Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:34

Меккеге баргандын баары эле ажы болбойт


Кааба, Мекке шаары, Сауд Арабия.
Кааба, Мекке шаары, Сауд Арабия.

Ажылык - ислам дининдеги парздардын бири. Ихрамга кирүү менен башталып, азирети пайгамбарыбыздын мечитине барып, анын күмбөзүн зыярат кылуу менен аяктаган ажылыкта, бир канча ритуалдар бар экендиги жалпыга маалым.

Аталган ритуалдар, эгерде түпкүрүндөгү терең маани-маңызы, философиясы унутта калып, сырткы көрүнүшү, формасы эле калса, чындыгында сырттан караган адамга оң таасир калтырбайт болуш керек. Андыктан аларды түшүнүү зор мааниге ээ.

Ритуалдардын бир бөлүгү Ибрагим пайгамбардын Куранда айтылган икаясына барып такалат.

Дагы бир бөлүгү азирети Мухаммет пайгамбардын ажылык сапарынан алынган өрнөктөрдөн турат. Демек, аталган ритуалдарды туура түшүнүү үчүн алардын түпкү маңызын да билүү кажет. Белгилей кетчү нерсе, ритуалдардын нукура маани-маңызы Кудайга гана маалым. Биз Кудай буюрган ибадаттын Курандагы жана сүннөттөгү өрнөктөрүн карап, алардан тыянак гана чыгарабыз.

Ажылык зыяраты.
Ажылык зыяраты.

Андыктан аталган ритуалдардын бир канчасын чогуу карап чыгалы:

Ихрамга кирүү. ажылыктын алгачкы шарты. Ихрамга кирген киши бир майда-барат жандыкты өлтүрбөөгө, ал тургай өсүп турган чөптү да жулбоого тийиш. Бул - жашоого, жашап жаткан жандыктын баарына сый-урмат көрсөтүүнүн кыскача практикасы, стажировкасы.

Таваф. Каабаны жети жолу айлануунун аты. Ажылыктын шарттарынан бири. Космикалык жашоого окшош ритуал экенине көңүл буруу зарыл. Тактап айтканда, ааламдагы бардык материя - кудум ушундай кейипте, нейтрон менен протондун электронду түбөлүк айланганынан (таваф кылып) турат. Дал ушундай эле өңүттө макро маанидеги дүйнөнүн да белгилүү бир борбордун айланасында тынымсыз айланып турганы маалым; Жер, Күн системасы, галактика ж.б.

Бул жерде жети жолу айланууну, жети санынын түбөлүктүүлүктү символдоп турганын эске алганда, таваф аркылуу космикалык жашоону аңдоо, акыйкаттын принциптери менен түбөлүк жашоого бел байлоо деген баалуулуктарды өзүнө сиңирүү максат кылынган сыңары.

Вакфа. Арафат тоосунда белгилүү бир убакытка туруу. Адам ата менен Обо эненин бейиштен сүргүнгө айдалган жери. «Адамзаттын түбөлүгүн кызыктырган сыноонун кай жеринен утулдук» деп Адам атанын мисалында ар бирибиз ката, кемчилдигибизди баамдап, адам болуунун сырларын ой-толгоого алган жер.

Шайтанды ташбараңга алуу. Бул ритуалдын тамыры Ибрагим пайгамбар менен уулу Ысмайыл пайгамбардын ортосундагы окуяга байланыштуу болуп өткөн окуяга барып такалат...

(Курмандыкка чалуу тууралуу кийинки макалабызда кеңири токтоло кетебиз). Адам өзүнүн ичиндеги жамандыкты, написин акыйкат үчүн жок кылуу максатында символикалык мааниде шайтанды ташбараңга алат. Маселенин ток этер жери - адамдын ичиндеги жамандыкты, шайтандаган ой-пикирлерди жок кыла билүүсүндө.

Күнүбүзгө саресеп

Кыскача ажылык ибадаты тууралуу сөз кылган соң, күнүбүздөгү ажылыктын деңгээлин карап туруп кейибей коюу мүмкүнбү? "Динди жаман көргөзбө, Исламдын душманы окшойсуң" деген үйдө баатыр, жоодо жок бурадарлар! Чындыгында, өз кезегинде дүйнөлүк маданий мураска эбегейсиз салым кошкон, эң акылдуу, айдың адамдарды тамшандырган Ислам маданиятынын, анын ичинде ажылыктын мына ушундай терең мааниден куржалак калуусун шарттаган тарыхый кишилер жаманбы же чындыкты эртерээк ачып көргөзүп, эсибиз барда этекти жаап оңололу деген мен жаманбы? Чындыгында кейибей коюу мүмкүнбү?

Эң эле жөнөкөй жолдо жүрүүнүн эрежелерин минималдуу деңгээлде түшүнбөгөн адамдар ажыга барып, натыйжада жылына орто эсеп менен жүзгө жакын киши бирин-бири тебелеп өлүмгө дуушар болот.

Кебетесин көрүп суктанып, каапырдын мусулман болуп кетишин максаттаган маданияттын балдарынын; мусулмандардын ал жердеги тамак-аш, мейманкана, тазалык сервистерин көрүп туруп, таза мусулман мусулманчылыктан чыкпай, кайра мекенине жетип келгенине шүгүр келтирип калды окшойт.

Эң кейиштүү жагдайлардын башында, ажыга барып келген канча киши чындыгында "ажы" боло алып жатышат?

Ажылык ритулдарындагы терең мааниден канча киши насибин алып жатат? Канча киши ажылык, Меккеден кайткандан кийин башталарын аңдап билип жатат? Канча киши ажылык - Кудайдан сөз алуу (күнөөлөрдө кечиртүүдө) эмес, Кудайга сөз берүү (адам болуу максатында) келишими экенин сезет? Канча киши ажылыктын адамга артыкчылык эмес, жоопкерчилик жүктөгөнүнүн баркына барып жатат?

Ажылык сапары үчүн жылына миллиондогон киши барат. Ал жактан максатка ылайык ибадат кылып кайтса, менимче, мусулман ааламынын кыска убакытта кризистен чыгып кетүүсү толук ыктымал. Анткени, жогоруда сөз кылган ажылык ритуалдарынан, ажылык ибадаты аң-сезимдүү жана дурус кишилик жаратууну максат кылат деген тыянак чыгаруу толук мүмкүн. Бул болсо, Куранда Кудай пенделеринен талап кылган эң негизги эки өзгөчөлүк десек болот. Так ушул себептүү (кээ бир акылмандар) ажылыкты толук кандуу жашоонун негизги коддорун камсыздап берген ибадат катары сыпатташат.

Бардык эле ибадаттарда болгондой эле Ажылыкта да, максатка ылайыктуу ибадат кыла билүү үчүн аң-сезимдүү, билимдүү мусулмандарга муктаждык бар. Так ошол себептен Исламдын эң негизги буйругунун, тирегинин Курандын биринчи буйругу болгон "Оку!" деген аятты дагы бир жолу эске салып өтөөр элем.

Ажыга баруучу кишилерде талап кылынган бир топ шарттар бар: мусулман болуусу, акылдуу болуусу, материалдык шартынын жетиштүү болуусу ж.б. Бул жерде акылдуу болуу деген шартка канчалык маани берилип жатканы талкууга ачык. Өзгөчө мына ошол шарт, тактап айтканда акылдуу болуу деген шарт баам-парасаттуу жана билимдүү болуу деген сапаттарды эң башта камтуусун эске салуу керек.

Ажылык максаттаган кээ бир жекелик сыпаттарга токтолуп өттүк. Ажылыктын мындан сырткары коомдук мааниге ээ эң негизги максаттарынан бири - айтылуу сапардын бүткүл мусулмандардын, жадагалса бүткүл инсанияттын маселелерин сүйлөшүп, талкуулап, аларга чара көрүүчү чечимдерди ала алган улуттар аралык конференция сыяктуу роль ойноосу болушу керек эле.

Маркум Чыңгыз Айтматов уюштурган Ысык-Көл Форумунун маңызы-мына ошол ажылык сапарында эң негизги максатка айланууга тийиш...

Ажылык амалдардын аткарып жүргөн мусулмандар.
Ажылык амалдардын аткарып жүргөн мусулмандар.

Антпесе, тактап айтканда ажылыкта дүйнө кайда баратат, адамзат кайдан келди, кайда баратат, учурда адам үчүн эң негизги коркунуч эмне, ага каршы кантип күрөшүү керек, адамга адамча мамиле кылган коомду кантип түзөбүз деген сыяктуу маселелердин тегерегинде "айдыңдар" сүйлөшпөсө, ажыга барган киши жашоого, тирүү затка баа берүүнү, сый-урмат көрсөтүүнү (ихрамга кирүүнү,таваф кылууну) үйрөнбөсө, аң-сезимдүүлүккө жанашпаса (вакфада туруу), Кудай менен адамдын ортосуна кирген шайтанга каршы чыга албаса (шайтанды ташбараңга алуу) ажылыкка кимдин ичи чыкмак, купулу толмок?

Терең кайгыруу менен баса белгилеп өтүү керек, күнүбүздөгү ажылык сапарга аттанган канчалаган киши анын нукура маанисин түшүнбөстөн эле барып жатат?

Канчалаган киши Меккеден, ажылык сапарынан чоң баштыктары белек-бечкекке толо, бирок акылы, руху, кишилиги бош бойдон кайтып келүүдө?

Ажыга барган кишинин күнөөлөрдөн энеден туума болгондой арылары көп кишини жаңылтат. Христиан дининин кээ бир секталарында кечилге акча берип күнөөсүн жудургандай жөрөлгө, биздин мусулманчылыкта аба жолдору барондоруна, мейманкана жана туризм секторлорунун жеп- жутарларына, эң акырында өзүбүздүн ажы башчыларына каймана түрдө акча жедирип, анан күнөөлөрдөн тазарып келгендигине ишенүү кандай гана аянычтуу.

Күнөөнү жуугандын жападан жалгыз жолу - кылган иши үчүн жоопкерчилик тартып, кимге зыян келтирсе андан кечирим сурап, анан эң акырында Кудайга экинчи кайталабаганга сөз берүү менен гана мүмкүн экенин башка макалаларыбызда жазганбыз.

Ал эми күнөөлөрү үчүн жапа тарткан тараптан эмес, алгач эле Алладан, ал тургай Меккеге барып кечирим сураса да кечирилбейт. Бул - Курандын логикасына, принцибине каршы! Андыктан ажылыкты- кылгылыкты кылган соң, күнөөлөрдү жууп тазалаган бир канча миң долларлык айлакер операция катары баалап, ыкластанып Меккеге аттанган мекендештерди дагы бир жолу ой жүгүртүүгө чакырам.

Мындан сырткары, түшүнүп түшүнбөстөн, чала-була аткарылган бир канча ритуалдын урматына каалаганча көп болсо да тазалап, күнөөлөрүн кечип ийген Кудай кандай зат болду экен деген суроо келди беле акылыңызга? Эмне үчүн Кудай бир канча ритуалга мынчалык көп маани берди экен деп ойлондуңуз беле? Же "Жүзүмүн же багын сураба" дегендей, аны ойлонуп акыл калчагандан көрө, дароо мүмкүнчүлүктөн пайдалана калып, күнөөлөрдөн арыла калалы дедик бекен?

Сөздүн кыскасы, Меккеге же башка ыйык жерге баруу - Кудайга жакындоо деген мааниге келбейт. Күнөөнү кылган соң, анын кечирилиши үчүн Кудайдын күлкүсүн келтирген оңой жолдорду издеп, беймаза болуунун кажети жок. Күнөө кылган соң, анын кенемтесин эң оор жол менен төлөп берүүдөн качып, Кудайга амалкөйлүк кылуу - адамдын өзүн-өзү алдоосу гана!

Андыктан, ажылыкты максатына ылайыктуу кылып аткаруу үчүн аракеттенген мусулмандардын ажылыгы кабыл болсун! Бүткүл мусулмандарга дагы да аң-сезимдүү, баам-парасаттуу, дурус коомдо жашоону насип кылсын.

Элмурат Кочкор уулу, Түркия

Автордун пикири "Азаттык" радиосунун көз карашын билдирбейт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG