Линктер

шейшемби, 12-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 06:53

Диндеги апыртуунун пайдасынан зыяны көп


Иллюстрациялык сүрөт.

Диний аң-сезимдин артта калышы жалпы маданий абалдын артта калышын толугу менен шарттайт. Андыктан диний маданият, аң-сезим тууралуу кеп жамы журтту кызыктырган маселе экенин эске сала кетким келет.

Диний аң-сезимибизди талкалаган түшүнүктөрдүн эң башкыларынан бири - бул «тарыхты ыйыкташтыруу» илдети деп атаганга толук негиз бар. Бул жерде ислам тарыхындагы кээ бир доорлордун, каармандардын апыртылып ыйыкташтырылып кеткендиги тууралуу кеп болмокчу.

Тарыхый талдоо

VIII кылымдан тартып дээрлик XIII кылымга чейин ислам маданияты алтын доорун баштан өткөргөнү белгилүү. Андан кийинки доорлордо бир жагынан маданий өсүш токтоду же артка кетти, экинчи жагынан өзгөчө Батыш маданияты өсүп кетти. Натыйжада бир кезде цивилизация курган коомдун урпактары жарышта озуп бараткан маданият менен теңтайлаша албай турган доор башталган. Теңтайлашуу мүмкүн болбой калган соң өзүн-өзү сооротуу максатында «бир кезде биз мындай кыйын элек, тигиндей улуу элек» деп мактанып олтуруп, аябай чиелешкен тарых түшүнүгүн калыптандырып алдык. Тактап айтканда, ошол учурда гүлдөп өнүгүп жаткан Батыш маданияты менен мусулман маданиятын жарыштырам деп отуруп, дээрлик мифтешкен тарых пайда кылып алдык.

Өзгөчө Мухаммед пайгамбар жашаган доор, пайгамбардын жана анын досторунун (сахабалар) башынан өткөн окуялар өтө ыйыкташтырылып, догмалаштырылып, дээрлик мифтештирилип кеткен. Анткени Батыш маданиятынын каршысында эң эле катуу мактанарлык материал катары аз. Мухаммед бар эле. Бирок бул абал эл оозунда нукуралыгын жоготуп, апыртылып, саясатташтырылып кеткен.

Тарыхты бурмалоонун кесепеттери

Жаңы илимий пикир айтылып чыгары менен ал кишини дароо дин душманы катары жарыялап, акаарат жаадырмай көнүмүш адатка айланган.


Бүгүн, өзгөчө кээ бир ислам аалымдары жаңылбас, илими кынтыксыз, өзгөчө зээндүү катары кабылы алынып, аларга карата айтылган кыпындай сын-пикирге кан кайнап кетиши так ушул илдеттин башында турат.

1. Тарыхтагы ислам аалымдарын бүгүнкү ислам изилдөөчүлөрдүн академикалык этига туура келген таризде сынга алышы, алардын ой- пикирлерине альтернативалуу ой-пикир жаратышы табигый көрүнүш болууга тийиш. Илимдин так ушундай жол менен өнүгүшү - тарыхый, тажрыйбага айланган чындык. Так ошол табуга айланган тарыхый баяндардан улам бир канча кылымдан бери ислам дүйнөсүндө балта сапке жарагыдай илимий өнүгүү жокко эсе. Анткени канчалык Куран менен сүннөттүн сызыгынан чыкпаса да, жаңы илимий пикир айтылып чыгары менен ал кишини дароо дин душманы катары жарыялап, акаарат жаадырмай, жада калса кол салууга чейин аша чапмай көнүмүш адатка айланган. Дин аалымынын илимий пикиринин салмагын көчө жиндисинен дароо фанатка айланган зөөкүр өлчөп калган жерде - мусулмандардын маданий деңгээлин жогорулатып, башкалар менен жарыша ала турган абалга чыгаруучу исламдык окуунун уруктары көгөрбөйт, өсүп-өнүкпөйт.

2. Алсак, мечиттердеги диний насааттарда биологиялык, физикалык, анан да теологиялык чындыкка дал келбеген окуялар, каармандар тууралуу көп айтылат. Олуялардын учканы, аккан сууну артка кайтарганы, кумгандагы сууну карап туруп эле кайнатып жибергени тууралуу икаялар, сахабалардын баары өтө адептүү, деги эле күнөөгө жакындабаган, өмүрүндө саналуу гана майда-барат күнөөгө илинген адамдар болгону тууралуу маалыматтарды, аз. пайгамбардын Айды экиге бөлгөнү, суусуз калганда манжаларынан суу агызып сахабаларга ичиргендиги сыяктуу окуяларды ушуга мисал келтирсе болот.

Өзүн мечитте сөз болгон сахабаларга, аалымдарга салыштырып, өзүнөн үмүтү үзүлүп ыйлаганда карап туруп, «атаганат, ал сахабалар деле болсо сенчелик адам болсо керек эле, көп кайгырбачы» дей койгуң келет экен.


Чын-төгүнүн сурап такташтырганга толук шарт түзүлгөн эмес - молдо баян айтат, калгандары угат. Угармандын ичинде жомокко окшогон окуялар чындап эле тарыхта болуп-болбогонун сурай алгыдай эрктүүсү аз, ал эми молдокелердин ичинде ага илимге таянып жооп бергидей билимдүүсү аз. Ат тезегин кургатпай тарыхый адамдарды ыйыкташтыра бергенибиз аз келгенсип, «силер билбейсиңер, акылыңар жетпейт, адашып каласыңар, аалымдар гана билет, алар мындай/тигиндей укмуш, биз алар сыяктуу боло албайбыз» деген сөздөр менен мечитке тозоктон коркконунан улам жүрөгү түшүп келген угармандын өзүнө болгон ишенимин сындырып салабыз. Ушундан улам аракет кылса аалым боло турган балдарыбыз коркок билиш бир угарманга гана айланып калып отурат. Дагы бир кесепети: биздин коомчулуктун ушундай нерселерден бара-бара жатыркабай калышы чыныгы билимдүү адамдардын исламга болгон көз карашын тескери жагына өзгөртөт. Натыйжада билимдүү адамдардын катмарында өсүп-өнүгө турган, Курандагы кылдат адептик номаларга, укмуш принциптерге негизделген ислам маданияты туура адамдардан куржалак калып, чөгө берет.

3. Акыркы кылымдын психологиялык изилдөөлөрү тастыктагандай, ийгиликтүү болуш үчүн адамдын өзүнө болгон ишеними (self-reliance) жогору болушу керек. Биз аларды негизсиз эле жерге ыйыкташтырып, өзүбүздү паска чаап жатабыз. Тактап айтканда өзүбүздүн бурадарлардын өзүнө болгон ишенимин өлтүрүп жатабыз. Өзүнө өзү ишенбеген адамдан дурус, күчтүү, чечкиндүү, билимдүү мусулман болуп беришин күтүү натыйжасыз болот. Кыскасы «алар укмуш болгон, кыйраткан, биз дээрлик кайрадан туулсак да алардай боло албайбыз» деген маанидеги баяндардын көп айтылышы бизди алдыга эмес, артка тартат. «Биз күнөөкөр болдук, Кудай кечирбесе тозокто мынтип күйөбүз, тигинтип өрттөнөбүз» деп өзү кедей, укуктары, мүмкүнчүлүктөрү чектелген, эптеп бала-чака багып жаткан байкуштарды коркутуп, аларды мечитте ыйлаткан сайын, балким кайсы бир мааниде адамды жок кылып аткан болбойлу? Өзүн мечитте сөз болгон сахабаларга, аалымдарга салыштырып, өзүнөн үмүтү үзүлүп ыйлаганда карап туруп, «атаганат, ал сахабалар деле болсо сенчелик адам болсо керек эле, көп кайгырбачы» дей койгуң келет экен.

Жыйынтык

Бул жагдайдан сабак чыгарып, диний маданияттын өнүгүшү үчүн ташталышы керек болгон кадамдардын бири - туура ислам тарыхын түшүндүрүү иши. Бул үчүн муфтият мечиттерде баян үчүн колдонулган китептерди көздөн өткөрүп, тарыхый чындыкка дал келбеген, илим-билимге каршы келген компоненттерди таап, тийиштүү чара көрүүгө тийиш деп ойлойм.

Тийиштүү компоненттерин таап, колдонмо китептерден чыгарып, кийин да мечиттеги диний насааттар канчалык туура нукта баратканын көзөмөлдөөдө муфтияттын чечими же кадамы - илим-билим менен догманын, табунун, балким кара ниеттиктин ортосундагы тандоо боло тургандыгы түшүнүктүү болду окшойт.

Кантсе да Кудайдан үмүт үзбөйлү. Аракет бизден, ийгилик Кудайдан!

Элмурат Кочкор уулу

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (88)

XS
SM
MD
LG