Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:24

«Муфтият реформага муктаж»


Канатбек Мурзахалилов жана Бакыт Нурдинов.
Канатбек Мурзахалилов жана Бакыт Нурдинов.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү Бакыт Нурдинов муфтияттын ишмердиги жөнүндө ой бөлүштү.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кандай реформага муктаж? «Дин эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү» мыйзамда ажылык менен умра зыяраттарын уюштуруу жана жөнгө салуу муфтиятка берилгени менен умраны уюштуруу маселесин муфтият эмне үчүн өзү чече албай келатат? Ушул жана башка суроолор «Биз жана дин» түрмөгүнүн өзөгүн түзөт. Суроолорду эксперт Канатбек Мурзахалилов узаткан.

Канатбек Мурзахалилов: - Учурда дин жаатындагы глобалдык жана өлкө ичиндеги тенденцияларды эсепке алуу менен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кандай жаңыланууга жана реформага муктаж?

Бакыт Нурдинов: - Дин жаатында глобалдык тенденция дегенде Түркияда, Малайзияда ал бир системага кирип калган. Мисалы, Түркияда «Дианет» деген чоң системдүү уюм бар. Бул уюмду мамлекет өзү каржылайт, көзөмөлдөйт жана көптөгөн жылдар ичинде Түркияда бул уюмдун иши системага түшүп калган. Малайзияда да ушул типтүү уюм бар. Аны да мамлекет көзөмөлдөйт. Бирок акча чогултуу жагы Түркияда да, Малайзияда да элден түшкөн каражаттын эсебинен чечилет. Булар ушул системаны иштеп чыккан. Бизге келсек, союз тараган 1991-жылдан бери Кыргызстанда дин эркиндиги болуп, дин өзүнчө мамлекеттен бөлүнүп чыккан. Постсоветтик Борбор Азия өлкөлөрү Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан да ошол жылдардан бери сиз айткан жаңыланууга, реформага келе жатышат. Орусияны айтсак ал жакта кичине башкачараак. Бирдиктүү башкаруу системасы жок. Ар бир облустарында өзүнчө муфтияттары бар, бири-бирине баш ийбейт. Кыргыз Республикасы дүйнөбий мамлекет деген менен жалпы коомчулуктун 80-85% мусулмандар түзөт дейбиз. Бизде иштеп жаткан диний система азыркы убакта жаңыланууга, реформага муктаж.

Канатбек Мурзахалилов: - Реформанын алкагында кеп кылсак. Мына, «муфтияттын вертикалдык-горизонталдык башкаруу түзүмүн системага салыш керек» деп коомчулукта айтылып жүрөт. Ушуну кантип системага салсак болот?

Бакыт Нурдинов: - Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы өзүнчө чоң уюм. Мисалы, өзүнчө чоң министрлик деп койсок болот. Өзүнүн карамагында Аалымдар кеңеши, тогуз казыят, 60тан ашуун райондук хатибияттар, мечиттер, намазканалар, андан сырткары билим берүү мекемелери бар. Муфтияттагы башкаруу түзүмүн вертикалдык деп айтсак болот. Чынын айтканда биздин системага азыркы учурда күчтүү менежерлер жетишпейт. Анан ар бир бөлүмдөрдө функционалдык милдеттер так коюлган эмес да.

Бир эле нерсени айтсак, ажы сапарына камдануу башталгандан бери аны уюштурууга жети-сегиз ай өтүп кетет. Ошол жети-сегиз айда ажылыкка башка бөлүмдөрдү да кошот. Ошондо системалуу иш жок дегенди билдирет.

Канатбек Мурзахалилов: - Иштеп жаткан «Дин эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамда ажылык менен умра зыяраттарын уюштуруу жана жөнгө салуу муфтиятка берилген. Бирок, умраны бүгүнкү күндө түрдүү туристтик компаниялар аткарууда. Эмне үчүн азыркы учурга чейин умра маселесин муфтият өзү чече албай келет? Ушул боюнча сиз кандай пикирдесиз?

Бакыт Нурдинов: - 2010-жылы Жогорку Кеңеш бул маселени карап, мекеме аралык комиссия түзүлгөн. Жогорку Кеңештин депутаттары Турсунбай Бакир уулу, Каныбек Осмоналиев жана Акылбек Жапаров атайын мыйзамга толуктоо киргизишип, «ажылыкты жана умраны муфтият гана өткөрө алат деген» беренени киргизишкен. Андан бери тогуз жыл өттү. Ажылыкты өткөрүү системасы өз жолуна түштү десек болот. Бардыгы электрондошуп, коррупциялык системалар баары бүтөлүп, умра калды. Анан умрага талап деле жок болчу. Мындан эки-үч жыл мурун ашып кетсе эки-үч миң киши барчу. Былтыртан бери умрага болгон талап күчөдү. 2019-жылы 11 миң киши барды. Азыркы убакта умраны уюштурууда 15 фирма иштейт. Укуктук жактан алганда да «Муфтият умраны кандай колго алат?» деген маселе калат. Менин оюмча, эки жол бар. Азирети муфтий Максатбек ажыга да эрк керек. Азыр умраны уюштуруу муфтияттын алдында түзүлүп, документациясы бүтүп, атаандашы катары чыгып жатат.

Эки жолу дегеним мындай – же 15 фирма менен келишим түзүлүп, кандайдыр бир сумма келишимдин негизинде муфтият аркылуу өтүшү керек. 15 фирма дипломатиялык түрдө иш жүргүзүшү зарыл. Бул бир жолу. Алар да, муфтият да иш жүргүзө берет. Эгерде пикир келишпесе, анда бул маселе муфтияттын эркинде болот. Анда муфтий мыйзамдуу түрдө карап, умраны алып коюуга укугу бар. Бирок мен биринчи жолу дипломатиялуу түрдө болот деп ниет кылып жатам.

Канатбек Мурзахалилов: - «Компромисске келүү жолу менен чечилет» деп жатасыз да?

Бакыт Нурдинов: - Компромисске келет. Себеби алар да канча жылдан бери иштеп жатышат да. Убагында 2014-жылы азирети муфтий бул нерсени алып коймок. Бирок, ошол убакытта деле «өйдө» жактан кийлигишип жатышып, кээ бирлеринин кызыкчылыгы болуп, азирети муфтий да ажылыкты жөнгө салууну приоритетке койгон.

Канатбек Мурзахалилов: - Биздин билишибизче, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жаңы уставы Юстиция министрлигинен жакында кайра каттоодон өттү. Уставга жаңы кандай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди?

Бакыт Нурдинов: - Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башкаруу органдарында түзүмдөр бар. Курултайдан башка, аалымдар кеңеши, азирети муфтий, облустук казыяттар, райондук хатибияттар жана жогоруда айтылган чоң система бар. Жаңы уставга өзгөртүүлөр киргизилди дегенде жакшы жазылган жактары да бар. Чала жазылган тараптары да жок эмес, менин көз карашымда. Курултайды өткөрүү мөөнөтү мурун үч жыл болчу, азыр төрт жыл болуп калды. Аалымдар кеңеши азирети муфтийди кызматынан ала алат. Дагы бир жагы тогуз казыны муфтий келишимдин негизинде кызматка алат. Бир жылдын ичинде, эгерде ал кызматтык милдетин аткарбаса, келишимди бузуп эле жумуштан бошотот. Азыркы кезде казыларды, райондук имам-хатибдерди жумуштан алуу өтө оор болуп жатат. 10-15 жылдан бери иштеген жерин менчиктеп, ордун бербеген казылар деле бар. Анан ар бир казыны, райондук имам-хатибди жергиликтүү мамлекеттик органдар менен макулдашат. Өзгөчө өзгөртүү киргизилгени аалымдар кеңеши, азирети муфтий, казы, муфтияттын бүт бөлүмдөрүнүн жетекчилеринде, казынын эки жардамчысында эки жогорку билим болушу керек. Биринчиси дүйнөбий, экинчиси фундаменталдык диний жогорку билими болушу зарыл.

Канатбек Мурзахалилов: - Эски устав боюнча аалымдар кеңешин курултай шайлашы керек да.

Бакыт Нурдинов: - Азыр деле курултай шайлайт. Бирок аны кимдер тандайт дегенде маселе бар. Мисалы, Жогорку Кеңеш партия аркылуу шайланып келип жатпайбы. Бул жерде эски аалымдар кеңеши сунуш кылган «аалымдар кеңеши курултайга чыгарат» деген нерсе киргизилип калган да. Анан ал жерге критерийлер коюлган эмес. Мисалы, эки дипломдуу кишилерди ким конкурстан өткөрөт? Ал жерде так жазылган, «азирети муфтийди, борбордук текшерүү комиссиясынын жетекчисин аалымдар кеңеши шайлап, курултайга бекиттирет» деп жатат. «Аалымдар кеңеши өздөрүн өздөрү шайлайбы?» деген жагы чийки каралып калган. Менин да ошол жерде күмөнүм турат. Аалымдар кеңешин ким тандайт? Ушул жерде мүчүлүштүктөр бар.

Канатбек Мурзахалилов: - Муфтияттын жаңы уставды иштеп чыгышына кандай себептер түрткү болду?

Бакыт Нурдинов: - Буга эң негизги түрткү - дин жаатындагы 2014-жылдан 2020-жылга чейинки иштелип чыккан атайын концепция. Бул азыркы маалдын талабы. Биз жылышыбыз керек. Реформа кылышыбыз керек. Жаңылануу болуш керек да.

Канатбек Мурзахалилов: - Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылды «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыялаган. Муфтиятта да санариптештирүү жана өз түзүмүн тартиптештирүү боюнча жумуштар аткарылып жатабы?

Бакыт Нурдинов: - Аткарылып жатат. Бул боюнча аалымдар кеңеши да, азирети муфтий да жанагы концепциянын негизинде эки маселени көтөрүп чыгышкан. Биринчи - ажылыкты толук электрондоштуруу. Азыркы убакта ажылык толук электрондоштурулуп, санариптештирилди десек болот. Бул өз жемишин бере баштады. Экинчи маселе - каржы маселеси, бухгалтерияны тартиптештирүү. Ошого «1 С» программасы муфтиятка 2014-жылы кирип, андан бери токтоп калган. Эки-үч жыл мурун азирети муфтий да ушул демилгени көтөрүп, аалымдар кеңешине чыккан. Борбордук текшерүү комиссиясына жүктөлүп, азыркы убакытта тогуз казыятка «1 С» программасы толук кирип бүттү. Отчёт башталды. Бул убакытты да талап кылат экен. Биз ошону менен иштеп жатканда көрүп жатабыз. Анан каржыны аалымдар кеңеши бөлүп берип жатат. Эми толук бүткөндө «окутуу, коштоо, көзөмөл» деген үч этап турат экен. Бул убакытты алат. Азыр 62 имам-хатибияттарды ушул программага кийирүү, андан сырткары 90дон ашуун билим берүү мекемелерин финансылык жактан санариптештирүү, тартиптештирүү жүрүп жатат. Буюрса, январь айында аалымдар кеңешинде отчёт болот. Аалымдар кеңеши бул ийгиликтүү болду десе, анда кийинки жылы хатибияттарда да башталат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG