Кыргызстандын экинчи ири калаасы Ошто быйыл биринчи класска барган окуучулардын дээрлик 50 пайызга жакыны орус тилдүү мектептерди тандашкан.
Кыргызстанда мектептердеги окуучулардын коопсуздугу менен катар буга чейин козголгон китеп маселеси дагы курч бойдон турат. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 21-сентябрда атайын кеңешме өткөрдү.
Бишкектеги Ак Ордо конушундагы мектепте окуучулардын төрт нөөмөт менен окуганы коомчулукта талкуу жаратууда. Маалыматка караганда, 750 орунга ылайыкталган билим берүү мекемесине быйыл 4 миңден ашуун бала кабыл алынган. Мындан улам төртүнчү нөөмөттө окугандардын сабагы саат 16:45те башталууда.
Буга чейин Агартуу министрлиги быйылкы окуу жылы үчүн китеп басып чыгарууга 1 миллиард 300 миллион сом бөлүнгөнүн жарыя кылган. Мекеме мамлекеттик мектептер үчүн даярдалган окуу китептери сатууга чыгарылбасын эскерткен эле.
Кыргызстанда кайрадан окуу китептерине байланыштуу маселе жаралды. Өкмөт окуу китептер мамлекеттик "Учкун" басмаканасында басылып, мектептерге бекер берилерин жарыя кылган. Бирок мамлекет баскан окуу китептери базарларда сатылып жатканы тууралуу маалыматтар чыгып, парламентте көтөрүлдү.
Быйыл Кыргызстанда 147 миңге жакын окуучу 1-класска барды.
Быйыл Кыргызстанда 147 миңге жакын окуучу 1-класска барды. Агартуу министрлиги мектеп босогосун аттаган балдардын 60% кыргыз, ал эми 40% орус тилдүү класстарга барганын билдирди. Бишкек жана башка ири шаарларда орус тилдүү мектептерге талап күч бойдон калууда.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мектептер үчүн окуу китептеринен 700дөн ашык “одоно ката” табылганын айтып, аларды кайра карап чыгууну тапшырды. Ошондой эле ал казак калемгерлери чыгармаларында “кайгы муңду” даңазалай турганын айтып, “жапа чеккен улут кейпинен арылууга” чакырды.
Билим берүү боюнча эксперт Кеңешбек Сайназаровдун PISA тестинин 2009-2025-жылдарга карата Кыргызстан боюнча жыйынтыктарын салыштырган блогу. Редакциядан: автордун жеке пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.
Кыргызстан 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча окуучулардын жетишкендиктерин баалоочу эл аралык PISA сынагында 91 өлкөнүн ичинен 80-орунду ээледи. Өлкө аталган программага 15-20 жыл мурда эки ирет катышып, акыркы сапка туруп калган жана ошондон кийин андан кол үзүп койгон.
2025-жылы мигранттар Кыргызстанга которгон акча 3,5 миллиард доллардан ашып, жаңы рекорддук чекке жеткени расмий кабарланды. Ар башка мамлекеттерде диаспораларды уюштуруп, кыргыз тилин, маданиятын жайылтууга салым кошуп келаткан журтташтар коомду өзгөртүүгө кандай салым кошуп жатышат?
Дагы жүктөңүз