Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:30

Коррупция күчтүү болсо армия алсыз


Кыргызстандык жоокер.
Кыргызстандык жоокер.

Кыргызстанда 23-февраль - Мекенди коргоочулардын күнү катары белгиленип келет. Буга байланыштуу аймактарда, күч түзүмдөрүндө ар кандай иш-чаралар өттү.

Мекенди коргоочулар күнүн утурлай Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров куттуктоо жолдоду.

Анда президент мекенди коргоочулардын күнүн жалпы мамлекеттик масштабда белгилөө - жаш муунду атуулдук сезимге тарбиялоонун өрнөгү болорун белгилеген.

«Аскер кызматчыларынын азыркы мууну кыргыз армиясынын мыкты салттарын татыктуу улантып келет. Жоокердик милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарып, күнүмдүк турмушта туруктуулуктун жана чыдамкайлыктын үлгүсүн көрсөтүп жатышат. Алар Кыргызстандын аскердик коопсуздугун камсыздоо милдеттерин берилгендик жана кесипкөйлүк менен аткарууда», - деп жазылган президенттин куттуктоосунда.

Ал эми өкмөт башчы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин №73809 аскер бөлүгүнө барды жана Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган салтанаттуу сапка тизилүүгө катышты.

Улукбек Марипов аскердик бөлүктүн техникасы жана куралданышы, аскерлерди тамактандыруу кандай уюштурулуп жатканы менен таанышты.

Буга удаа эле өкмөт аскер кызматкерлеринин жана жоокерлердин күнүмдүк азыгынын нормасын көбөйткөнү маалымдалды.

Дүйнөлүк "Global Firepower" индекси боюнча Кыргызстан аскердик кубаттуулугу жагынан Борбор Азиядагы беш өлкөнүн ичинен төртүнчү, ал эми дүйнөлүк рейтинг боюнча 139 өлкөнүн ичинен 93-орунда турат.

Бул индексти чыгарууда өлкөнүн ички дүң өнүмү, мамлекеттик карыз, аймагынын аянты, армиянын саны, техникасы сыяктуу бир нече факторлор каралат.

Саясат талдоочу Нурканбек Патиев коргонуу жана коопсуздук багытында өлкөдө бир топ көйгөйлүү маселелер бар деп эсептейт.

Эксперт бул жаатта чек арадагы чыр-чатактарды эске салып, коопсуздукка коркунуч жараткан жагдайларга токтолду.

«Коңшу мамлекеттер менен болгон мамилени кылдат анализдөө керек. Коңшу Өзбекстан жана Тажикстан менен талаш жерлерибиздин тагдыры али чечилген жок».

Соңку жылдары кыргыз армиясынын дарегине сын-дооматтар арбын айтылып келет. Айрыкча жоокерлер арасында өз жанын кыйган учурлар катталып, буга аскердеги чоңсунуу, зомбулук себепкер болуп жатканы айтылган.

Экономикалык эксперт Эркин Абдразаков коопсуздук чаралары жолго коюлган мамлекетке инвесторлордун да кызыгуусу арта турганын айтат. Экономиканын өсүшүнүн негизги көрсөткүчү коопсуздук дейт эксперт.

«Коопсуз жерлерге инвесторлор да көп келет. Экономикалык кризис болгон жерде капитал сыртка чыгып, коопсуз жайга жайгаштырылат. Бизде тескерисинче, келген инвесторлор качып, экономика эңшерилип жатат».

"Арай көз чарай": Мекенчил муунду кантип тарбиялайбыз?

23-февраль - Совет доорунда Кызыл армиянын негизделген күнү катары майрамдалып келген. Кыргызстан эгемендик алган жылдардын башында бул күн майрамдардын тизмесинен чыгарылган. 2003-жылдан тарта кайрадан жылнаамада кызыл менен белгилене баштаган.

  • 16x9 Image

    Маратбек Акимбек уулу

    Маратбек Акимбек уулу "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. ОшМУнун кыргыз филология жана журналистика бөлүмүн аяктаган. Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын магистранты. 

XS
SM
MD
LG