Линктер

дүйшөмбү, 14-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 14:04

Кылган күнөөбүздү тагдырга шылтабайлы...


Элмурат Кочкор уулу.

Элмурат Кочкор уулунун тагдыр, бешене түшүнүктөрү тууралуу ой толгоосу.

Ислам маданиятын артка тарткан факторлордун бири «тагдыр» (Арапчада «кадар») түшүнүгү. Бул тууралуу кеп кылууга балким бир макала аздык кылаар, ошентсе да баштап көрөлү.

Биз тагдырды жараткандын бешенеге жазган, адамды өмүр бою ошого жараша жашаганга мажбур кылган кыймыл-аракеттердин, кадамдардын топтому катары түшүнөбүз.

Жөнөкөй тил менен айтканда, «Кудай белгилүү бир сценарийди жазат, адам ошол сценарийдин чегинен чыкпай жашап өтөт» деген түшүнүк аң-сезимибизге бекем орноп калган.

Куранда Кудай пенделерин сыноо максатында жаратканы тууралуу бир нече аят бар.

Демек, Кудай пендеге эркин тандоо мүмкүнчүлүгүн берген. Татыктуу жашайсызбы же өмүрдү бекерге коротосузбу аны өзүңүз гана чечесиз.

Болбосо абсолюттуу адилеттүү Кудай бешенесине жазылган даяр сценарийди кынтыксыз орундатып келген пенделеринин бирин бейишке киргизип, калгандарын тозокко түртүп салмак беле?

Албетте, бул биздин бир гана диний жашоо таризибизди эмес, жашообуздун дээрлик бардык жаатын артка тарткан, талкалаган түшүнүк. Сөзүм куру болбошу үчүн тарыхтан бир-эки мисал бере кетейин.

«Тагдыр» түшүнүгүнүн кесепети

Умар бин Абдулазиз ислам тарыхында адилеттүүлүгү менен даңкы чыккан эң абройлуу башкаруучу болгон.

Бул киши бийликке келгенде ошол доордогу чоң курсактарды чогултуп, мамлекеттин байлыгынын төрттөн үч бөлүгү алардын колунда экенин айтат.

"Бир канча кишинин ыракаты үчүн эл ачка калбашы керек. Байлыгыңарды элге адилеттүү бөлүп берүүгө макул болгула" деген мааниде эскертүү берет.

Бирок сөөлөттүү адамдар бул шартты аткаруудан баш тартышат. Өздөрүнүн бай болгонун да, калган элдин ачка отурганын да жараткандын амири катары бетке кармаганга аракет кылышат.

Ошентип элдин кызыкчылыгын коргогон бийлик менен акчалуулардын ортосунда айыгышкан күрөш башталат. Тилекке каршы, бул кармаш эки жарым жылдан кийин Умар бин Абдулазиздин ууландырылып өлүшү менен аяктайт.

Бул ислам тарыхынын нугун белгилеген маанилүү окуялардан бири. Бул кадамдын кесепетин ислам дүйнөсү ушул күнгө чейин тартып келет.

1991-жылы ажыга аттанган кишилер "шайтанды" ташбараңга алганы баратканда алардын жолу убактылуу жабылган. Анткени ошол жолго жакын жерден араб шахзадасы өткөн.

Мунун натыйжасында расмий билдирүү боюнча 1600дөй, ал эми бейрасмий билдирүү боюнча 6000ге жакын ажы тебелендиде калган.

Эң кызыгы, мына ошол адамдардын өлүмүн тийиштүү жетекчилик Кудайдын буйругуна же тагдырга шылтап, жоопкерчиликтен жеңил кутулган.

Курандагы «тагдыр» түшүнүгү

Куранда тагдыр түшүнүгү «өлчөм, кылдат эсеп» деген мааниде колдонулат (Камар сүрөөсү, 49-аят).

Тийиштүү аяттагы Кудайдын бардык нерсени бир «кадар» менен жараткан дегени - бардык нерсе өтө кылдат, ийне-жибине чейин эсептеп жараткан деген маанини билдирет. Айлана-чөйрөдөгү кубулуштарга эле көз салсак, укмуштуудай гармония иштеп жатканын көрүүгө болот эмеспи.

Көрүнүп тургандай, Курандагы тагдыр түшүнүгүнүн кишинин эркиндигин чектөө, анын кыймыл-аракетин детерминациялоо менен эч кандай байланышы жок. Ансыз деле эркин кадамдарыбыздан улам акыретте жоопко тартылуу акыйкаты - эч бир учурда Кудай тандообузду чектебегенинин эң чоң далили болуп саналат.

Жөнөкөй тил менен айтканда, эгер адам баласы бешенесине жазылган нерсени робот сыяктуу эле аткарып өтүп кете берсе, анда кылган жакшылыгы үчүн сыйлыкка татып, кылган жамандыгы үчүн азапка батмак эмес.

Андыктан тагдыр - адамдын тубаса өзгөчөлүгү жана ошол эле учурда жашоосунун ажырагыс чындыгы катары кабылданууга тийиш.

Адам аял же эркек болууну, кайсыл өлкөдө, кайсы улуттун өкүлү же кимдин баласы болуп төрөлүүнү тандай албайт. Бирок ага ак-караны айырмалоого мүмкүнчүлүк берилет. Ошого карабай адамдар өзүнүн кетирген катасынан, туура эмес ой жүгүрткөнүнөн улам келип чыккан кесепеттерди «тагдырга» же Кудайга шылтай салганга көнгөн.

Тарыхта «тагдыр» түшүнүгү

Адам чыныгы Адам болгусу келбесе, ага эч нерсе жардам бере албайт десек болот.

Ошого карабай тагдыр түшүнүгүн тайкы мааниде талдоо - ислам тарыхындагы саясий окуяларга барып такалат. Тактап айтканда, бийликтин былыгы көбөйүп, ага карапайым элдин каны кайнап чыккан учурларда "тагдыр" деген сөздү тынчтандыруучу ыкма катары колдонушкан.

«Кудайдын бешенеңерге жазганын танасыңарбы? Бул силердин тагдырыңар, ага баш ийип жашоого милдеттүүсүңөр» деген өкүмдарлар.

Өп-чап турмуштан кыйналган момун адам муну укканда «бул дүйнөдөн жыргабадым, эми акыретимди да талкалап албайын» деп коркот да.

Буга мисал катары азирети Алиден бийликти тартып алган Муавия бин Абу Суфяндын эл өзүнө каршы көтөрүлгөн кезде «Силерге кожоюн болгонум - менин тагдырым, мага баш ийип жашаганыңар - силердин тагдырыңар» деген маанидеги эскертүүсүн айтса болот.

Тагдыр - бул биздин тубаса өзгөчөлүктөрүбүз. Кудай эч бир пендесине жамандык жазбайт. Жашообуздагы биз Кудайга шылтаган жамандыктын баары адамдардын жаңылыштыгы, күнөөсү гана.

Адатта биз кедейликти тагдыр катары көрөбүз. Чындап карай келсек, бир адамдын бай же кедей болушу тийиштүү укуктук түзүм, экономикалык система жана саясий абалга жараша эмеспи. Тактап айтканда, адамдын бай же кедей болушун адам гана белгилейт.

Дүйнө азырынча акчалууга дагы көп акча табууга, кедейди баткакка белчесине чейин батырууга ылайыкташкан системадан кутула элек.

Алыска барбай эле өз өлкөбүздү алалы. Оокаттуунун баары эле бешене тер менен байыбаганы белгилүү. Ыплас жол менен мансапка жеткендер тууралуу айтылып, жазылып эле келе жатат.

Буга ким күнөөлүү? Албетте Кудай эмес, топук кылганды билбеген ачкөз кишилер күнөөлүү. Болбосо Кыргызстанда курсагы тойбой калган балдарда Кудайдын өчү бар бекен? Же алардын кыйналганынан Кудай ыракат алабы?

Андыктан башыбызга келген мүшкүлгө макул болуп, баарын Кудайга шылтаардан мурда, окуяны кылдат талдоого үйрөнөлү. Анүчүн албетте Куранда айтылгандай билим алууга, булактын көзүн ачууга умтулуу керек. Болбосо, кайсы бир ыймансыз, адилетсиз адамдардын жыргалчылыгы үчүн иштеп, жарык дүйнөнүн кереметин сезбей өтүп кетүү турган иш.

Элмурат Кочкор уулу, Түркия

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (24)

XS
SM
MD
LG