Буга чейин өкмөт өлкөдө кара майдын баасын туруктуу кармоо үчүн субсидия берилип жатканын жарыялаган эле.
Эсептөө палатасы Кыргызстандагы күйүүчү май рыногун камсыз кылуу үчүн 2025-жылдын октябрында "Альфа Ойл" компаниясына (Red Petroleum мунай бекеттери) 25 млн доллар насыя туура эмес берилген деген билдирүүсүн жарыялады. Жогорку Кеңештин Агрардык саясат комитетинин жыйынында айтылган маалыматка ылайык, насыя Министрлер кабинетинин чечими менен берилген. Ага Экономика жана Каржы министрликтеринин сунуштамалары негиз болгон.
Аудитор Алимжан Байгазаков "Элдик Банктын" насыясы компаниянын Экономика жана коммерция министрлигине жолдогон арызынын негизинде эле 7% үстөк менен үч жылга берилгенин билдирди.
“Биз анализ кылып чыкканда “Альфа Ойлдун” аналитикалык тиешеси күйүүчү майды туруктуу кармап турганга үлүшү 12-13 эле пайызга туура келип калды. Ошондуктан, эгер берген болсо, баарына чогуу бериш керек болчу. Анан бир эле “Альфа Ойлду” таап туруп, эмнеге бергенсиңер дегенге бүгүнкү күнгө чейин жооп беришкен жок. Натыйжалуулук боюнча, ал баанын туруктуулугуна дагы чоң салымын кошкон жок деген анализдерди чыгардык. Мунун 6,5%(475 миң долларын) субсидия катары бюджеттен төлөп бердик, 250 миң долларын кепилдик катары өзүнүн мүлктөрүн койбостон ГФРдин мүлкүн 1% коюп туруп, аны дагы бюджеттен төлөп берип, казынага жүк болгон деген эсептерди чыгарып атабыз”.
Байгазаков аныкталган мыйзам бузуулар боюнча материалдар укук коргоо органдарына берилгенин кошумчалады. Эсептөө палатасы “Альфа Ойлго” насыя берүүдө каражаттын максаттуулугу менен рынокко таасири эсептелип чыкпаганын белгилеп жатат.
Өкмөт былтыр май айында эл аралык рынокко еврооблигация чыгарып, 700 млн доллар насыя алган. Анын эсебинен 60 млрд сом “Элдик Банкты” капиталдаштырууга берилген. Эсеп палатасынын өкүлү ошол каражат тууралуу да кеп кылды. Президент Садыр Жапаров быйыл Улуттук банктын жаңы имаратын ачып жатып “Элдик Банк” ири инфратүзүмдүк долбоорлорду да каржылоого жетилип калганын айткан.
Эсептөө палатасынын маалыматына “Альфа Ойл” компаниясы дароо реакция кылды. Анын билдирүүсүн айрым басылмалар жарыялады, кээ бири көп өтпөй кайра өчүрүп салышты.
Компания алынган насыя 2025-жылдын октябрында Орусиядан күйүүчү май сатып келүүгө коротулганын билдирди. Күйүүчү майдын бир бөлүгүн Беларустан импорттоп өзүнүн мунай бекеттеринде тартыштыкты болтурбай калганы, кымбатка турганына карабай кыш алдында бааны көтөрбөй, кармап турганы белгиленген.
Күйүүчү май рыногундагы үлүшү 12-13% экени тууралуу маалымат ты четке кагып, 2025-жылдын жыйынтыгында рыноктун дизель отуну сегментинде 40% үлүштү көзөмөлдөп турганы айтылган.
Мамлекеттен алган насыялары жана алардын натыйжалуулугу тууралуу компаниянын өзү менен байланышып, комментарий алуу мүмкүн болгон жок.
Жыйырма беш миллион долларлык насыяны алгандан жарым жыл өтпөй, 2026-жылдын апрель айында компания “Элдик Банктан” 36 млн долларлык насыя алуу үчүн кайрадан кайрылган. Маселени парламенттин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынына алып чыккан Финансы министрлиги насыянын негизги бөлүгү мурунку карызды жабууга, калганы күйүүчү май алып келүүгө жумшаларын билдирген. Документ боюнча насыя үч жылга берилип, 21 ай жеңилдик мөөнөт болмок.
Жыйында аткаминерлер берилип жаткан насыя жана анын максаты тууралуу өз маалыматтарын келтиришкен.
Финансы министринин орун басары Жибек Дуйшеева:
"Мамлекеттик резерв катары алуу боюнча буга чейин да “Элдик Банк” аркылуу ошондой акча-каражат берилген. Ошонун негизги акчасын кайра жабууга. Жаап, калганына кайра резерв алып келгенге".
“Элдик Банк” ААК төрагасынын орун басары Акылбек Турдалиев:
“Суммасы 36 млн доллар, 3 жылдык мөөнөткө 7% менен. Биздин мамлекетте энергетикалык коопсуздукту сактоо үчүн ушул 36 млн долларга жаңы келишимдер түзүлөт. Негизги жеткирүү Орусия өлкөсүнөн жана Беларустан. Келишим түзгөн учурда баасы канча болсо, ошончо суммада түзүлөт”.
“Мамлекеттик финансылык холдинг” ачык акционердик коомунун төрагасы Элдияр Доолбеков:
“Бул жерде “Альфа Ойл” бардык калк үчүн керектүү көлөмдү камсыз кылат. Анткени, бүгүнкү күндө дүйнөдөгү окуяларга байланыштуу баа өсүп жатат. Ошол кезде керектүү көлөмдү бүгүнкү баа менен алып калыш керек деген маселе коюлуп атат. Бизге акча бөлүнбөйт. Бул жерде “Альфа Ойлга” “Элдик Банк” тарабынан акча бөлүнөт. Биз тараптан кепилчилик берилет”.
Өкмөттүн кийинки насыя боюнча тескемесин да депутаттар колдоп беришкен. Ал каражат азыркы күнгө чейин компанияга берилген-берилбегени белгисиз.
Анын алдынан “Альфа Ойл” компаниясынын ээси Акылбек Маматов кармалып, УКМКнын тергөө абагына кирип-чыккан. Маматов менен кошо атайын кызматтын бир катар кызматкерлери да кармалган. Алар “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренеси менен шектелген. Башында Маматов 13-июнга чейин тергөө абагында кармалары кабарланып, көп өтпөй тергөөчүнүн өтүнүчү менен Биринчи Май райондук соту аны тил кат менен бошоткон.
Экономикалык талдоочу Төлөнбек Абдыров мамлекет казынага бейчеки кол салдырбоого, каражаттын максаттуу иштетилишине ар дайым ынтызар болушу керектигин айтат.
“Мамлекеттин бир тыйыны да натыйжасыз королбошу керек. Жумшалган акчалардын бардыгы максаттуу, даректүү болуп, ар бир тыйыныбыз максатына жетиши керек. Мамлекет ошону берип аткандан кийин сөзсүз түрдө ошону көзөмөлгө алып, эгерде күмөн болсо аны сөзсүз түрдө текшерип, аныктап, эгерде күнөөлүүлөр чыгып калса катуу жазалаш керек. Анткени, мамлекеттин чөнтөгүнө бир да адам колун салбашы керек”.
“Альфа Ойл” компаниясынын жетекчиси Акылбек Маматов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурунку төрагасы Камчыбек Ташиевдин мунай рыногундагы жакын өнөктөшү катары сыпатталып келет. Ал боюнча журналисттик иликтөөлөр да жарыяланган.
Ташиев кызматынан алынгандан кийин, март айында «Ынтымак Ордонун» маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы жагдай тууралуу пост жазган. Анда «Кыргызнефтегаз» менен «Кыргыз Петролеум Компани» мамлекеттик компаниясы Камчыбек Ташиевдин таасиринде болгонун жана өнөктөш компаниялар аркылуу ички рынокто күйүүчү майдын сатылышын мындайча сүрөттөгөн.
“Иш жүзүндө кайра иштетүүнү мамлекеттик завод аткарганы менен, даяр продукция Ташиевдерге таандык компаниялар аркылуу башкаларга сатылып, негизги киреше мамлекетке эмес Ташиевдерге түшүп турган. Аи-80 бензини жана дизел ички рынокто колдонулбаса да, Ташиевдердин фирмасы - нефть менен иштеген жергиликтүү эки ири компанияга сатып, мажбурлап алдыртып келишкен. Басымдын таасири менен сатып алган компаниялар Аи-80 маркасындагы бензинди жана дизелди Орусиядан келген жогорку сапаттагы бензинге жана дизелге аралаштырып анан элге сатышкан. Муну, нефтрейдерлер “шакарап” деп атап коюшат экен”.
Күйүүчү май каатчылыгы Кыргызстанда 2026-жылдын жаз айларынан тарта катуу курчуду. Өкмөт чет элден кымбат баада импорттолуп келген мунайдын баасын туруктуу кармап туруу үчүн компанияларга бир бааны коюп, айырмасын бюджеттен каржылап келет.
Шерине