Агартуу министрлиги мектеп окуучуларына басылып чыга турган ар бир китепке QR-код жайгаштыруу пландалып жатканын билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, QR-код китептин кайсы аймакка, мектепке жана класска берилгени тууралуу маалыматты аныктоого мүмкүнчүлүк берет.
Мындан тышкары QR-код менен окуучулар жана мугалимдер китептин мазмунуна байланыштуу кошумча электрондук материалдарга жана санариптик ресурстарга ээ болушат.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова, “Окуу китеби” басма үйүнүн директору Төлөгөн Аматов жана “Учкун” басмаканасынын жетекчиси Бакытбек Султанов базарларда сатылып жаткан китеп боюнча маселени талкуулаган жолугушууда айтылды.
16-сентябрда парламентте Дастан Бекешев мектептерде китептер жетишпей жаткан чакта алар базарда сатылып атканын айтып чыккан.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев базарларда окуу китептеринин сатылышын текшерүү тапшырмасын берген. Ага ылайык, Ички иштер министрлиги (ИИМ), Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Агартуу министрлиги окуу китептерин сатыкка чыгаргандарды аныктап, чара көрүшү керек.
Буга чейин Агартуу министрлиги мамлекеттик мектептер үчүн даярдалган окуу китептери сатууга чыгарылбай турганын кабарлаган. (BTo)
Шерине