Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:56

Жапаровдун сапары: үмүттөр жана убадалар


Садыр Жапаровдун Москвадагы мигранттар менен жолугушуусу. 2021-жыл.
Садыр Жапаровдун Москвадагы мигранттар менен жолугушуусу. 2021-жыл.

Москвага расмий иш сапар менен барган мамлекет башчы Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин жана Орусиянын бир катар жогорку даражадагы кызмат адамдары менен жолугушуу өткөрдү. Андан тышкары Москвадагы мекендештер менен атайын жыйын өткөрүп, суроолоруна жооп берди.

Кыргыз-орус алакасынын жаңы барагы

24-февралда президент Садыр Жапаров Москвада Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолукту. Жапаров алгачкы иш сапары Москвадан башталып жатканына кубанычта экенин билдирип, Путинди Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Конок ээси жогорку даражалуу мейманды кызматка кириши менен куттуктап, Кыргызстанда "ички саясий абал турукташат" деген ишенимде экенин айтты. Ошону менен бирге орус тилинин ролу тууралуу кенен пикирин ортого салды:

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин. 2021-жылдын 24-февралы. Москва. Кремль.
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин. 2021-жылдын 24-февралы. Москва. Кремль.

«Силердин өлкө орус тилинин макамын мамлекеттик тил катары сактап калганыңар биз үчүн да, силер үчүн да өтө маанилүү. Айрыкча, кыргызстандыктар үчүн Орусиядан иш табууга бул жакшы мүмкүнчүлүк болуп, кошумча сынактарга киришпейт. Айрыкча, сиздин бул маселеге карата мамилеңиз биз үчүн өтө маанилүү. Биз кыргызстандыктар орус тилин терең өздөштүрүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзөбүз. Буга байланыштуу атайын пландарыбыз бар», - деди Путин.

Жапаров өз сөзүндө Орусиянын колдоосуна ыраазычылык билдирди.

«Биз КМШ, ШКУ, ЖККУнун алкагында кызматташууну уланта беребиз. Бул уюмдар биздин өлкөнүн негизги саясий жана экономикалык багыттары болуп саналат. Пандемия убагында Орусия көрсөткөн жардам үчүн ыраазычылык билдирем жана сизди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырам», - деди.

Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушуу өттү. Анда Вячеслав Володин кыргызстандыктар мамлекеттик башкаруу системасы боюнча тандоо кылганын жана Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда орус тилинин расмий макамынын сакталып калганын канааттануу менен белгиледи.

Володин орус тили окутулган жана расмий тил катары колдонулган өлкөлөрдүн жарандарына Орусиянын аймагында бир катар жеңилдиктер каралганын белгиледи. Мындай мүмкүнчүлүк учурда Кыргызстан менен Беларустун жарандары үчүн жеткиликтүү экенин билдирди.

Президент Садыр Жапаров жаңы тарыхтагы кыргыз-орус мамилелери бардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүү келечеги бар экенин айтып, стратегиялык өнөктөштүккө эки тарап тең эч качан шек келтирбегенин белгиледи.

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен. 2021-жылдын 25-февралы.
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен. 2021-жылдын 25-февралы.

Кыргызстандын лидери мындан тышкары орус өкмөт башчысы Михаил Мишустин, Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолукмакчы.

Жапаровду эки вице-премьер-министр баш болгон жоон топ делегация коштоп жүрөт. Анын курамында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, президенттик аппараттын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков, вице-премьер-министр Улукбек Кармышаков болуп баш-аягы сегиз министр бар.

Андан тышкары Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмамбет Шыкмаматов, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов да Москвага барды.

Сапардын алкагында Кыргызстанга берилчү вакцина, гранттык жардам жана жеңилдетилген 100 млн. доллар насыяны алуу, газ, темир жол жана учак каттамдары боюнча сүйлөшүүлөр болору кабарланган.

Садыр Жапаровдун мигранттарга берген убадасы

Орусиянын Федералдык миграция кызматынын “кара тизмесине” кирип калган кыргызстандык мигранттарды андан чыгаруу жана айыппул сыяктуу же башка административдик чараларга алмаштыруу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр улантылат.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 24-февралда Орусиядагы иш сапарынын алкагында Москвада мекендештер менен жолугушуусу учурунда айтты.

Жапаров жолугушууга катышкан кыргызстандыктарды ошол өлкөнүн мыйзамдарын жана эрежелерин так сактоого чакырып, эки мамлекет ортосундагы авиакаттамдарды көбөйтүү боюнча иш жүрүп жатканын, жакын арада маселе оңунан чечилерине үмүт бар экенин айтты.

Орусиядагы кыргызстандык мигранттарды социалдык жактан коргоо жана медициналык тейлөө маселесине токтолуп Жапаров буга чейин жетишилген натыйжага карабастан медициналык камсыздандыруу көйгөйү чечүүнү талап кылып жатканын белгиледи.

Президент диаспора өкүлдөрүнө Кыргызстанга көрсөтүп жаткан жардамы үчүн ыраазычылык айтты.

Жолугушууда Садыр Жапаров “Мекенчил” партиясы парламенттик шайлоого дагы катышпай турганын билдирди.

Жапаров буга чейинки элдик толкундоолор шайлоолордун ыпылас өткөнүнөн улам болгонун белгилеп, ушундай чечим кабыл алынганын айтты.

«Административдик ресурс колдонулду деген сөздөн алыс бололу, мурункулардын катасын кайталабайлы дегендиктен катышпайт деп чечтим. Парламенттик шайлоого дагы катыштырбайбыз. Мындан ары шайлоолор таза болот. Административдик ресурс колдонулбайт, сатып алуу дагы болбойт. Жергиликтүү кеңештерге жана Жогорку Кеңешке шайлоо таза өтөт», - деди Жапаров.

Жапаров менен жолугушууга катышкан кыргызстандыктар Орусиядагы банк карталары менен Кыргызстанга барганда банкоматтан акчасын чыгара албай кыйналарын айтышты.

Жапаров бул маселени орус президенти Владимир Путин менен талкуулап, оң жооп алганына токтолду.

“Владимир Владимирович менен сүйлөшкөндө мен ушул маселени көтөрдүм. Кыргызстанга Орусиянын банктарын ачууга сөз берди. Өкмөткө команда берип, банктары жакында ачылат Кыргызстанда, Кудай буюрса. Бул мен көтөргөн маселе болду. Сурандым. Бир-эки банк ачыла турган болду”.

Президент Садыр Жапаров мугалимдердин маянасы тууралуу суроолорго мындай жооп узатты.

Иш сапардын күңгөй-тескейи

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, дипломат Аскар Бешимов Садыр Жапаровдун президент катары алгачкы чет элдик сапарында ири долбоорлорго байланыштуу келишимдерге кол коюлбай турганын айтып, аны мындайча түшүндүрдү.

Аскар Бешимов.
Аскар Бешимов.

«Бул иш сапарды бет ачар деп айтса болот. Себеби, биздин президент Кыргызстанда белгилүү саясатчы болгону менен эл аралык айдыңда анча таанымал эмес. Орусиянын президенти жана жогорку кызмат адамдары менен жолугуп көз караштарды аныктап алуу процесси жүрөт. Ошондуктан менин жеке пикиримде бул сапарда чоң келишимдерге кол коюлбайт».

Орусиянын «РИА Новости» агенттиги 24-февралда Садыр Жапаровдун интервьюсун жарыялады. Анда кыргыз президенти Орусия Кыргызстандын ишенимдүү союздашы экенин айтып, тышкы саясатта Кыргызстан эгемендик алгандан бери боло келгендей эле Орусия стратегиялык өнөктөш экенин билдирген. Ошондой эле Орусиядан ири ишканалардын эле эмес, орто жана чакан бизнестин өкүлдөрүн да Кыргызстанга алып келүү аракети болорун айткан.

Мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев экономикалык кызматташтык тууралуу мындай деди.

Эмил Үмөталиев.
Эмил Үмөталиев.

«Коомчулукка ачык айтылбаган, бирок көмүскөдө сөз болчу иштер бар деген пикирдемин. Мисалы, Кыргызстан аркылуу өтчү газ кууру боюнча маалымат жок. «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу долбоору тууралуу диалог кылыш керек. Андан тышкары Канттагы аскер-аба майданы боюнча да маселе көтөрүлүшү ыктымал. Албетте, кыргыз мигранттарына байланыштуу да тема турат».

Москва менен биргеликте курула тургандыгы пландалган «Камбар-Ата-1» ГЭСи жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскады боюнча энергетикалык долбоорлордун тагдыры чечилбей турат. Былтыр ноябрда Садыр Жапаров Нарын ГЭСтер каскады курула баштайт деп убада берген. Кийинчерээк Кыргызстан менен Орусиянын тийиштүү мекемелеринин өкүлдөрү бул маселени талкуулаган эле.

Жапаровдун Москвага иш сапарынын алдында «Слово Кыргызстана» гезитине анын «Өнөктөштүк байланыш» аттуу макаласы чыккан. Анда ал 2020-жыл Орусия менен Кыргызстандын ортосунда кайчылаш жыл деп аталганын, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында 200 иш-чара пландалганы менен пандемиядан улам ишке ашпай калганын белгилеп, быйыл бул демилгени улантууну сунуштаган.

«Кыргызстан бюджетин толтура албай турганда сөзсүз акча сурайт. Бирок каржы маселесинде Орусиянын да өзүнүн талабы бар. Алардын президенттик башкарууну сактоо, ЕАЭБден чыкпоо, жарандык коомду тизгиндөө керек деген талаптары бар», - деп кошумчалады Үмөталиев.

10-январда Кыргызстанда башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдумда шайлоочулардын көбү президенттик башкарууну тандады. Талдоочулар саясий жагынан алганда бул Кремль үчүн ыңгайлуу экенин айтып жатышат.

Жарандык активист Адил Турдукулов кыргыз президентинин чет өлкөгө алгачкы сапары ырасмий Москва жана Бишкек үчүн да канчалык маанилүү экенине токтолду.

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

«Европанын Орусияга болгон басымы күчөп жатат. Ар кандай санкциялар дагы деле уланууда. Бул жааттан алганда Москвага баш ийген мамлекеттер бар экенин көрсөтүү геосаясий жагынан Орусияга маанилүү. Ал эми Садыр Жапаров эл аралык аренада, өзгөчө КМШ өлкөлөрүндө легитимдештирүү ишин кылып жатат. Андан тышкары Кыргызстандын ичинде да Садыр Жапаровду шайлаган жана шайлабаган жарандар үчүн да улуттук лидер катары көрсөтүүсү маанилүү».

Быйыл 10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан Садыр Жапаровдун чет элге алгачкы иш сапары 24-25-февраль күндөрү Москвага жасалууда. Мурдараак Жапаровдун президент катары ырасмий мамлекеттик иш сапары Казакстандан баштала турганы да кабарланып келген эле.

XS
SM
MD
LG