Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:22

Жоокерлердин күнүмдүк тамагынын нормасы көбөйтүлдү


Жоокердин түшкү тамагы. № 73809 аскер бөлүгүнөн тартылган сүрөт. 23-февраль, 2021-жыл.
Жоокердин түшкү тамагы. № 73809 аскер бөлүгүнөн тартылган сүрөт. 23-февраль, 2021-жыл.

Өкмөт башчы Улукбек Мариповдун чечими менен аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн аскер кызматкерлеринин, жоокерлердин күнүмдүк азыгынын нормасы көбөйтүлдү.

Өкмөттүн сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, жоокерлердин күнүмдүк тамак-аш рационуна колбаса, сыр, коюлтулган таттуу сүт жана мөмө-жемиштер киргизилди.

Премьер-министрдин бул чечими Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн жоокерлердин ден соолугун бекемдөө жана алар жеген тамак-аштын сапатын көтөрүү максатында чыгарылган.

Жоокерлердин күнүмдүк азыгынын нормасы акыркы жолу 2002-жылы көтөрүлгөн.

Өкмөт башчы бүгүн, 23-февраль Мекенди коргоочулардын күнүнүн урматына № 73809 аскер бөлүгүнө барды. Ал жерде салтанаттуу жыйынга катышып, жоокерлерди майрамы менен куттуктады. Аскер бөлүккө проектор сатып алуу үчүн 100 миң сомдук сертификат тапшырды.

Кыргызстанда 23-февраль - Мекенди коргоочулардын күнү майрам катары белгиленүүдө. Кыргызстанда Мекенди коргоочулар күнүнө байланыштуу аймактарда, күч түзүмдөрүндө ар кандай иш-чаралар өткөрүлдү.

23-февраль - Совет доорунда Кызыл армиянын негизделген күнү катары майрамдалып келген. Кыргызстан эгемендик алган жылдардын башында бул күн майрамдардын тизмесинен чыгарылган. 2003-жылдан тарта кайрадан жылнаамада кызыл менен белгилене баштаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG