Султановдун ордуна Тапаев келди
Президенттин иш башкармалыгына караштуу “Учкундун” жетекчиси алмашканы 6-октябрда белгилүү болду. Аталган ишканадан кабарлашкандай, Султанов кызматтан кетип, анын ордуна Илгиз Тапаев жетекчи болуп дайындалган.
45 жаштагы Тапаев буга чейин Президенттин иш башкармалыгынын сатып алуулар жана маркетинг бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келген.
Ал эми Бакытбек Султановдун кызматтан кеткенинин себеби тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин "Учкундан" кабарлашты.
Өлкөдө ири мамлекеттик ишкананы жетектесе да буга чейин ысымы көпчүлүккө тааныш эмес Султанов тууралуу маалыматтар соңку эки аптадан бери окуу китептерине байланыштуу чырдан улам саясий күн тартиптин башкы сабына чыккан.
Окуу китептерине байланыштуу чыр 15-сентябрда, окуу жылы башталганда тутанган. Буга "Учкунда" басылып, мектептерге акысыз таратылышы керек болгон китептердин базарга чыгып кетиши себеп болгон.
Өкмөт бул окуяны иликтөө үчүн укук коргоо органдарына тапшырма берген. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
Бакытбек Султанов буга чейин журналисттердин суроолоруна жооп бергенде “Учкундан” эч бир буюм жана эч бир маалымат сыртка чыгарылбай турганын айткан.
Мындан соң “Азаттык” радиосу “Өкмөт бекер баскан китептер кантип базарга түшкөн?” аттуу иликтөөсүн жарыялаган.
Анда Бакытбек Султанов 2010-жылы “Принт Экспресс” басмаканасын негиздеп, анда окуу китептери да басылып турганы, 2022-жылы “Учкундун” башына келгенде жеке ишканасын уулу Данияр Мураталиев жетектеп калганы айтылган эле.
Мындан улам коомчулукта Султанов “окуу китептердин электрондук версиясын өзүнө таандык басмаканага бериши мүмкүн” деген күмөн саноо жаралган.
“Азаттык” Данияр Мураталиевге байланышканда бул дооматты четке кагып, бирок басмаканасынын ичин көрсөтүүдөн баш тарткан.
"Буга чейин Билим берүү министрлигинен тендер аркылуу утуп, окуу китептерин басканбыз. Бирок ал 2025-жылга чейин, 2023-2024-жылдар болчу", - деген Мураталиев.
Китеп эмнеге тартыш?
Эске сала кетсек, Кыргызстан 2025-жылдан тарта 12 жылдык билим берүү системасына өтө баштады. Ага ылайык, Агартуу министрлигинин алдында “Окуу китеби” басма үйү түптөлгөн. Анда даярдалган китептер “Учкун” басмаканасынан чыгат.
“Окуу китебинин” жетекчиси Төлөгөн Аматовдун айтымында, китептер менчик мектептен башкаларга акысыз берилет.
“Биз математика, табигый илимдер, орус тили жана англис тили китебин чыгарганбыз. Калгандарын авторлор даярдап жатат. Агартуу министрлиги, биз жана “Учкундун” ортосунда келишим бар. Биз буюртма берүүчүбүз. “Учкун” болсо аткаруучу, чыгарып райондорго чейин жеткирип берет. Мамлекеттин акчасына биз мамлекеттик жана муниципалдык мектептерди камсыздайбыз. Жеке менчик мектептерди тилекке каршы бюджеттин акчасынан камсыздай албайбыз. Анткени бул мыйзамга туура келбейт. Ошон үчүн “Учкунга” жеке менчик мектептерге сатууга уруксат бергенбиз. Азыр саясат өзгөрүп кетти. Эми алардын арызын райондук билим берүү борборлору аркылуу чогултуп, жалпы тираж менен беребиз. Азыр нормативдик жагын иштеп жатабыз”.
Эске сала кетсек, буга чейин Агартуу министрлиги жана “Учкундун” жетекчилиги менчик мектептерге берилген китептер базарга чыгып кетиши мүмкүн экенин айтышкан. “Учкун” китептерди басып гана чыгара турганын, андан ары көзөмөлдөбөй турганын белгилеген.
Азырынча базарга чыгып кеткен китептерге менчик мектептердин тиешеси барбы же жокпу белгисиз.
"Билим берүүдө монополия болбош керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бул окуядан кийин ар бир китепке QR-код жайгаштырууну сунуштаган. Демилгени Агартуу министрлиги жактырып, QR-код китеп кайсы аймакка, мектепке жана класска берилгенин аныктоого мүмкүнчүлүк бере турганын билдирген.
Эл өкүлү көйгөйдүн тамыры “Учкунда” эмес экенин, билим берүүдө тандоо укугу жана өз алдынчалык болушу керек деген пикирде.
“Китепке QR-код жайгаштыруу сунушум өттү. Анын жардамы менен канча китеп басылганын, кайда кеткенин көрсө болот. Базарга чыгып кетпейт башкысы. Бул бир. Экинчиден, мамлекеттик монополия туура эмес. Агартуу министрлиги программаны башкача жазып жатат. Бирок Билим берүү мыйзамында мугалим сабакты окутуу усулдарын өзү тандашы керектиги жазылган. Айталы, математика жакпаса, башка автордун китебин тандаса болот. Мамлекеттик стандарттын негизинде иш жүргүзөт албетте. Мындай тандоо укугу коңшу мамлекеттерде да бар. Бизде мамлекеттик монополия орногону мунун баары бузулду. Мугалимге жагабы же жакпайбы, бала түшүнөбү же жокпу “Учкундан” чыккан китепти окушу керек. Айрыкча, менчик мектептерди ага жармаштыруу туура эмес. Аларда кайсы бир багытка басым кылат же чет тилде окушат да. “Учкун” мейли чыгара берсин, бирок монополия жоюлбаса, көйгөйлөр чыга берет”.
Билим берүү адиси Асылбек Жооданбеков эл өкүлү Дастан Бекешевдей эле билим берүү тармагына мамлекеттик монополиянын орношуна каршы. Ал мектепке ата-энелер, камкорчу коомдор менен иштөөгө тыюу салынбаганда, китептер тартыш болмок эмес деген ойдо.
Айрыкча жумушчу дептерлерди ата-эне өзү сатып берсе, окуучунун өнүгүүсүнө жакшы болмок дейт.
“Мага ушул билим берүү саясатындагы бир нерсе жакпай турат. Мамлекет баарын өзүнө алып, ата-энелерди, камкорчуларды мектептен сүрүп жатат. Расмийлерден “мектепке жардам берген ата-энелер дагы жазаланат” деген сөздөр чыгып кетүүдө. Ата-энелер баласы билим алууга кызыкдар да. Менин оюмча мамлекет ата-эне, мектепке жардам берүүнү каалаган камкорчу топтор менен жигердүү иштеши керек. Азыр баары бир коом, заман, жаштар динамикалуу болуп өнүгүп жатат. Кээде аны мамлекет кууп жете албай калат экен. Ошон үчүн мамлекет таңуулабай, айрым мектептерге китептерди тандоого автономия берсе болмок. Мугалимдик - чыгармачылыкты талап кылат да. Мүмкүн болсо ошол мугалимдерге, мектептерге ишенип, алардын талаптарын эске алган оң. Мамлекеттин китеп менен толук камсыз кылганы жакшы. Бирок жардам берем дегендерди колго чаппастан иштешип чыгуунун жолдорун караштырса болмок. Ошол эле жумушчу дептерлери. Ал окуучунун менчиги болушу керек. Мамлекет аны ата-энелер сатып берсин деп ачык айтса жакшы болмок. Анткени ага кээ бир мектептер жаздырат, кээ бири калем менен жазгыла дейт, башкасы жаздырбай жатат. Жумушчу дептер - бул окуучу иштей турган, ага өсүүгө жардам берген материал да. Чийип, кайра оңдоп иштеши керек. Аны алып бергенге ата-эненин акчасы жетет”.
Кагаз китеп керек, бирок...
Буга чейин “Окуу китеби” басма үйү мамлекеттик мекемеси Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында 38,5 миллиондон ашык окуу-методикалык комплекстерди басып чыгаруу пландалганын билдирген.
Сентябрь айында президент "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери жана окуу-методикалык комплекстер менен камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгон.
Анын алкагында мамлекеттик бюджеттен өлкөдөгү жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди басып чыгарууга 8,5 млрд сом бөлүнгөн.
Экономист Искендер Шаршеев китепке байланыштуу көйгөй социалдык мамлекет болууну чечкен өлкөлөргө мүнөздүү көйгөй деген пикирде.
“Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй кагаз китепти окуган балдар PISA тестинде жакшы жыйынтык көрсөткөн. Планшет колдонгондор начар болуп чыккан. Ошол эле Норвегия чоң ката кетирип алды. Китептерин планшетке киргизип койду эле балдардын жыйынтыгы түшүп кетти. Китеп кымбатка түшсө да аны чыгарыш керек. Бирок биз байыбай туруп эле социалдык мамлекет болуп алдык да. Социалдык милдеттенмелерди аткарыш керек, ал маалда мамлекеттин өнүгүшү басаңдап турат. PISA тестинен жакшы жыйынтык болуш үчүн ИДӨнүн көлөмү жан башына 7 миң доллар болушу керек. Биз эле эмес, бул постсоветтик аймакка тийиштүү көйгөй. Негизи бизде билим берүү реформага муктаж тармак. Аны оңдош үчүн мамлекет социалдык же либертариандык эмес, аралаш системаны тандаганы дурус болмок”.
“Учкун” басмаканасы өлкөдөгү эң ири мамлекеттик ишканалардын бири. Анда китептерден сырткары Кыргызстандын акчасы – сом басылат. Паспорт, ID-карта, адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүгү, аттестат, диплом, жер актысы, айтор, ушуга окшогон мамлекеттик документтер да чыгарылат. Акыркы жылдары ал тургай башка өлкөлөрдүн паспорттору да басыла баштаган.
Бул ишкана соңку жылдары Президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөн. Китептен чыккан соңку чыр өлкөдө абдан көп түзүмдү өзүнө каратып алган Иш башкармалыктын милдетине байланыштуу суроолорду да жаратты.
Шерине