендеги кубаттуулугу 1800 мегаватт деп каралган. Жеке инвестор тартылат.

Бешинчиси, Ала-Бука ГЭСтер каскады. Жалал-Абаддын кеп болгон аталыштагы районунда курулчу объектте Арпан-1, Арпан-2, Макмал жана Саз деп аталган төрт станциясы болот. Суммалык кубаттуулугу 414 мегаваттка жетет. Буга да инвестиция алып келиш керек.

Садыр Жапаров ГЭСтер каскадынын долбоорлору менен таанышуу учуру.
Садыр Жапаров ГЭСтер каскадынын долбоорлору менен таанышуу учуру.

Министрлер кабинетинин планында жазылгандай, бул каскаддар боюнча курулуш иштери 2022-жылдын аягына чейин башталат. Көбү 2026-жылга чейин бүтүшү керек.

Ошол эле программада жана планда мындан башка дагы ондогон ГЭСтер жөнүндө долбоорлор каралган. Бирок биз алардын кубаттуулугу аз болгону үчүн өз-өзүнчө талдаган жокпуз. Ал эми каскаддардын бириккен кубаттуулугу чоң экенин жана экономикага олуттуу таасир тийгизерин эске алып жатабыз.

Бул жагдайды түшүнүү үчүн кайрадан эле кыргыз энергетикасынын түркүгү Токтогул ГЭСин алалы. Анын төрт агрегатынын кубаттуулугу 1200 мегаватт экенин жаздык. Албетте, азыркы учурда мунун бардыгы туруктуу иштеп жаткан жок, бирок баары бир ал жылына 5-6 млрд. киловатт саат электр энергиясын өндүрөрүн кеп кылдык.

Жогорудагы каскаддардын кубаттуулугу бирөө гана аз болбосо, көбүнүкү куду ушул Токтогул ГЭСи менен тең, болбосо андан чоң экенин көрүп жатабыз. Бул деген сөз алар ар бири жылына 2-3 млрд. киловатт сааттан 5-6 млрд. киловатт саатка чейин электр энергиясын өндүрөт дегенди түшүндүрөт.

Демек, эгер алардын баары ишке кирсе Кыргызстан жылына 30-40 млрд. киловатт саатка чейин электр тогун чыгара баштайт. Өзү анын жарымын колдонсо, калганын сыртка экспорттошу мүмкүн.

Энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков бул жагдайга мынчалык оптимисттик көз менен карабайт. Ал бул көлөмдү өндүрүүгө жетүү үчүн көп убакыт бар экенин белгилейт. Анткени, долбоорлорго инвестор тартуу кыйынга турат экен. Өз эсебинде эксперт каскаддарды куруу кеминде 1-2 млрд. долларды түзөрүн, аны салууга таза кызыкдар компания табуу убакытты талап кыларын кошумчалайт.

Маалым болгондой, аталган беш долбоордун айрымдарына Акаевдин, Бакиевдин, кийин Атамбаевдин тушунда да инвесторлор кызыгып келгени белгилүү. Анын ичинде, орусиялык, кытайлык, франциялык жана башка жактык компаниялар сунуштарын беришкен. Бирок ушу кезге чейин иштер башталган эмес.

Мында биринчи кезекте чет элдик инвесторлорго жасалган тоскоолдуктар себеп болуп келген, экинчиден аларды Кыргызстандын тарифтик саясаты канааттандырган эмес. Эл аралык бизнестеги оюнчулар электр энергиясына коюлган баалар арзан экенин, ал нарк менен жергиликтүү жана чет элдик рынокко сатууда көп киреше таба албай турганын билдирип, инвестиция салуудан баш тартышат.

Энергетик Эрнест Карыбеков мындан башка жагдай катары аталган каскаддык гидростанциялар негизинен жайда гана электр энергиясын көбүрөөк өндүрөрүн, кышкысын, энергия көп талап кылган маалда жетиштүү көлөм бере албай каларын кошумчалайт. Ал ошол себептүү Кара-Кечеде же башка жактарда жылуулук электр борборлорун курууну сунуштайт. Мындай ой мурдагы бийликтерде бар болчу, жаңы программаларда байкалбайт.

CASA-1000 долбоору

Электр энергиясын өндүрүш жана экспорт демекчи, бул тармактагы CASA-1000 долбоору куду ушул максатты көздөйт. Тагыраагы ал, Кыргызстан менен Тажикстандан жай мезгилинде Ооганстанга жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоого шарт түзөт.

CASA-1000 долбооруна байланыштуу демилгелер 2000-жылдардын башында башталган. Алгачкы сүйлөшүүлөр 2007-жылы Кабулда өткөн. Анда жогоруда аталган өлкөлөрдүн аткаминерлери Борбордук жана Түштүк Азия регионалдык электр энергия рыногун өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумуна кол коюшкан. 2008-жылы төрт мамлекеттин биринчи өкмөттөр аралык кеңеши Исламабадда өтүп, анда бир катар негизги чечимдер кабыл алынган. Анын ичинде тараптар долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыккан. Документти иштеп чыгуу 2011-жылга чейин созулган.

Андан кийин өлкөлөр долбоордун алкагында башкы келишимдерди түзүп, тарифтерин бекитип, убакыт созушту. Курулуштарга байланыштуу тендерлер өтүп, аткаруучу компанияларды тандоо кечикти.

2016-жылы президент Алмазбек Атамбаев CASA-1000 долбоорун аткаруу камтылган мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, курулушту ишке ашыруу үчүн Кыргызстан Эл аралык өнүгүү бирлигинен 38,25 миллион доллар, Европа инвестициялык банкынан 70 миллион евро жана Ислам өнүктүрүү банкынан 50 миллион доллар насыя алмак.

Ошол учурда кыргыз өкмөтү долбоорго республикалык бюджеттен кошумча каражат каралбай турганын, эл аралык каржы уюмдарынан алынган 233 миллион доллар гана жумшаларын билдирген. Долбоордун жалпы наркы 1,17 млрд долларга бааланган.

Долбоордун алкагында Кыргызстандын ичинде электр тармактар комплекси модернизацияланып, жаңы көмөкчордондор жана жалпы узундугу 450 чакырымды түзгөн жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясын курулат. Ал Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустары аркылуу Тажикстандын чубалгыларына барып туташат, Тажикстандын линиясы андан ары Ооганстанга жана Пакистанга кетет.

«CASA-1000» долбоору тууралуу маалымат жана анын картасы.
«CASA-1000» долбоору тууралуу маалымат жана анын картасы.

Тажикстан долбоордун алкагында өз аймагында курулчу линияларды 2016-жылы салып баштаган. Кыргызстандагы линиялардын курулушу 2021-жылдын апрелинде жанданды. Анын ачылышына президент Садыр Жапаров катышып, бул долбоор Кыргызстандын электр кубатын экспорттоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатат деген ишенимин билдирген. Курулушту түркиялык MİTAŞ компаниясы куруп жатат.

Расмий маалыматтарга ылайык, долбоор ишке киргенден кийин Кыргызстан май айынан сентябрь айына чейин Ооганстанга жана Пакистанга 500 миллиондон 1,5 млрд. киловатт саат электр энергиясын экспорттоп турушу керек болот. Бишкек мындан жылына 80 миллион доллардай киреше табат деп маалымдалган.

Албетте, экспорт курулуш иштери толук аяктагандан кийин башталат. Ага чейин кеминде дагы эки-үч жыл, болбосо үч-төрт жыл бар. Бирок азыркы шарттан караганда электр энергиясы Кыргызстандын өзүндө тартыш болуп жатат. Дефицит керек болсо 3 млрд. киловатт сааттан 6 млрд. киловатт саатка чейинки көлөмдө. Киреше деген жакшы, бирок келечекте өз генерацияларын көбөйтө албаса, анда кеп болуп жаткан долбоордон өлкө пайда табышы күмөн.

Энергетика боюнча талдоочу Эрнест Карыбеков CASA-1000 долбооруна башында каршы чыкканын билдирүүдө. Анткени Ооганстан менен Пакистанды электр менен камсыздайм деп жатып Кыргызстан суу тартыштыгын жаратып, анын натыйжасында Казакстан жана Өзбекстан менен чатакташып калышы мүмкүн деп ойлогон.

Бирок Карыбеков азыр оюн аз-маз өзгөртүп, Кыргызстан жылуулук электр борборлорун көбөйтүп, кышында өзү ошонун эсебинен чыкса болорун, ал эми жайда Токтогул ГЭСиндеги суунун эсебинен Кабулга жана Исламабадга ток экспорттогонго мүмкүнчүлүк бар экенин белгилейт. Ал ошол эле кезде сууну товар катары карап, аны да сатууну сунуштайт.

Эксперт эгер CASA-1000 линиясынын алкагында электрди экспорттоо үчүн Кыргызстан көлөмдү сөзсүз көбөйтүшү керектигин, антпесе кайра утуларын эскертет. Себеби, насыя алынып долбоор курулду, сатканга энергия жок, бирок карызды төлөй бергенге туура келет.

“Түндүк-түштүк” альтернативдик жолу

СССР учурунда курулган Бишкек-Ош жолун Кыргызстан эгемендик алгандан кийин улам карыз алып жатып бир сыйра оңдоодон өткөрдү. Бирок андагы оор рельефтик шарттар айрым учурларда каттоону баары бир татаалдатып турат.

Анын үстүнө Кыргызстандын Фергана тоо кыркасы бөлүп турган эки аймагы бир эле жол менен туташканы мамлекеттин коопсуздугуна да коркунуч жаратчу. Ошол себептүү кыргыз бийлигинде баштан эле буга альтернативдик жол куруу мүдөөсү сакталып келчү.

Натыйжада демилгени баштоо азыр камакта жаткан Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтүнө туш келди. Азыркы Бишкек-Ош жолу Чүй облусунун Кара-Балта шаары жана Суусамыр өрөөнү аркылуу Жалал-Абад облусуна чыкса, ага альтернатива болуп жаткан жол Ысык-Көл облусунан Нарынга кеткен жол аркылуу кайра эле Жалал-Абадга кире турган болот.

Ошентип, бейрасмий тилде “Түндүк-түштүк альтернативдик жолу” деп аталып жаткан объектинин курулушу 2014-жылы башталган. Ал үч фазага бөлүнүп курулуп жатат жана алардын каржылоосу өз-өзүнчө. Жолдун жалпы узундугу башында жалпы 433 чакырымды түзөрү айтылган, жаңы эсептөөлөрдө ал дагы узарды. Анын 200 чакырымга жакыны жол такыр түшө элек тилкелерден өтөт. Бул Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон берки эң ири долбоорлордун бири катары айтылып жүрөт.

Азыркы Бишкек-Ош жолу менен Түндүк-түштүк альтернативдик жолунун Жалал-Абадга чейинки аралыктарын салыштыруу.
Азыркы Бишкек-Ош жолу менен Түндүк-түштүк альтернативдик жолунун Жалал-Абадга чейинки аралыктарын салыштыруу.

Биринчи фаза колдонууга 2018-жылы берилиш керек болчу. Бирок Кыргызстандагы эң узун 3,8 чакырымдык туннелди казуу иштери татаал болгондуктан 2018-жылы 30 айга, 2021-жылы 18 айга узартылды. Бул фаза быйыл курулуп бүтөт деп күтүлүүдө.

Жолдун эң татаал делген экинчи фазасы былтыр ноябрь айында ишке берилди. Бул тилкеде эки эстакадалык көпүрө курулуп, алардын биринин узундугу 1076 метр болсо, экинчиси 396 метрди түзөт.

Ал эми жыйынтыктоочу бөлүгү, үчүнчү фаза 2023-жылы ишке берилет деп пландалууда. Бирок адистер ал 2024-жылдарга чейин созулушу мүмкүн экенин эскертишет.

Долбоордун баасы башында 850 миллион доллар болчу. Кийин баш-аягы 937 миллион 500 миң доллар деп эсептелген. Анын ичинен 857 миллион 400 миң доллары насыя, 46 миллион 200 миң доллары грант. Бул каражат Кытайдын Эксимбанкы, Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банкы жана Сауд өнүктүрүү банктарынан алынган.

Кыргыз өкмөтү ага 33 миллион 700 миң доллар кошкон. Мурдараак бул маселени иликтөөгө алган депутаттык комиссиянын мүчөлөрү жолду куруу салыштырмалуу кымбат экенин, иш шашылыш башталып, көп чыгым кеткенин айтышкан.

Транспорт министрлигинин мониторинг боюнча адиси Тагай Алимбаевдин кабарлашынча, жолдун ар кайсы бөлүктөрүн учурда Кытайдын China Road & Bridge Corporation корпорациясы, China Railway-5 жана Sinohydro Corporation LTD компаниялары куруп жатат. Мурдараак курулушка аралашкан италиялык Todini Costruzioni Generali Company ишканасы коррупциялык иш аракеттерге байланыштуу долбоордон чыгып кеткен.

Түндүк-түштүк альтернативдик жолу азыркы Бишкек-Ош жолуна караганда жолду азыраак кыскартып жатат. Бирок өткөрүү мүмкүнчүлүгү куду ошол сыяктуу эле, суткасына 5-6 миң автоунааны өткөрүүгө жөндөмдүү болот.

Мунун өзү өлкөнүн эки аймагындагы каттамды жандантып, экономиканын өнүгүшүнө, анын ичинде товар ташууга жана ички туризмге чоң түрткү берерин адистер белгилеп жүрүшөт. Жолдун экинчи фазасынын ачылышына катышып жатып Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандагы жүктөрдүн 95% автожол аркылуу ташыларын, ошол себептүү жаңы жол өлкө экономикасына чоң салым кошорун белгилеген.

Аксу (Кытай) — Барскоон — Балыкчы жолу

“Кыргызстанды 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасында” Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Барскоон айылынан Кытай Эл Республикасынын Аксу округуна чыкчу автоунаа жолунун курулушу тууралуу план коюлган.

Бул долбоордун тарыхы жөнүндө ачык булактарда маалыматтар азыраак. Адистер бул идея саясий чөйрөдө акыркы 10-15 жылдан бери кеп болуп жатканын белгилешет. Жаңылбасак, мамлекеттик деңгээлдеги программаларга биринчи жолу киргизилип жатат.

Учурда Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда эки автоунаа жолу бар. Биринчиси Кашкар – Эркештам – Ош, экинчиси Кашкар – Торугарт – Нарын каттамдары. Аксу – Барскоон – Балыкчы жолу курулуп калса, бул эки өлкөнүн ортосундагы үчүнчү коридор болуп калчудай.

Азыркы тапта Барскоон айылынан Ак-Шыйрак деген айылга чейин салынган жол бар. Калайыкка белгилүү болгон кадимки Кумтөр кени куду ушул жолдун ортосунан солго бурулары белгилүү. Аксу округуна кетчү коридор курулса, ал куду ушул Ак-Шыйракка барчу жолдон оңго бурулуп, Ыштык, Бедел ашуулары аркылуу Кытай тарапка кирип кетет.

Кыргызстандын Транспорт министрлигинин Автомобиль жол башкармалыгынын башчысы Асеин Кожомбердиев айтымында, Ысык-Көлдөн Кытайга жол ачуу идеясы мурдатан болгону менен, аны куруунун кымбаттагынан ал демилге бойдон калып келген.

“Анткени жол курулса, ал жалпы төрт-беш ашууну кесип өтүшү керек болот, рельеф оор. Бирок азыркы бийлик муну ишке ашырууга бел байлады”,-дейт ал.

Кожомбердиевдин белгилешинче, президент Садыр Жапаров быйыл февралда Бэжинде өткөн олимпиадага барган учурунда да бул жолго байланыштуу сүйлөшүүлөр уланган. Башкача айтканда, жолду курууга Кытай тарап да кызыкдарлыгын ырастаган.

Натыйжада министрликтин алдындагы “Кыргызжолдолбоорлоо” институтуна каражат бөлүнүп, техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу тапшырмасы коюлган. Алар жолдун кеминде эки-үч линиясын болжолдоп, иштеп чыкса, анын ичинен курууга оңой жана арзаныраак варианттары тандалып алынат. Демек, негиздемени быйыл жыл аягына чейин иштеп чыгуу пландалууда. Эгер каржы булагы табылса анда курулуш иштери быйыл же, келерки жылы башталып калышы ыктымал. Объектини 2026-жылга чейин бүткөрүү планы коюлган.

Маалыматтарга ылайык, көлдүн боюндагы Барскоон айылынан чек арага чейин 45 чакырым аралыкты түзөт, андан ары да Аксу калктуу пунктуна чейинки аралык болжолдуу 50 чакырым. Ошондо жолдун узундугун болжолдуу 100 километр деп бааласа болчудай.

Кытайдын Аксу уездинен Кыргызстандын Барскоон аймагына чейинки аралык. Жол курулат деген аймактын болжолдуу чиймеси.
Кытайдын Аксу уездинен Кыргызстандын Барскоон аймагына чейинки аралык. Жол курулат деген аймактын болжолдуу чиймеси.

Эркечтамдан жана Торугарттан суткасына 5-7 миңдей автоунаа өтсө, Барскоон-Аксу жолунан деле 5-7 миңдей автоунаа өтүүгө мүмкүнчүлүк болот деп эсептелет. Муну үчүн 2-3-категориядагы жол салуу керек болот.

Автомобиль жол башкармалыгынын башчысы Асеин Кожомбердиев тоннелдерди, галереяларды, жол четиндеги тосмолорду эске алуу менен андай жолду курууга 1,8-2 млрд. доллардай каражат кетип калышы мүмкүндүгүн болжолдойт. Так сумма негиздеме чыккандан кийин аныкталат. Каражат чоң болгондуктан балким мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен инвесторго курдуруу маселеси каралууда. Башкача айтканда жолдон каттоо алгач акы төлөнүүчү болуп, куруучу салган акчасын 10-15 жылда чыгарып алышы мүмкүн.

Эркечтамдан өтчү жол Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарына товар ташууга ыңгайлуу, аны ошондой эле Өзбекстан жана Тажикстан транзит катары колдонот. Ал эми Торугарттан өтчү жол Нарынга, Чүйгө, Ысык-Көлгө, Таласка жүк жеткирүүгө оң экенин, автоунаалар ошондой эле ушул линия аркылуу Казакстанга, андан ары Орусияга чыгып кетерин жакшы билебиз.

Эгер Аксу – Барскоон жолу курулуп калса, бул Ысык-Көл менен Чүйгө товар ташууну дагы да кыскартат. Андан ары кетчү жүктөр үчүн Балыкчыда логистикалык борбор уюштурулат. Мындан сырткары береги линия Казакстанга жаңы коридор ачат. Тагыраагы, быйыл курулуп башталган Кыргызстандын Түп районунан Казакстандын Кеген районуна чыгып кетчү жол ишке берилсе, Кытайдан чыккан жүктөр Аксудан Барскоонго келип, андан ары Түп – Кеген жолу менен Казакстанга, Орусияга чыгарылып турат.

Эксперттер бул жол ошондой эле кышкы жана жайкы туризмге жаңы импульс берип, транспорттук каттамды арбытышы мүмкүн экенин белгилешет. Бирок реалдуу жыйынтыгы жол бүткөндөн кийин билинет. Анткени, азыркы эки жол турган шартта да Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-сатыкта кескин секирик болбой жатканы маалым.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда транспорттук каттамдарды жандантуу үчүн мындан да ири долбоор бул темир жол долбоору. Албетте, ал эки өлкөнүн эле ортосундагы эмес, эл аралык долбоордун бир бөлүгү болуп калат.

Маалым болгондой, Кытай Европа менен соода алакасын мурдагы СССРдин, анын ичинде Орусия Федерациясынын аймагындагы темир жол линиясы менен жүргүзүп келген. 1980-жылдары темир жолдорун Казакстандын линияларына туташтырып, Европага жаңы багыт ачкан. Казак линиялары аркылуу Бээжин Өзбекстанга, Түркмөнстанга, Арменияга, Азербайжанга, Түркияга, Иранга жана башка өлкөлөргө да товар ташыйт.

Бирок ушул эле жолду дагы да кыскартуу үчүн Кытай Кыргызстандан Өзбекстанга кирип кетүүчү темир жол куруу планын 1990-жылдары иштеп чыккан. Конкреттүү сүйлөшүүлөр Кытайдын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын премьер-министрлеринин “Эркечтам” өткөрмө бекетиндеги 1997-жылкы кездешүүсүнөн башталган.

2001-жылдын июнь айында, Кыргызстандын ошол учурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Кубанычбек Жумалиев бул линия боюнча макулдашууга жетишилгенин кабарлаган. 2008-жылы болсо Кытайдын “Синьхуа” маалымат агенттиги курулуш башталганын, 2010-жылы бүтөрүн маалымдаган. Иш жүзүндө Кыргызстандын аймагында жумуш башталган эмес.

Кытай каражатты максималдуу түрдө үнөмдөө үчүн башынан тартып, жолду Ош облусунун аймагы аркылуу кесип өткөрүп кетүүнү жактап келген. Жолдун кыска болушу алардын жүк ташуудагы чыгашасы менен убактысын да сарамжалдайт.

Бирок кыргыз бийликтери жакынкы жылдары өз күчү Кыргызстандын аймагында темир жол курууга мүмкүнчүлүгү жоктугун билип, Кытайдан чыккан линияны Нарындан киргизип, Жалал-Абад аркылуу Өзбекстанга өткөрүп кетүү позициясын талашып келет. Мындай турум өзгөчө президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда катуу болгону саясий чөйрөдө айтылып жүрөт.

Долбоордун кечеңдеп келишинин бир себеби мына ушул. Экинчи себеби, Орусиянын кийлигишүүсүндө. Темир жолду куруунун чыгашасын Кытай өзү жаба турганын билдиргенине карабай, Бишкек долбоорго Орусияны кошууну талап кылып келген. Мында Москванын таасири бар сыяктуу.

Мурдараак жасаган билдирүүлөрүндө “Ата Мекен” партиясынын лидери, азыр Германияда элчи болуп турган Өмүрбек Текебаев Орусия менен Казакстан өздөрүндөгү темир жолдон түшчү кирешеден кол жууп каларын билип, Кыргызстандын бул долбоорду ишке ашырышына тоскоолдук кылып келгенин айткан жайы бар.

Президенттер Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков дагы темир жол долбооруна байланыштуу Кытайдын жана Өзбекстандын лидерлери менен бир нече жолу сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Азыркы президент Садыр Жапаров 2021-жылдын мартында Ташкентке болгон сапарында, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен аталган темир жол маселесин бир сыйра сүйлөшкөн. Былтыр сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Дүйшөмбү шаарында өткөн саммитинде өнөктөш мамлекеттерди аталган долбоорду аягына чыгарууга чакырган. Жапаров быйыл Бээжинде өткөн Кышкы Олимпиаданын ачылышына барган учурда да, Кытайдын лидери Си Цзинпинь менен жолугуп, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу темасын жүзмө-жүз кеп кылган.

Көк сызык Кыргызстандын азыркы темир жолунун линиялары. Жашыл сызык Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоордук картасы. Кырмызы жана көк үзүл-кесил сызыктар бул кийин аталган темир жолго уланчу долбоорлордун болжолу.
Көк сызык Кыргызстандын азыркы темир жолунун линиялары. Жашыл сызык Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоордук картасы. Кырмызы жана көк үзүл-кесил сызыктар бул кийин аталган темир жолго уланчу долбоорлордун болжолу.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын Темир жолдорун долбоорлоо жана куруу боюнча дирекциясынын башчысы Улан Кулов, үч тараптуу эксперттик топтор сүйлөшүүсүн улантып жатканын, техникалык-экономикалык негиздемени 2022-жылга толук бүткөрүү планы коюлганын маалымдады.

Кулов ошондой эле жаңыдан курулуп башталган Балыкчы–Кочкор–Кара–Кече темир жолу кийин Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолуна барып туташарын тактады. Балыкчыдан Кочкорго чейинки темир жолдун курулушу быйыл 31-мартта расмий ачылган. Бул өлкөнүн эгемендик тарыхындагы өз күчү менен темир жол курган биринчи учур. Эгер бул жол Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолуна туташса, Кыргызстан иш жүзүндө түндүк-түштүк аймактарын бириктирген каттамга ээ болот. Бул дагы өлкө экономикасына чоң өбөлгө берет.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун кыргыз жергеси аркылуу өтчү линиясынын баштапкы баасы 5 миллиард доллар деп бааланган. Бирок багыттардын өзгөрүшүнө жана курулуш иштеринин аткарылышына байланыштуу суммалар алымча-кошумча болушу мүмкүн. Курулуш иштери башталгандан кийин минимум 5-6 жылда бүтөт.

Улуттук статистика комитетинин 2016-2020-жылдар боюнча келтирген сандарын карасак, Кыргызстандын темир жолдору аркылуу жылына 1,6 млн. тоннадан 2,5 млн. тоннага чейин жүк ташылат.

Эгер “Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан” темир жол долбоору ишке ашып калса Кыргызстандын аймагынан жылына кеминде 10 млн. тоннадай жүк ташылып турушу мүмкүн. Болбосо мындан эки эсе ашат. Натыйжада Кыргызстан транзит үчүн жылына 280 млн. доллардай дүң киреше көрөрү маалымдалат.

“Кыргызстан-Кытай” газ кууру

“Кыргызстан-Кытай” газ кууру боюнча долбоор “Түркмөнстан-Өзбекстан-Тажикстан-Кыргызстан-Кытай” магистралдык түтүгү боюнча иштин бир бөлүгү.

Жаратылыш газына бай болгон Ашхабад Бээжинге газ сатуу үчүн Кытайдын өзү менен биргелешип, Өзбекстандын жана Казакстандын аймагы аркылуу үч түтүк курган. Бээжинге дагы отун керек болгондуктан, 2010-жылдардан баштап Тажикстандын жана Кыргызстандын аймагы аркылуу жаңы линия салуу муктаждыгы жаралган.

Кыргызстандын бийлиги менен Кытай Эл Республикасынын (КЭР) бийлиги бул долбоорго байланыштуу 2013-жылы Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде кол коюшкан. Макулдашуу 35 жылга түзүлүп, газ куурун салыш үчүн пайдаланууга бериле турган жердин жалпы аянты 810 гектар деп көрсөтүлгөн.

Алгач курулуш иштерин баштоо 2016-жылга пландаштырылган. Куурдун Тажикстандагы бөлүгүн бүткөрүү кечеңдегенден улам, кытай тарап Кыргызстандагы жумушун да артка жылдырган. Бээжин кийин курулушту 2017-жылы баштай турганын, ишти 2022-жылы бүтүрө турганын маалымдаган.

2019-жылы долбоорду ишке ашыруучу кытайлык SINO-Pipeline International Company Limited компаниясынын башкы директору Мэн Фанчунь, Кыргызстандын ошол учурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолуккан. Бул тушта расмий органдар курулуш иштери ошол жылы башталарын кабарлашкан. Бирок дале баштала элек.

Куурдун маршруту Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондоруна туура келет. Тагыраагы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы "Карамык" бекетинен башталып, Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы "Эркечтам" бекетинен аяктайт.

“Кыргызстан-Кытай” газ куурунун Кыргызстандын аймагынан өтчү маршруту. Болжолдуу линия.
“Кыргызстан-Кытай” газ куурунун Кыргызстандын аймагынан өтчү маршруту. Болжолдуу линия.

Баштагы келишимде долбоордун жалпы наркы 1,5 миллиард доллар деп көрсөтүлгөн. Кийинчерээк анын суммасы 1,2 миллиард деп белгиленген. Каржыны толугу менен Кытай чыгармак болгон.

Кыргызстандын аймагы боюнча өтүүчү газ түтүгүнүн жалпы узундугу болжол менен 215 чакырымга созулат, долбоордук өткөрүүчү кубаттуулугу жылына 30 млрд. куб метр газды түзөт. Түтүктүн диаметри 1219 мм. жана жумуштук басымы 12 mPa көрсөткүчкө жетет.

Чоң-Алай районунун акими Темирболот Абыкеевдин айтымында, учурда долбоорго берилчү жер аянттарынын баары трансформация болуп бүткөн, айдоо аянттарынын ээлерине компенсациялар берилген. Бирок кытайлык компания курулуш иштерине кирише элек, алар аймакта кеңсе же, завод ача элек.

Азыр министрликке айланган Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов 2019-жылы парламенттин Бюджет жана каржы комитетинде билдирүүлөрүндө, бул газ куурунан Кыргызстан жыл сайын 75 миллион доллар пайда табарын билдирген.

Бирок так мына ушул жагдай жергиликтүү адистердин сынына кабылган. Келишимдин шарттары менен таанышкан мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов анда Чоң-Алай жана Алай райондору аркылуу өтө турган газ транзити үчүн акынын өлчөмү так аныкталып, көрсөтүлбөгөнүн айтып чыккан. Ал Казакстан түркмөн газын Кытайга алып өтүү үчүн жылына 1 млрд. доллардай ижара акысын аларын, ал эми Кыргызстан үчүн болбогон гана акча төлөп калганын билдирген.

Мамбетов ошондой эле газ куурлары турган аймактарды Кытайдын аскерлери кайтарып каларын да айтып, бул улуттук коопсуздукка коркунуч келтирерин эскерткен. Расмий органдар муну да төгүндөшкөн.

Жетим-Тоо кени

Жогоруда кеп болгон Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу кыргыз экономикасынын бир нече тармактарынын өркүндөшүнө алып келерин жаздык. Анын ичинде Кыргызстандын кен казуу тармагына, ошол эле алтын, көмүр, алюминий, темир кендерин казып, ташууга чоң мүмкүнчүлүк бериши мүмкүн. Жетим-Тоо темир кени да мына ошолордун бири.

Геологиялык чалгындоолордун жыйынтыктарына таянсак, Нарын облусунун Нарын районундагы Жетим тоо кыркаларындагы (Хребет Джетим) кен союз учурунда, 1956-жылы ачылган.

Кытай менен чектешкен жердеги бул тоодо темирдин запасынын узундугу 70 чакырым, туурасы 10 чакырым деп эсептелген. Тоо-таштын курамынын 15,4-46,3% темир түзөт. Айрым изилдөөлөрдө, анда алтындын жана башка кендердин да кошулмасы бар экени белгиленет.

Жалпысынан алганда, кен үстүртөн гана изилденген. Алгачкы изилдөөлөрдө анда С2 категориясындагы темир рудасынын 5,5 млрд. тонна (1,74 млрд. тоннасы темир) запасы аныкталган. Бирок кийин, 1980-жылкы изилдөөлөрдө таза темирдин көлөмү тоодо 10 млрд. тоннадай экени болжолдонгон.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки божомолдордо кара металлдын көлөмү кенде 3,5 млрд. тонна деп белгиленген. Ушул сумма деле Жетим-Тоону дүйнөдөгү темирдин ири запасын камтыган кендердин катарына кошот.

Ачык булактарда, 2005-жылдардан кийин тоодо “Тенли” аттуу кытайлык компания чалгындоо иштерин жүргүзгөнү айтылат. Бирок расмий маалыматтарга ылайык, биринчи лицензия 2009-жылдын 14-декабрында “Арт Майнинг” (Art Mining) аттуу фирмага берилген. Бул фирмага ошол убактагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин жакындары болгон Ульяна Пак жана Денис Гладышев ээлик кылары айтылган.

Жетим-Тоо жайгашкан тоо кыркалары.
Жетим-Тоо жайгашкан тоо кыркалары.

Аталган компания 2009-жылы кенди иштетип баштаганда ага жакын жайгашкан Нарын районунда жана Жети-Өгүз районунда жапырт нааразылыктар өтүп, кен казуу иштери токтоп калган. Буга ошол убакта “Жетим-Тоону Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курганы үчүн кытайлыктар алат” деген сөз тараганы негиз болгон.

2010-жылдын январында “Арт Майнинг” кайрадан каттоодон өтүп, анын 20% “Биринчи курулуш компаниясы” жана 80% Кытайдын жараны ​Фу Пэң кожоюндук кылган “Майлин Ресурс” (Mylin Resource) аттуу компания ээлик кылып калат. 2010-жылдын 26-мартында болсо 20% үлүш “Рудник Жети-Тоо” аттуу фирмага өтөт, калганы кытайлык компаниянын өзүндө калат.

“Майлин Ресурс” бул тушта Кытайдын өзүндө темирди иштетүүчү завод салганы да кабарланат. Бирок өлкөдө төңкөрүш болуп кеткендиктен Кыргызстанда өндүрүштү баштай албай калат. Бийликти колуна алган Убактылуу Өкмөт бул лицензияны жокко чыгарат.

Мындай чечимге макул болбогон компания кийин Алмазбек Атамбаев президент болгон учурда, 2012-жылы сотко берип, лицензиясын кайра утуп алат.

Тиешелүү төлөм берилбей, өндүрүш башталгандыктан геология боюнча мамлекеттик органдын комиссиясы 2013-жылы уруксатты кайрадан тартып алат. 2014-жылы район аралык сотто мамлекеттик орган утса, 2015-жылы Бишкек шаардык сотунда кытайлык компания утат. 2016-жылкы соттошууларда Жетим-Тоого болгон лицензия мамлекетке кайтарылат.

Кенге байланыштуу жаңы маселе 2020-жылдын октябрь айындагы окуяларда бийлик алмашкандан кийин чыккан. Тагыраагы өкмөт башчылык жана президенттик милдетти бир колго алган Садыр Жапаров бул жөнүндө 14-ноябдагы басма сөз жыйынында кеп козгогон.

Ал Кытай мамлекетине болгон карыздан кутулуунун жолу катары Жетим-Тоо кенин чийки зат катары берүү ыкмасы сөз болгонун айткан. Ошол эле учурда Жапаров тоо өзү коңшу өлкөгө берилбей турганын, карызды төлөөнүн башка жолдору табыларын тактаган.

Ага карабай бул жагдай эл арасында, анын ичинде социалдык тармактарда кызуу талкууларга жем таштаган. Анын ичинде бир катар саясатчылар Садыр Жапаровдун сөзүн сынга алып чыгышкан. Президенттик шайлоодогу үгүт иштеринде Жапаров билдирүү жасап, “кен Кытайга берилет деген сөздөрдү төгүндөп, аны Кыргызстан өзү иштетерин айткан.

Садыр Жапаров ал тургай муну үчүн атайын ишкана түзөрүн, президент болуп калса, 2021-жылы же 2022-жылы кенди иштетүү жумуштары башталарын белгилеген. Ал Жетим-Тоо “Кыргызстанды экономикалык саздан сууруп чыга турган долбоор болорун” кошумчалап, анда 2-3 миңдей кыргыз жарандары иштегенге мүмкүнчүлүк болорун белгилеген эле.

Андан кийин Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы бир нече нааразылык акциялары өттү. Аларды уюштуруучулардын алды бир сыйра камалып чыкты, айрымдары дале абакта. Бийлик да бул жөнүндө конкреттүү пландарын жарыялоодон карманып келди.

Бирок былтыр “Кумтөр Голд” компаниясын убактылуу тыштан башкарып жаткан Тенгиз Бөлтүрүк ишканадан түшкөн кирешеге Кыргызстандагы башка кендерди ачуу пландалып жатканын, анын ичинде Жетим-Тоо кени бар экенин айткан. Быйыл болсо ал улуттук долбоорлорду ишке ашыруу үчүн түзүлгөн "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдингине жетекчи болуп, анын алкагында 30дай долбоорду сунуштады. Мунун ичинде Жетим-Тоо кени да бар.

Быйыл 15-февралдагы маалымат жыйын учурунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров улуттук холдинг жалпы 12 кенде чалгындоо иштерин жүргүзөрүн, аларга инвестиция тартарын маалымдаган.

“Алар бизнес долбоорун иштеп, каржы булактарын иштеп чыгып анан астыга чыгат. Мисалы Таластагы Бала-Чычкан темир кени 6 млрд. доллар, Жетим-Тоо 4 млрд. доллар алып келе турган кен", - деген анда Акылбек Жапаров.

Мына ушул жагдайлардан улам азыркы бийлик Жетим-Тоо темир кенин иштетүүгө эртеби-кечпи барат деген бүтүм чыгарсак болот. Албетте, кенчилердин жана экономисттердин арасында мындай кендерди иштетүүнү жактап, алар Кыргызстандын экономикасына чоң салым кошорун айткандар да арбын. Болгону аны Кумтөрдүн тагдырына окшотпой, өлкө кызыкчылыгына гана иштетүү зарыл. Бирок канткен күндө да бийлик кенди иштетүү үчүн алгач жергиликтүү калк менен тил табышууга аргасыз болот.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG