Линктер

бейшемби, 20-июнь, 2019 Бишкек убактысы 20:10

Кесип тандоодо кылдаттык керек


Таластагы «Акыркы коңгуроо» салтанаты. Иллюстрациялык сүрөт.

Окуу жылы аяктап, жүз миңдеген бүтүрүүчүлөрүбүз өмүрүнүн жаңы баскычтарына кадам таштап жаткан учуру.

Бир жигит медицина факультетинде окуп жүрдү. Жакшы дарыгар деле боло албады. Дарыгер болуудан баш тарткан соң, теология жаатында окуп, чиркөөдө кесиптик жолун улаганды самады. Бирок бул жагында деле кыйраткан жок. Бош убактысында курт-кумурскаларды терип келип, аларды изилдөөгө аябай катуу киришчү... Соңунда биология тарыхынын эң чоң гиганттарынан Чарльз Дарвин пайда болду.

Экинчиси башта математикага аябай басым жасаган, кийинчерээк атасынын каалоосу менен укук факультетин окуп бүтүргөн. Ошол учурдун саясий кырдаалдарынан улам аскердик тармак кызык көрүнүп, бир канча жылын ал жакта да өткөргөн. Бирок өзүнүн негизги багытын философиядан тапкан. Натыйжада философия тарыхынын нугун өзгөртө алганга жетишкен Рене Декарт жетилип чыккан.

Үчүнчүсү адвокат болууга багыт алган. Кийинчерээк философия окуусуна катуу киришип, психосоматикалык ооруга чалдыккан. Башкача айтканда мээге көп күч келтиргендиктен улам ооруп калган. Эмгек жолун кант саткан бир дүкөндө улоого бел байлаган. Бирок көп өтпөй бул иш ал үчүн туура мес экенин аңдап, кайрадан философия менен алектене баштаган. Окуянын каарманы - Дэвид Юм.

Анча алыс барбайлы. Бүгүн чыгармалары 168ден ашуун өлкөдө көп окулгандыгы боюнча Шекспир менен Толстойдон кийин үчүнчү орунда турган Чыңгыз Айтматовдун кесиби зоотехник экендигин эске сала кетиш керек.

Окуу жылы аяктап, жүз миңдеген бүтүрүүчүлөрүбүз өмүрүнүн жаңы баскычтарына кадам таштап жаткан учуру. Бүтүрүүчүлөрүбүзгө ийгилик каалоодо сөзүм куру болбосун деп чындыгында алардын ишине жарай турган бир нерсени бөлүшө кетейин деп чечтим.

Жогоруда бир канча мисал берип өттүм. Булардан чыгарылчу эң жакшы тыянак - кесипти туура тандоо. Сиздер да көргөндөй, эгерде Дарвин дарыгер же теолог, Декарт укукчу, Юм адвокат бойдон өмүрдөн өтсө атагы чыкмак эмес, адамзатка пайдасы тиймек эмес, билим дүйнөсүнө из калтырмак эмес.

Демек адам өзүнүн эмнеге жөндөмдүү экендигин аныктай билиши эбегейсиз мааниге ээ. Анткени ар бир киши өз сүйгөн кесибин аркалап, кылган ишинен ырахат алып жашагысы келет эмеспи? Муну жүзөгө ашыруунун бир топ машакаттары болгону менен аныгында көп деле кыйынга турбайт. Бул үчүн киши өзүн жана айлана-чөйрөсүн туура талдоого тийиш. Бир канча мисал келтире кетейин.

Жогоруда сөз болгон Ч. Дарвин бош убактысын курт-кумурскаларды изилдөө менен өткөргөн. Теология жаатындагы окуусун бүткөн соң диний чөйрөдө оокат кылууга камына баштаган учурда анын бешенесине укмуш мүмкүнчүлүк чыккан; 5 жылдык кеме саякаты... Табиятчы катары кемеде кызмат ордун алып, беш жылдык саякатка аттанып кете берген. Бул мүмкүнчүлүк Дарвин үчүн көп китеп окууга жана түрдүү чөлкөмдөрдөн курт-кумурска топтоп, аларды изилдөөгө толук шарт түзүп берген.

Декарттын бешенесине болсо аскердик мектепте жүргөн учурда Исак Бикман жолуккан. Бикман менен сүйлөшкөн соң Декарт өзүндөгү жаратмандык күчүнүн канчалык эбегейсиз экендигин баамдай баштаган. Соңунда философияга басым жасоо ал үчүн эң туура багыт экендигин аңдаган.

Мындан сырткары Исак Нютондун талантын байкап калып, дыйкан болуп кете жаздаган жеринен колунан жетелеп мектепке алып барган таекесин мисал катары айтсак болот.

Албетте, жашоо дайыма эле жакшы жагын көргөзө бербейт. «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» болуп ой жеткен жерге кол жетпей калышы мүмкүн. Бирок жашоо үчүн күрөш аренасында «көпчүлүктүн арасындагы жалгыздык» деген нерсе толук өтүмдүү. Эч бир киши сизди сизчелик тааныбайт, сизге сизчелик күйбөйт. Так ошол себептүү кесип тандоодо эң туура чечимди сиз өзүңүз чыгарасыз.

Ошон менен эле бирге, бүтүрүүчүлөрүбүздү жаңылышып калуудан коркпоого чакырар элем. «Эч качан ката кетирбеген адам - эч нерсе кылбаган адам» дегендей, кетирилген каталарды чоң тажрыйба катары көрүү туура. Кесип тандоодо да ката кетиши мүмкүн, бирок мындан коркпостон кесип өзгөртүүгө аракеттенүү катардагы көрүнүш катары кабыл алынууга тийиш. «Тандаган окуума 2 жыл убактым кетти, эми ушуну текке кетирбей эптеп бүтүп, жумушка орношоюн» деген туура эмес. Бир келген өмүрдө өзү башка жакта, көзү башка жакта болуп өткөндөн жаманы барбы!

Жогоруда да кеп кылып өткөндөй, бир кесипти кыйратпай, көптүн катарын гана толуктап калган кишилер эгерде туура багытка кадам шилтей алса гигант болуп чыгышы толук мүмкүн. Башкача айтканда бир тармакта коңуз ата албаган башка тармакта доңуз атууга толук жөндөмдүү болушу мүмкүн.

Кудай калыс. Так ошондуктан ар бир пендесине түрдүү талант берген деп ишенем. Ал эми бул жерде адамга түшкөн эң маанилүү вазыйпа - ошол талантты туура таанышы; киши өзүн туура талдоосу. Дүйнөгө из калтырган улуу адамдардын ийгилигинин сыры ушунда деп ишенем. Тактап айтканда, Кудай берген талантты таамай таап, анын аркасынан түшүү!

Менимче туура кесип тандоодогу жеке критерий жөндөмдүүлүк жана кызыгуу болуш керек. Башкача айтканда тандаган багытка жөндөмдүү болуу, ошол эле учурда кызыгуу шарт. «Моюндан байланган ит ууга жарабайт» деген сыңары, түрктөрдө да «ташыма суу менен тегирмен айланбайт» деген макал бар. Кызыгуу - кишидеги жөндөмдүүлүктү ишке салып турган күч. Так ошол себептен улам бул экөө бири-биринен ажырагыс критерийлер болууга тийиш.

Киши өзүн өзү таанууга катуу аракеттениши зарыл. Албетте, өзгөчө ата-эне жана мугалимдер да балдардын жөндөмүн туура тактоодо чоң роль ойнойт. Бул жерде ата-эне болуунун, мугалим болуунун канчалык маанилүү экендигин дагы бир жолу эске салып өткүм келет. Жашоодо ушундай мезгилдер келет – бир канча мүнөттүн ичинде кабыл алынн чечим, жасалган мамиле жаш жеткинчектин келечегин толугу менен шаңга бөлөйт же талкалайт.

Менимче Дарвиндин кеме саякаты, Декарттын Бикманы, Нютондун таекеси бизге деле маал-маалы менен жолугуп турат. Кептин баары ошол убакты, мүмкүнчүлүктү туура пайдаланып калууда. Болбосо байланган эшектин катарында тулпар карып, кык чокуган карганын катарында шумкар карып өмүр өтүп кете берет...

Элмурат Кочкор уулу

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG