Линктер

шейшемби, 21-май, 2019 Бишкек убактысы 11:43

Кедей өлкөдө кесип тандоонун түйшүгү


Иллюстрациялык сүрөт.

16-17, ал түгүл 18 жаш деле өзүңдү толук аңдап биле элек курак болот экен.

«Швейцариянын окуу системасында орто мектепти бүткөн окуучу ЖОЖго барыш үчүн ортодо дагы 4 жыл коллежди окумайын ага түз бара албайт. Чынында 16-17 жаш - бул эмне кесипке ээ болушуң керек экенин толук түшүнчү курак эмес. Мен да башында үйдөгүлөрдүн тилеги менен дарыгер болуп чыкмакчы болгом. Бир жыл темселеп Ташкентте окугам. Андан соң эки жыл алыста аскерде кызмат кылдым. Мына ошондон кийин гана араң мага бир белги чындап сезилген. Ал – калем тагдыры болчу», - деп жазды Жеңишбек Эдигеев байке.

Ооба, 16-17, ал түгүл 18 жаш деле өзүңдү толук аңдап биле элек курак болот экен. Бирде юрист, бирде режиссер, кээде керек болсо мугалим да болгум келип кетет десеңиз. Ошол эле учурда биз Швейцария эмеспиз. Демек, кандай болгон күндө да биз, мен сыяктуулар олуттуу тандоонун алдында турабыз.

Чынында Кыргызстандын шартында кесип тандоодо сенин кызыгууң, жөндөмүң экинчи планга жылат экен. Мамлекеттин чабалдыгы дал ушул кесип тандоодо кашкая көрүнөт тура. Карасаңыз...

Мен ушунчалык димпломатияга кызыгам. Өлкөнүн тышкы саясатын жүргүзүүчү адис. Не деген кесип?! Бирок ушул күнгө чейин таанышып, пикир алышкан эл аралык мамилелер адистигинде окугандар тааныш-билишсиз Кыргызстандын бул тармагына кирүү мүмкүн эмес экенин айтып жүрүшөт. Баары сүйлөшүп алгандай бир ооздон: ««Шапка» менен киресиң. А айлыгың «шапкаңдан» аз», - дешет. Көбү бизнеске же медиа тармактарына баш уруп кеткен. «Кайсыга тапшырасың?» деген суроого: «Эл аралык мамилелер» деп жиберип: «Койчу, олуттуу бирдеме окучу» деген «жеме» уккам. Көрсө «эл аралык мамилелер факультетинде жеңилине карап тапшырып алгандар окуйт» жана «ал тармакка кириш үчүн атайын билимдин деле кереги жок» деген түшүнүк бар экен. Аны кийин билдим. Чет өлкөдө мамлекет окуу жайларына «бизге ушундай адис керек» деп «буюртма» берип, тышкы саясатты жүргүзө тургандарга «өлкөнүн жүзү» деп талапты катуу коет эмеспи. Ошондой элестетип алыптырмын. Мелис Эшимканов айтмакчы, «бизде «пошел» болгондорду «посол» кылган» система экенин унута коюптурмун.

Мен кезиккен ар бир экинчи адам чет өлкө деп көздөрүн жайнатат. Албетте, өнүккөн өлкөдө билим алуу сонун нерсе. Демейде «четтен окуп келип, Мекенимди көтөрөм» деп төш кагат эмеспизби. Бирок ал жактын билими Кыргызстан шартында эмне күнгө туш келет? Оюмду мисал менен жеткирейинчи. Бир сонун эже бар, 20-23 жашта. Чыгыштын атактуу окуу жайында биоинженерия адистигин окуган. Элестетсеңиз, арабызда кадимки дене бөлүктөрүн (протез) курай ала турган жаштар жүрөт! Бирок ал азыр англис тилинен сабак берет. Ошол эле учурда «протез салдырыш керек» деп элден жардам сурап, олчойгон акчага муктаж болуп отурган мекендештер канча?! Мындай мисалдар жүздөп саналат! Келбей коюшса шарт түзүп берүүнүн ордуна «мекенин таштап кетти» деп жаман көрүп атпайбызбы. Ошентип, сыртта билим алуу менен Кыргызстанда аракет кылышың дагы эле татаал. Четте окуу оңой эмес. Ошончо мээнет менен окусаң, анан аның өлкөңө керек эмес болуп калса... Аянычтуу.

Өлкөдө кайсы тармак өнүккөн болсо, ошол тармакка тиешелүү кесипке суроо-талап жогору болуп, жада калса жаңы кесиптердин жаралып кетиши ыктымал экендиги баарына эле түшүнүктүү. Айталы, АКШда маалымат технологиялары өрчүгөн. IT дегенибиздин ичинде анимация, код жазуу сыяктуу жүздөгөн майда тармактар бар. Түркияда туризм өнүккөн дейли. Бул жерде да гидди мындай кой, мейманкана менежери сыяктуу кийин пайда болгон кесиптер катарды толуктады. А бизде болсо той өнүккөн. Андыктан кийинки убакта тамада, үн адиси сыяктуу кесиптер пайда болду. Демек, өлкөнүн өнүгүшү менен кесиптердин «ассортименти» тыгыз байланышта.

Учурда мен курактуулардын көбү IT же бизнес тармагын мээлеп турушат. Кызыкканы деле, кызыкпаганы деле «заман талабы» дегенди бетине кармашат. Кызыккандар го мейли, ордун таап кетер, а бирок мына IT дегенде «кампүтүрдү», бизнес дегенде алып сатмайды гана түшүнгөндөр үчүн кооптоном. Булар кийин баягы такси айдаган экономисттердин, юристтердин кейпин кийип калышпайбы? Кесипти «модалуулугуна» карап тандоо, көпчүлүктү ээрчүү канчалык туура?

Чет өлкөлүк ар бир университетте атайын карьералык борбор иш алып барат. Милдети - студенттерге окуган адистигине жараша жумуш таап берүү. Ал эми мектептерде психологдор ар бир балага багыт берет. Биздегидей «аны эмне кыласың, тигине, таекеңдин жанына бар» дешпейт. Биз бул деңгээлге жетсек...

Реалдуу ойлонолу. Заман агымы багытын өзгөрттү. Эми мурдагыдай тандаган бир кесибиң менен 50 жыл нан таап жей албайсың. Азыркылар универсалдуулукка умтулушубуз керек. Андыктан мен кесип же окуу жайын тандоодо «5 жылдан соң ушундай адис болуп чыгам» дегенге эмес, «кийинки жашоомдогу түрдүү кырдаалдарга кереги тиет» деген ойго таянуудамын. Сиздин оюңуз кандай?

Нурболот Азаматов

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG