16-сентябрда Гаагадагы Косово боюнча аскердик кылмыштарды иликтеген атайын трибунал Косовону боштондукка чыгаруу армиясынын (КБА) мурдагы жетекчиси жана жарым-жартылай таанылган Косово жумуриятынын экс-президенти Хашим Тачиге өкүм чыгарды. Ал аскердик кылмыштарга күнөөлүү деп табылып, 25 жылга эркинен ажыратылды.
Аны менен бирге Косовонун көз карансыздыгы үчүн Сербияга каршы 1990-жылдардын аягында куралдуу күрөш жүргүзгөн КБАнын мурдагы жетекчилери да соттолду.
Косово парламентинин мурдагы төрагасы Кадри Весели 18 жылга, парламенттин мурдагы төрагасы Якуп Красничи 25 жылга, парламенттин мурдагы депутаты Режеп Селими 13 жылга эркинен ажыратылды.
Аларга башында коюлган "адамзатка каршы кылмыштар" боюнча айыптардын бир бөлүгү кийин алынып салынды. Соттун төрагасы атайын прокуратура жайкын тургундарга каршы зордук-зомбулук болгонун аныктаганын, бирок анын кеңири масштабда болгонун кынтыксыз тастыктаган далилдер жетишсиз экенин билдирди.
Өкүм чыгар алдында Косовонун бир катар шаарларында айыпталуучуларды колдогон акциялар өттү. Косоводогу "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун журналисттери өкүм жарыяланганда Гаага шаарында да нааразылык акциялары уюштурулганын кабарлады.
Төрт айыпталуучуга "киши өлтүрүү", "кыйноо жана мыйзамсыз куугунтуктоо" деген айып коюлган. Прокуратура башында алардын ар бирин 45 жылга эркинен ажыратууну сурады. Ал эми жактоочулар айыпталуучуларды толук актоону соттон өтүнүшкөн. Бардык айыпталуучулар коюлган күнөөнү четке кагышкан.
Тачи 2020-жылы айып тагылгандан кийин президенттик кызматтан кетип, Гаагага өз ыктыяры менен барган. Аны жана башка айыпталуучуларды косоволук албандардын көбү "көз карансыздык үчүн күрөштүн баатырлары" катары кабыл алышат.
1999-жылы Югославия армиясы менен Сербия полициясынын КБАга жана Косоводогу карапайым калкка каршы катаал аракеттеринен улам Белградга эл аралык басымды күчөгөн. Кийинчерээк НАТОнун аскердик кийлигишүүсүнө чейин жеткен. АКШ жана НАТОго мүчө башка өлкөлөр жүргүзгөн аба соккуларынан кийин серб аскерлери Косоводон чыгарылган.
2008-жылы косоволук албандар түзгөн бийлик органдары Косово жумуриятынын эгемендигин жарыялаган. Аны дүйнөдө 100дөй мамлекет тааныган, алардын ичинде АКШ жана Евробиримдиктин көпчүлүк мамлекеттери тааныган. Ал тизмеде Орусия, Индия жана Кытай жок. Сербия болсо Косовонун көз карансыздыгын бүгүнкү күнгө чейин тааныбайт.
Мындан мурда Гаагадагы мурдагы Югославия боюнча Эл аралык трибунал Косоводогу жаңжал маалында жасалган кылмыштары үчүн мурдагы Югославиянын жана Сербиянын бир катар жогорку кызматтагы өкүлдөрүн жоопко тарткан. Алардын арасында мурдагы президент Слободан Милошевич да болгон. Ал өкүм чыккыча эле Гаагадагы түрмөдө каза болгон. Башка айыпталуучулар 15 жылдан 22 жылга чейин абакка кесилген.
Шерине