Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:14

Бишкек шаардык кеңеши: партиялар үчүн сыноо


Президенттик шайлоодогу добуш берүү жараяны. 10-январь, 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Президенттик шайлоодогу добуш берүү жараяны. 10-январь, 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу ниетин 22 саясий партия билдирди.

Алардын арасында ушул тапта шаардык кеңеште иштеп жаткан партиялар жок. Бирок арыз берүү жыйынтыктала элек. Бул Кыргызстанда жаңы бийлик келгенден бери президенттик шайлоодон кийинки эле чоң саясий өнөктүк.

22-февралга карата Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу ниетин «Ак бата», «Жаштардын прогрессивдүү партиясы», «Замандаш», «Кыргызстан демократиялык кыймылы», «Реформа», «Биздин эл», «Коммунисттер» жана «Ынтымак» партиялары билдирди.

Андан тышкары «Шайлоо эркиндиги», «Ишеним», «Ата Журт», «Бирге-Вместе», «Социал-демократтар», «Патриот», «Кыргызстандын Улуттук демократиялык партиясы», «Жашылдар», «Ыйман Нуру», «Легалайз», «Ата Мекен», «Эмгек», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Улуу Журт» партиялары да шайлоого катышуу үчүн арыз беришти.

Бишкек шаардык Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматовдун сөзүнө караганда, партиялар 1-мартка чейин шайлоо жана каржы боюнча ыйгарым укуктуу эки өкүлүн каттоодон өткөрүшү керек.

Кайрат Маматов.
Кайрат Маматов.

«Азырынча бардык партиялар өкүлдөрүн каттоодон өткөрө элек. Эки-үч партия гана берген аларды эми каттайбыз. Башка партиялардын да убактысы бар. Партиялар документтерин тапшырып катталгандан кийин беш күндүн ичинде банктан эсеп ачып шайлоо фондун түзүшү керек. Шайлоодо болгон чыгымдын баары ушул фонддон каржыланат. Ал фонд 15 миллион сомдон ашпоосу зарыл».

Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо болот. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Мунун ичинен Бишкек менен Ош шаардык кеңештеринде шайлоо өзгөчө атаандаштыкта өтөт.

Ушул тапта Бишкек шаардык кеңешинде иштеп жаткан КСДП, «Республика-Ата Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары шайлоого катышуу ниетин билдире элек.

Ал эми 22-февралга карата Ош шаардык кеңешине шайлоого катышуу үчүн «Тилектештик», «Ынтымак», «Бир Бол», «Бүтүн Кыргызстан», «Ыйман Нуру» партиялары арыз берди.

Апрелде жергиликтүү кеңештерге болчу шайлоо Кыргызстанда жаңы бийликтин тушунда январда өткөн президенттик шайлоодон кийинки эле эң чоң саясий өнөктүк. Саясат талдоочу Азим Азимов бул быйыл өтчү парламенттик шайлоонун алдында бийлик үчүн да, саясий күчтөр үчүн да чоң сыноо экенин айтат.

Азим Азимов.
Азим Азимов.

«Адатта шаардык жана айылдык кеңештердин шайлоосу Жогорку Кеңештин шайлоосуна репетиция болот. Өзгөчө Бишкек менен Ош шаарларындагы шайлоонун мааниси чоң. Себеби, бул эки шаардык кеңештин депутаттары шаардын мэрлерин шайлайт. Эки шаардын мэрлик кызматы болсо стратегиялык жактан маанилүү».

Шайлоонун алдында айрым саясий күчтөр Бишкек шаардык кеңешине шайлоого биригип барарын жарыялашты. Президенттик шайлоодо талапкер болуп чыккан Клара Сооронкулова, Элдар Абакиров жана Аймен Касенов «Реформа» партиясы менен шайлоого катышканы калды.

Былтыр жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо Камчыбек Ташиев жетектеген «Мекенчил» партиясы жергиликтүү кеңешке шайлоого катышпай турганы белгилүү болду. Бул тууралуу партиянын мүчөсү Адинай Марипова айтып, партия парламенттик шайлоого да барбай турганын ырастады. Партияга буга чейин президент Садыр Жапаров да мүчө болгон.

Былтыр Жогорку Кеңешке шайлоого «Мекенчил» партиясынан талапкер болгон Бакыт Аманбаев кабыл алынган чечим тууралуу мындай деди.

«Бийликтин партиясы катышканда жазылбаган мыйзамдар боюнча жергиликтүү бийлик кошоматчылык кылып ар кандай мыйзамсыз иштерге барышы мүмкүн. Ошондуктан шайлоону таза өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр болгон. Бирок кийин кандай чечим кабыл алынганын билбейм».

Президент Садыр Жапаров буга чейин бир нече жолу Кыргызстанда кандай гана шайлоо болбосун таза өткөрүлөрүн айткан.

«Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова шайлоону таза өткөрүү тууралуу бийликтин убадасы тууралуу пикири менен бөлүштү.

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

«Ким гана болбосун «шайлоо таза өтөт» дей берет. Бирок баары бир административдик ресурс колдонулат. Бийликтин партиясы «Мекенчил» шайлоого катышпайт деген менен бийликтин башка жаңы партиялары түзүлүп атат».

Бишкек шаардык кеңеши да, Ош шаардык кеңеши да 45 мандаттан турат. Шайлоого саясий партиялар катышып, утуп чыккандары төрт жыл иштейт.

Былтыр апрелде Кыргызстанда мөөнөтү бүткөн беш шаардык, 25 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болмок. Коронавируска байланыштуу абалдан улам бул өнөктүк убактылуу токтотулган эле. Алар да соңку өнөктүккө кошулуп өткөрүлгөнү жатат.

Жалпысынан жергиликтүү кеңештерге 8 326 депутат шайланат. Алардын ичинен аялдар үчүн 2858 квота берилген.

XS
SM
MD
LG