Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Ажылыктын акчасы менен «Биримдиктин» байланышы


Борбордук мечит.
Борбордук мечит.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгындагы ажылыктын акчасына байланыштуу жаңы жагдайлар ачыкка чыкты. Учурдагы маалыматтарга караганда, муфтияттын банктык эсебинен “Фарватер” жана “Налоговый Представитель” деп аталган эки компания ири суммадагы акча алган.

“Биримдик” партиясы менен байланышкан компания

Муфтияттын Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт Нурдиновдун айтымында, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы 2020-жылдын август айында “Налоговый Представитель” жоопкерчилиги чектелген коому менен келишим түзүп, бул фирмага банктагы эсебинен 155 миллион сом которуп берген. Эки тарап түзгөн келишим боюнча “Налоговый Представитель” компаниясы 155 миллион сомдун үстүнө 14 миллион сом кошуп берүүгө милдеттенме алган.

Бакыт Нурдинов
Бакыт Нурдинов

«155 миллион сом 2020-жылдын август айында банктагы эсептен чыгарылган. “Налоговый Представитель” аталган сумманы уламдан-улам берип отуруп, 2021-жылдын 20-январында сумма толугу менен банкка келип түшкөн. Ал эми 155 миллион сомду алганы үчүн үстөк катары кошуп бере турган 14 миллион сом түшө элек. Бул маалыматтар банктан алынган документтер менен тастыкталган».

“Налоговый Представитель” компаниясы муфтияттан 155 миллион сомду кандай жүйө менен, эмне максатта алганы белгисиз. Юстиция министрлигинин сайтында аталган компанияга Чыныбеков Нурлан Эркиналиевич деген жаран ээлик кылары жазылган. Бул киши боюнча ачык булактарда маалымат аз.

2012-жылы Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоого “Ата-Журт” партиясынын тизмесинен Чыныбеков Нурлан Эркиналиевич аттуу жаран талапкер катары катышкан. Бирок бул жаран менен “Налоговый Представитель” компаниясынын ээси бир адамбы же жокпу белгисиз.

Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтынан алынган маалымат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтынан алынган маалымат.

Нурлан Чыныбеков деген ысымды Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтынан да кезиктирүүгө болот. Ал 11-августта “Биримдик” партиясынын шайлоо фондуна 200 миң сом которгон.

Буга чейин президент Садыр Жапаров ажылыктын акчасынын бир бөлүгү шайлоо өнөктүгүнө короп кеткенин айткан эле.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

«16 миллиондон 8 миллионго жакын долларын алып, сомго айлантып, киреше алуу максатында банктарга процентке салышкан экен былтыр. Пайда көргөнчө доллар 15 сомго өсүп кетиптир. Пайда көрмөк түгүл булар чыгым тартып калышыптыр. Чыгымы эле 685 миң доллардын тегерегинде. Андан сырткары 155 миллион сомун былтыр август айында “бир фирмага бердик” деп, ал фирма шайлоого бир партияга колдонуп салат. Бүгүнкү күндө да акча толук кайтарылбай турат. Ажылыкка бара тургандар акчасын сураса, жарым-жартылайы бериле элек экен».

“Налоговый Представитель” компаниясы жана ага ээлик кылган Нурлан Чыныбеков менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Ал эми БШК сайтында аты аталган Нурлан Чыныбеков акча которгон "Биримдик" партиясынан бул адам тууралуу маалымат алууга мүмкүн болгон жок. Партиянын башка талапкерлери андагы каржылык иштерден кабары болбогонун билдирди.

“Фарватер” же жердешчилик байланыштар

Журналист Кубатбек Айбашов муфтияттын эсебинен “Фарватер” компаниясы дагы акча алганын "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялап, жазгандарын бир катар документтер менен бекемдеп жатат.

Журналист, колуна тийген маалыматтарга таянып айтканына караганда, 2019-жылдын 1-февралында “Фарватер” компаниясы муфтиятка жардам сурап кайрылып, ошол эле күнү 29 миллион 400 миң сом акча алган.

Кубатбек Айбашов
Кубатбек Айбашов

«“Фарватер” компаниясы муфтиятка №33 кат менен кайрылып каржылык жардам сураган. Мендеги маалыматтар боюнча, муфтияттагылар аталган катты таппай жатышат. Анткени журналга дагы катталган эмес. “Фарватер” 2019-жылдын 24-сентябрында аталган сумманын бир бөлүгүн кайтарып берген. Анын эртеси акчанын дагы бир бөлүгүн которгон. Бирок жалпы сумма толук кайтарылган эмес», - деп билдирди Кубатбек Айбашев "Азаттыкка" берген интервьюсунда.

“Фарватер” Кыргызстандагы дары-дармек менен алектенген ири беш компаниянын бири. Бул компания буга чейин да Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы менен кызматташып, Меккеге бара турган зыяратчыларды эмдөө боюнча тендерди утуп келген. “Фарватер” бул окуя боюнча түшүндүрмө бере элек. Компания менен байланышканыбызда алардын жообу кыска болду:

«Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат. Бул иштер бүтмөйүнчө комментарий бере албайбыз. Бул боюнча жообубуз ушундай. Тергөө бүткөндөн кийин бир чечимге келебиз», -деп айтты өзүн бул фирманын мененджери катары тааныштырган адам.

Юстиция минисрлигинин сайтында “Фарватер” компаниясына Турдубаев Жантөрө Таирович ээлик кылары жазылган. Муфтияттагы мыйзамсыз финансылык иштер боюнча шектүү катары камакка алынган башкы эсепчи Жеңишбай Бекиев менен анын байланыштары тууралуу маалыматтар да чыга баштады.

2016-жылы Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн "Тоготой" Ынтымак Коому" деп аталган коомдук бирикмеде негиздөөчүлөрү катары 11 адам көрсөтүлгөн. Алардын арасынан “Фарватердин” ээси Жантөрө Турдубаев менен муфтияттын камакка алынган эсепчиси Жеңишбай Бекиевди көрүүгө болот. Мындан тышкары коомдук бирикменин негиздөөчүлөрүнүн катарында УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Жакыпбек Байымбетов да бар.

Юстиция министрлигин сайтында "Тоготой" Ынтымак Коомунун" негиздөөчүсү катары 11 адам көрсөтүлгөн.
Юстиция министрлигин сайтында "Тоготой" Ынтымак Коомунун" негиздөөчүсү катары 11 адам көрсөтүлгөн.

Бул эки жарандын кичи мекени Ош облусунун Кара-Кулжа району болуп эсептелет. Тоготой – ошол аймактагы уруулардын бири.

Журналист Кубатбек Айбашов ажылыктын акчасына мурдагы бийликтеги адамдардын катыштыгы бар экенин божомолдоп жатат:

«Мендеги маалыматтар боюнча Жеңишбай Бекиев менен Жантөрө Турдубаев жердеш жана жакшы мамиледеги достор. Мындан тышкары мурдагы муфтий Максатбек Токтомушев дагы Кара-Кулжа районунан болот. Сиздер билгендей мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков дагы Кара-Кулжадан болот. Бул иштерде жердешчилик байланыштар чоң роль ойногон деп ойлойм».

Мындай айыптоолорго экс-президент Сооронбай Жээнбековдун жактоочусу Жыргалбек Бабаев төмөндөгүдөй жооп берди:

«Сооронбай Жээнбековдун муфтияттагы иштерге тиешеси жок. Аны бул иштерге байланыштырган адамдын кандайдыр бир далили болуш керек да. Мунун бардыгы божомол да. Кара-Кулжалыктардын бардыгына Жээнбековдор жооп бербейт да. Эгерде кандайдыр бир фактылар болсо, анда тергөө органдарына өткөрүп берсин».

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы Акин Токталиев 11-февралда эртең менен Максат ажы Токтомушевди колдогон митингде муфтиятка көзөмөл кылууга кызыкдар эки чоң саясий топ бар экенин айткан.

Анын сөзүнө караганда, Садыр Жапаровдун жакын адамы делген Арзыбек Бурханов менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин адамдары Максатбек Токтомушевдин кызматтан кетишине кызыкдар болушкан. Акин Токталиев айтып чыккан тараптар айыптоону толугу менен четке каккан.

Маалыматтар боюнча 2020-жылы муфтияттын эсебинде ажылыкка баруу ниетин билдирген 5 500 адамдан 18 миллион доллар чогулган. Өткөн жылы пандемияга байланыштуу ажылык үзгүлтүккө учурап калган. Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев банк эсебиндеги акчанын 7,5 миллиону кайра кайтарылып берилгенин, бул боюнча эч бир маселе жаралбаганын 19-февралда "Азаттыкка" айтты:

«Ким акчасын алгысы келип арыз менен кайрылса, анда эсеп-кысап бөлүмү дароо которуп берип жатат. Кечээ дагы 100гө жакын кишинин акчасы которулду. Буга чейин деле “акчамды ала албай жатам” деген даттануулар болгон эмес».

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ачыктаган ажылыктын акчасына байланыштуу иште шектүү катары муфтияттын башкы эсепчиси Жеңишбай Бекиев жана муфтий Максатбек Токтомушев өтүп жатат.

Бекиев 12-февралда соттун чечими менен эки айга камакка алынган. Ал эми Максатбек Токтомушев эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте калтырылган.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG