Линктер

шаршемби, 21-август, 2019 Бишкек убактысы 19:28

Исламды «салттуу» деп чектеген болбойт


Кыргызстан өзүнүн диний саясатында «салттуу ислам» деген терминди колдонуп келет. Бул терминди колдонуу менен бийлик өкүлдөрү дүйнөлүк динди өлкөнүн чектеринде кармоого аракет кылууда.

Ошол эле убакта «салттуу ислам» деген түшүнүктү сүрөмөлөө менен мыйзамда көрсөтүлгөн дүйнөбий өзгөчөлүгүнө доо кетирип жатат.

Эгемендик алаары менен өлкөгө жаңы диний агымдар кирип келди. Көпчүлүгү христиан динине таандык агымдар. Андан тышкары ислам багытындагы агымдар да бар. Айтор, бул чакан тоолуу өлкөгө Советтер Союзунан мурас калган улуттук көп түрдүүлүктүн үстүнө диний көп түрдүүлүктүн пайда болушуна алып келди. Азыркы күндө Борбор Азияда жайгашкан кошуналарына салыштырмалуу Кыргызстанда диний көп түрдүүлүк күчөп жатат.

Ушундай шартта Кыргызстандын бийлиги диний чөйрөдө мамлекеттик саясат жүргүзүш үчүн 2014-жылы концепция иштеп чыккан. Концепцияда мамлекеттин түзүлүшүнө дин аралашпаганы, поликонфессиялык экени, өлкө коомдун кайсы бир бөлүгүнө эмес, бүткүл коомго кызмат кылаары айтылган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамына шилтеме кылуу менен өлкөдө эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес экени белгиленген (1-бет, Концепция).

Бирок ошол эле документ өлкөдө ислам динин, анын ичинен ханафи мазхабын өнүктүрүүгө шарт түзүп берүүнү көздөйт.

«Диний чөйрөдөгү мамлекеттик-конфессиялык мамилелерди жана процесстерди гармониялаштыруу приоритеттеринен алганда, улуттук коопсуздукту жана маданий өзгөчөлүгүн камсыз кылуу максатында мамлекет ханафий жана матуридий дин ынанымынын диний-укуктук мектебинин негизиндеги сунниттик исламдын салттуу сабырдуу формаларын чыңдоо жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт. Кыргыз Республикасынын жарандарынын көпчүлүгү туткан бул багыт этностук жана диний көп түрдүүлүк шартында диний сабырдуулукка, жакшы коңшулаштыкка, өз ара урмат-сыйга жөндөмдүү экендигин далилдей алды». (10-бет, Концепция).

Концепция менен катар усулдук материалдар да жарык көрүп, аларда бул тууралуу (ханафи мазхабын өнүктүрүү) ачык эле айтылган. Эмне үчүн бул билдирүү көйгөйлүү экенине көңүл бургум келет.

[...] диний фундаментализм, радикализм жана экстремизм пикирлеринин жайылуусу менен күрөшүү максатында, мамлекет өлкө мусулмандары үчүн салттуу болгон исламга колдоо көрсөтөт. Жогоруда белгилеп өткөндөй, салттуу ислам – бул өлкө мусулмандары үчүн негиз болгон Куран менен Сүннөттү карманууда, исламга каршы келбеген жергиликтүү өзгөчөлүктү жана маданиятты тааныган дин болуп саналат. [...] Кыргызстанда ата-бабаларыбыз тарабынан кылымдардан бери тутунуп келген исламдын баалуулуктарын тагыраак түшүнүшү үчүн ушул «салттуу ислам» терминин колдонуу кажети туулуп олтурат. (Усулдук материалдын корутундусу, 2015-жыл, 31-бет).

Бул, биринчиден, өзүн дүйнөбий/секулярдык деп тааныган мамлекет үчүн жоболордун бузулушу дегенге жатат.

Экинчиден, Кыргызстандын бийлиги «салттуу ислам» деген термин аркылуу бул диндин ичиндеги мазхабдын Борбор Азиядагы версиясын, бери эле дегенде обочолонтуп кыргыз версиясын көрүүгө аракет кылып атат. Анткени ханафи мазхабын кармангандар Сирияда да, Ооганстанда да, Египетте да, Бангладеште да бар. Анын үстүнө Кыргызстандагы мусулмандардын баары эле ханафи мазхабынын өкүлдөрү эмес. Ханафизмге артыкчылык берүү менен өлкөдөгү башка мусулмандар көңүлдөн сыртта калууда. Бардык диндерге бирдей мамиле кылынмак турсун, ислам дининин өкүлдөрүнүн арасында тең мамиле жасалбай калат. Бийлик өзүнө алган чоң жоопкерчиликти так аткарбай жатат.

«Салттуу ислам» деген түшүнүктү колдоп, сүрөмөлөө менен бул терминдин аныктамасына кирбегендердин ишеними эмне болот? «Салттуу» жана «салттуу эмес» ислам деп талкуулаган сайын, бири-биринен «салттуулукту» издеп атып, бул өлкөдөгү мусулмандардын ого бетер бөлүнүп-жарылышына алып барбайбы?

Ислам динин обочолонтуп кармоо практикасы Советтер Союзунда болгон. Дал ошол учурда ислам Борбор Азияда жергиликтүү формага өтүп, элдердин маданиятынын бир бөлүгү катары кабыл алына баштаган. Ага чейин негизи бул аймак ислам дүйнөсүнүн бир бөлүгү, болгондо да эң салмактуу бөлүгү болуп келген.

Эгемендиктен кийинки доорубузда адамдар, идеялар, тажрыйбалар саякаттоодо. Ага карабастан кыргыз бийлиги өлкөдө бир типтеги мусулмандарды көргүсү келип атат. Өзгөчө азыркы физикалык эле эмес, маалымат алмашуу чектери жоюлуп жаткан маалда, дүйнөлүк динди союз маалындагыдай обочолонтуп кароо акылга сыйбаган иш.

Бул жөн гана табигый процесс. Өлкөдөгү ислам обочолонгон учур аягына чыгып, кайра дүйнөлүк ислам менен аралаша баштады.

Кимдир-бирөө эгерде кыргыз болсо демек ал мусулман деген көз караштар да Союз кезинде калыптанган. Бул, албетте, сырттан таңууланган көз караш. Чын-чынында ар бир инсандын диний ишеними өз ичинде болот эмеспи.

Адамдарга эмнеге ишеништи, кантип ишеништи үйрөтүүнүн кажети жок. Ар бир адам өз ишенимин өзү аныктайт. Ким динди үйрөнгүсү келсе, ал өзү диний билим берген мекемелерге кайрылып окуп алса болот. Андан көрө бийлик ошол медреселердеги, ислам институттарындагы билим берүүнүн сапатын жакшыртууну колго алса болмок.

Жаштардын арасындагы сакал коюу жана кыз-келиндердин арасындагы хижаб кийүү көрүнүштөрүн эле мисал катары алалы. «Кыргызда атасы тирүү түрүп сакал койгон эмес, турмушка чыга электе жоолук оронгон эмес» дегендер азыркы күнгө чейин кездешет. Ал эми бул окуянын эки тарабында тең өздөрүн мусулман деп эсептегендер турат. Ошондой эле, жума намаз үчүн тыныгууну эки саатка узартуу демилгесине каршы чыккан эл өкүлүнүн окуясын айтсак болот. Ага байланыштуу көрүнүктүү аалым «эгерде муфтий кызматында болгондо, бул демилгеге каршы добуш бергендердин жакшылык-жамандыктарына имамдарды катышпоого» үндөгөнү да өлкөдө диний радикализм темаларын кайра күчөткөн.

Кээде эки башка дин өкүлүнүн ортосундагы чыр-чатактардын ырбаганына күбө болуп атабыз. Ала-Букадагы христиан аялдын сөөгүн мусулмандардын көрүстөнүнө койдурбай койгон окуя менен Ысык-Көлдө христиан жигитти айылдаштары өлөрчө сабап кеткенин эске салсак жетиштүү.

Бийлик өкүлдөрү чын эле өлкөдөгү диний абалды жөнгө салгысы келсе, анда келечекте мындай чыр-чатактардын алдын алуу үчүн исламдан башка динди кармангандар же эч кайсы динди карманбагандар үчүн өзүнчө көрүстөн бөлүштүрүү жагын колго алса болмок.

Адамдар өздөрүнүн мусулманчылыгынан күмөн санап, өздөрүнүн диний көз карашына сынчыл ой жүгүрткөн учурлар кездешүүдө. Мурда улут менен дин дээрлик эриш-аркак жүрүп келген болсо, азыркы күндө адамдар диний иденттүүлүгүн өзүнчө, улуттук иденттүүлүгүн өзүнчө бөлүп карай башташты. Дин азыр ишенимге басым жасаган формага өттү. Негизи дүйнөлүк диндердин өзгөчөлүгү да ушунда эмеспи. Алар улуттун же өлкөнүн чектеринен жогору турат.

Кыскача айта турган болсок, ислам — бул глобалдык кубулуш. Аны бир мамлекеттин чектеринде кармап турууга мүмкүн эмес жана эч кандай кажет жок. Ошого кеткен убакыт менен каражатты башка орчундуураак маселелерге жумшоо акылга сыярлык иш болмок.

Сырттан келген диний идеология, кийим жана жүрүм-турум менен күрөш жарыялаган менен өлкөнүн ичинде радикалдашып кеткен учурлар бар. Коркунучту сырттан эмес, ички тартиптен, мыйзамдуулуктан издеш керек.

Элмурат Аширалиев, изилдөөчү, журналист

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (13)

XS
SM
MD
LG