Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:45

Өкмөт Матраимовдун "Эльдорадосун" калкты тейлөөчү борборго айлантат


Бишкектеги калкты тейлөөчү борборлордун бири
Бишкектеги калкты тейлөөчү борборлордун бири

Өкмөт башчы Улукбек Марипов 22-февралда Бишкектеги “Эльдорадо” соода борборунун имаратына Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты тейлөөчү борбор ачыла тургандыгын айтты.

Марипов бүгүн Бишкектеги калкты тейлөөчү борборлордун бирине баш бакты. Анда кезек күтүп тургандар менен пикир алышты.

24-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке келтирген чыгымды төлөгөнүн, анын бир бөлүгүн кыймылсыз мүлк катары кайтарып бергенин айткан эле. Бир нече батир менен кошо Матраимов Бишкектеги Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан “Эльдорадо” соода борборун мамлекетке берген.

Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов 18-февралда УКМКга сурак бергенден кийин экинчи жолу кармалган. Ал кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу айыпталууда.

Калкты тейлөөчү борборлор аркылуу жарандык документтерден тышкары Ички иштер министрлиги берчү айрым маалыматтар жана каттар да берилет. (BCh)

XS
SM
MD
LG