Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:23

Кыргызстан «Спутник V» вакцинасын каттады


Орусиянын «Спутник V» вакцинасы Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө каражаты катары катталды.

Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта Дары-дармек жана медициналык жабдуулар департаменти «Спутник V» вакцинасын коронавируска каршы эмдөө каражаты катары каттады.

«Вакцинанын катталышы - коронавирус инфекциясынын алдын алуу үчүн эмдөө жүргүзүүнү тездетет», - деп жазылган маалыматта.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев мурдараак коронавируска каршы эмдөө элдин каалоосу менен жүргүзүлө турганын билдирген.

Министр эмдөө алгач медицина кызматкерлерине, мугалимдерге жана башка каалоочуларга мамлекеттин жана донорлордун эсебинен акысыз болорун айткан.


Кыргызстан буга чейин коронавируска каршы «AstraZeneca» вакцинасын тандап алган.

Эмдөө өлкөдө март айында башталып, 504 миң доза алгач медицина кызматкерлерине жана мугалимдерге сайыла турганы кабарланган.

Ал эми "Pfizer" вакцинасын -70 градус температурада сактоо мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, Кыргызстан андан баш тартканы кабарланган. Аталган вакцина Кыргызстанга глобалдык COVAX альянсынын алкагында сунушталган.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 22-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 вирусу 72 кишиден табылган.

Жүздөн ашуун адамдын абалы оор экени айтылды. Март айынан бери илдеттен 1460 адам көз жумду. (ZKo)

XS
SM
MD
LG