Линктер

жума, 18-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 08:42

Келме келтирүү - бейиштин кепилдиги эмес


Элмурат Кочкор уулу.

Бир канча жыл мурда Куддус шаарын көрүп келейин деп баргам. Ал жердеги мусулмандардын жашоо-шарты оор экенин көрүп, эс алганым деле ойдогудай өткөн жок.

Тазалык, тартип, кызмат секторлору жана эң эле негизгиси - коопсуздук жагы эч бир купулума толбой койду. Бирок булардын баарынан ашып түшкөн кейиштүү көрүнүш - билимсиз, иреттүү жашоосу жок, келечектен үмүтү үзүлгөн жаштардын топ-топ болуп, ары-бери шагырап басып, максатсыз убакыт коротуп калганын көргөнүм болду. Албетте, бай арабдар деле бар экен, бирок көбү өзүнчө кичирайондордо, обочолонгон шартта жашайт.

Бир күнү, Акса мечитинде жума намазы окулган соң, ал жердеги имамдын жардамчыларынын бири жеңин түрүнүп, белди бекем байлап сыртка чыкты. Ары-бери өтүп жаткан туристтерге «Сиз менен сүйлөшсөм болобу, бир аз убактыңызды бөлөсүзбү?» деп бир канча метр ээрчип барып жатты. Акыры бир аял токтоп, аны менен сүйлөшө баштады. Чамамда Европа өлкөлөрүнүн биринен келген аял болчу. Өзүм теолог болгон үчүн мага да кызык көрүнгөнүнөн бир кулакты ал жакка таштап коюп, башка жакты карамыш болуп мечиттин түркүгүнө жөлөнүп тура бердим. Жанагы киши турист аялды мусулман болууга үндөй баштады. Аялга да кызык көрүндүбү, билбейм. «Макул дейли, мен кантип мусулман болом? Бул узак убакытты, өзгөрүүнү талап кылса керек. Мен болгону бир канча күнгө гана туристтик максатта келген болчумун да», - деди. Буга жооп катары: «Болгону беш эле мүнөтүңүз кетет. Шахадат келмесин айтсаңыз эле мусулман болуп каласыз, акыретте бейишке киресиз...», - деп бир кыйла сүйлөдү. Мен бул логикасыз, акылга сыйбаган сөздүн биринчи эле сүйлөмүндө пикиримди айтайын дедим. Көрсө ал жердеги турист аял да молдокенин сөзүн аягына чейин угуп туруп: «Кантип эле мен бир нерсени айтып туруп эле мусулман болуп, анан сиз айткан жыргалчылыкка татыктуу болуп калам? Менин бүтүндөй өмүрүм өткөн башка диний түшүнүгүм, маданиятым, дүйнө таанымым жана өтмүшүм бар да. Мусулман болуш үчүн алар менен дагы эсептешиш керек го, менимче...», - деп айтты. Мусулмандан логикасыз, биз тоготпогон «капырдан» аябай логикалуу сөздөр чыккан сайын бир бет кызарат эми...Тиги тууган болбой эле кайра-кайра «келмени айтып, кайталап кой, дароо мусулман болуп жыргайсың» деп жаагы жабылбай жатты. Анын мындай логикасыз формуласына турист аялдын эч эле ынанбай жаткандыгы, мимикаларынан, оозун чүйрүп желкеси менен каштары көтөрүлүп, түшүп жатканынан белгилүү болуп жатты.

Келме келтирүү мусулманчылыктын эң негизги шарты болуп саналары шексиз. Бирок маанисин терең түшүнбөсө деле арабча бир сүйлөмдү айтуу менен «мусулманчылыктын эң негизги талабын орундаттым» деп эсептөө - өтө чоң жаңылыштык. Тактап айтканда, көпчүлүк ошол келме келтирүү менен бейишке кирүү маселеси чечилип бүттү деп ойлойт. Аныгында ошол келмени айтуу менен бейишке кирүүнүн эң алгачкы кадамы гана ташталган болот. Бардык нерсе мына ошол келмени айткандан кийин башталат.

Теологиялык талдоо

Негизи, келме келтирүү, т.а. «Алладан башка Кудайдын жок экендигине, Мухаммед анын кулу жана элчиси экендигине күбөлүк берем» деп айтуу чоң жоопкерчиликти талап кылат. Мындай жоопкерчиликтүү принциптин - мусулманчылыктын негизги пайдубалы болушу толугу менен орундуу десек болот. Тактап айтканда «Кудай катары бир гана Алланы тааныйм» деген ант/касам - «акчаны, мансапты, жеке кызыкчылыкты Кудай кылып албаганга ант берем» деген мааниге келет.

Келме келтирүү - «Алланын мыйзамдарына т.а. адилет коомду түзүш үчүн Куранда айтылган кылдат адептик нормаларга баш ийип жашайм» деген мааниге келген. Кудай менен адамдын ортосундагы келишим болуп саналат.

Келме келтирүү Курандагы «намаз оку, орозо тут, ажыга бар» деген сыяктуу оңой буйруктар менен кошо эле Курандагы «калп айтпа, чагым салба, бирөөнүн акысын жебе, башкаларга кылган мамилеңде дурус бол» деген оорураак буйруктарды да аткарууну талап кылат.

Келме келтирүү Куранда «намаз оку жана зекет бер» деген буйруктун жарымын аткарып, калганын аткарарда чөнтөккө колду жакындатпай туруп калба, курсагы жакшылап тойбой жаткан бурадарды көргөндө «Алла жардам берсин» деп жарымы шылдың, жарымы чын дуба айтып, жанынан өтүп барып кымбат темир тулпар менен мечитке чапкылабай, токочуңду бөлүшө бил деген мааниге келет.

Мухаммед - Кудайдын кулу жана элчиси экендигине күбөлүк берүү - анын канча аял алганын, кантип кийингенин, канча сакал койгонун тууроо эмес, анын берешендигин, кайраттуулугун, эмгекчилдигин, боорукерлигин, сабырдуулугун өрнөк тутуп, жоопкерчилик алуу деген мааниге келет.

Мындай карап көрсөк, келме келтирүү - өзгөчө биздин мусулмандарга аябай керектүү ант, принциптердин жыйындысы экендиги чындык. Бирок мунун маңызын таштап, кабыгына жабышып биз Кудайды алдай алмак белек? Эмне үчүн Кудай ага амал кылган мындай турсун, маанисин да толук түшүнбөгөн, арабча бир сүйлөмдү тили келип-келбей айткан адамды бейишке киргизип жиберсин? Биз, мусулмандар, бир канча кылымдан бери жалкоолука көнүп калгандыгыбыз үчүн ой жүгүртүүбүз да ошондой, эмгек сиңирбей туруп эле оңой жолдон ийгиликке жете калуунун бүт эшигин каккылап чыкканбыз го, чиркин.

Андыктан биз ыклас коюп: «Биз чындыгында мусулман болгубуз келеби?» деген конкреттүү суроону өзүбүзгө беришибиз керек деп ойлойм. Бир канча кылымдан берки ар бир ийгиликсиз учурубузду Кудайдын тагдырына шылтап, эмгек талап кылган бардык нерсеге оңой жол менен жете калуунун айласын кылып, өзүбүздү өзүбүз алдап келе жатабыз. Буга эң чоң мисал - дал ошол шахадат келмесинин түпкү маанисин аттап, аны тилдин учу менен айта салып эле кепилдик катары бейишти ала калууга ашыккандыгыбызды айтсак болот.

Ислам тарыхынан белгилүү болгондой, азирети Мухаммед исламды жайылта баштаганда, ага каршы чыккан мушриктер Мухаммедге көп байлык, сулуу кыздарды сунуш кылышкан. Алардын сунуш катары айткан бир гана талабы (Мухаммеддин) - исламды жайылтуу деген миссиясын токтотушу болгон. Эми ойлоп көрүңүз, мушриктер эмне үчүн пайгамбарга мынчалык көп нерселерди сунуш кылганга чейин барышкан? Анткени алар шахадат келмесин айткан соң андагы жоопкерчиликтерди мойнуна алган болуп эсептелерин билишкен. Т.а. ал келмени айтуу - ошол учурдун мушриктери бийлеген коомдук түзүмдүн кыйроосу деген мааниге келерин билишет эле. Алар келмени айтуу - Меккенин тегерегин байырлаган зөөкүрлөрдүн укуктарынын талкаланышы, адамды кулчулукка алган көнүмүш практиканын токтошу, теңдик өкүм сүрө башташы, авторитардык эмес, демократиялык башкаруунун келиши деген мааниге такаларын билишет болчу. Мына ушуларга макул болбогондугу үчүн, оор жүктү, жоопкерчиликти көтөрүүдөн тайсалдап, ыйман келтирбей (келмени айтпай) тырышкан. Ыйман келтирүү - биздин бүгүнкү чала мусулманчылыгыбыздай болуп «Кудай жалгыз, Мухаммед анын элчиси» деп айтып коюп, кийин Курандын адептик прицибине (универсалдуу адептик принциптерге) жакындашпаган жашоо таризге сүңгүп кирип кетүү эмес. Эгер мындай болсо ошол учурдагы Меккенин мушриктери азирети Мухаммеддин алдында чөгөлөшмөк эмес! Так ушул шахадат келмесин жайылтканы үчүн мушриктер аны өлтүрүүгө чейин аракет кылып аша чабышты.

Жыйынтык

Демек, ыйман келтирүү - тилдин учу менен айтылып эле тим болгон диний ритуал эмес. Ал - түп-тамырынан берки социалдык оңолуунун пайдубалы болуп саналат. Ал - тилден чыгары менен бейишти кепилдикке алуу эмес, адамды бейишке талапкер кылган эң алгачкы кадам. Андыктан Кудай бардыгыбызга келмени айтууну жана анын салмагын көтөрө билген адамдардан болууну насип кылсын! Аракет бизден, ийгилик Кудайдан!

Элмурат Кочкор уулу, Түркия

(Автордун пикири «Азаттык» радиосунун көз карашын билдирбейт)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (56)

XS
SM
MD
LG