Кыргызстандын күйүүчү май рыногунда кырдаал чыңалган бойдон турат. Мунай ташуучулар ассоциациясы мурдараак төмөнүрөөк баа менен келген мунай түгөнүп баратканын, жаңы партияларды бир кыйла кымбат баада сатып алууга туура келип жатканын билдирүүдө.
Уюмдун маалыматына ылайык, августтун башынан тартып айрым компаниялар дизелдик отундун тоннасын 1 550-1 600 доллардан сатып алуу келишимин түзүшкөн. АИ-92 маркасындагы бензин болсо 1 400-1 450 доллардан туура келген. Мындай келишимдеги күйүүчү май Кыргызстанга келип баштады.
Орусиялык компаниялар бардык жерде активдүү суроо-талап менен сатып алып, мунай рыногуна күчтүү басым жаратып жатышканы айтылууда.
Ассоциация өкмөттүн сатып келген баа менен Кыргызстандагы чекен баанын ортосундагы айырманы компенсациялоо маселеси татаал бойдон калып жатканын билдирген. Анын айынан компаниялар мунай келишимдерин түзүүдө батыл аракеттерди көрө албай жатканы белгиленет.
Министрлер кабинети Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы жакынкы арада жогорулабай турганын билдирүүдө.
Өкмөт жетекчисинин биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Азаттык” үналгысына курган маегинде бааны туруктуу кармоо үчүн компанияларга компенсация төлөө мөөнөтү узартылганын айтты.
“Өзүңөр билгендей, компенсация 30-сентябрга чейин болчу. Андан ары узарабы-узарбайбы деген дагы бир маселе болгон. Кечээ жыйынды Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Алешович өзү өткөрүп, билдирүү жасады. Компенсация төлөө чечими мындан ары да уланат жана туруктуу болот деп кечээ ассоциациялардын баарына билдиргенбиз. Түздөн-түз контракттарды түзө бергиле, ар бир контракт жеке каралат. Андан тышкары, берилген компенсациялар, анан кийин контракттардын дал келиши сөзсүз түрдө өзүнчө комиссия менен текшерилет. Анткени баалар ар кандай болуп атат. Мисалы, Кытайда арзаныраак, Орусияда, Түркмөнстанда, Беларуста кымбатыраак. Кайсы тараптан табыла турган болсо, ошол тараптардын бааларын салыштырып комиссия карайт. Бирок компаниялардын жүгүртмө капиталын азайтпаш үчүн компенсация өз убагында, ар бир контрактка жеке каралат. Кечээ бул чечим кабыл алынган. Кечээ тийиштүү министрликтерге протокол, тапшырмалар берилди”.
Амангелдиев айткан өкмөттүк жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өкмөттүн мүчөлөрүнө өлкөнү мунай заттары менен үзгүлтүксүз камсыздоо, мониторингди күчөтүү, күйүүчү май менен иш жүргүзгөн ар бир компания менен иш алып баруу, импорт боюнча жаңы келишимдерди түзүү, мамлекеттик чек арада логистика маселесин чечүү боюнча тапшырмаларды берген.
Мамлекет бензиндин, дизелдин жана автогаздын баасын кымбаттатпай кармап туруу үчүн күйүүчү-майлоочу май ташыган компанияларга бюджеттен субсидияга болжол менен 1 миллиард сом коротту.
Мындан улам, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жарандарды күйүүчү майды үнөмдөөгө чакырууда.
Маалыматка ылайык, учурда АИ-92 бензининин литрине 23–30 сом, дизелге 25-37 сом, автогазга 2,2-5,2 сом бюджеттен компенсацияланууда.
«Эгерде автоунаа күнүнө 10 литр бензин сарптаса, мамлекет мындай автоунаа ээсине күн сайын болжол менен 266 сом, же айына болжол менен 7 980 сом компенсациялайт. Бул болгону бир эле автоунаа! Балким, коомдук транспортту, велосипедди, самокатты тандап же жөн гана жөө басып өткөн туурадыр? Бул автоунаадан баш тартууга эмес, күйүүчү майды акыл-эстүүлүк менен пайдаланууга чакырык”, - деп айтылды Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын билдирүүсүндө.
Өкмөт, ал тапта, инфляцияны ооздуктоо боюнча атайын программа кабыл алынып, бюджеттен ири каражат караларын да билдирүүдө. Данияр Амангелдиевдин айтымында, бул маселе да талкууланды:
“Инфляциядан эң эле көп күч келгени, бул, азык-түлүк тармагы. Ошого карата программанын концепциясын кабыл алдык, жакын арада Министрлер кабинетинин төрагасы кол коёт. Негизи 35 млрд сом, бааларды турукташтырууга өзүнчө программа каралган. Биринчи жолу ушундай программа иштелип чыгып жатат. Министрликтердин жоопкерчилиги конкреттүү түрдө каралган. Анын ичинде эт азыктарына жок дегенде 20 миң баш "откормго", алардын тоютун субсидиялоо. Андан тышкары, тоок эти менен камсыздоо программасы да кирди. Фермерлердин жашылча-жемиш өндүрүүсүнө (мисалы, картошка, сабиз, пияз жана бакчалык), тамчылатып сугарууга да субсидия берилет. Ошол субсидиялардын алкагында аларды сактоо жана туруктуу камсыздоого багытталган логистикалык борборлор курулат”.
Өкмөт кыргыз рыногун күйүүчү май менен камсыздоо боюнча тынымсыз чараларды көрүп жатканын билдирип келет. Мындан үч жумадай мурун Орусиядан 100 миң тонна күйүүчү май алуу келишими түзүлгөнү кабарланып, кайра тынчып калган. Амангелдиев ал келишим күчүндө экенин, күйүүчү май жакын арада келип каларын ырастады.
Ушул жума ичинде Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районуна барган Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайдын ири мунай корпорацияларынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү кабарланды. Жолугушууларда Кытай корпорациялары менен Кыргызстандын мунай компанияларынын ортосунда түз байланыш орнотуу жана Кыргызстанга мунай продуктуларын жеткирүү талкууланган.
Эксперттер күйүүчү майдын каатчылыгы башка бардык рынокторго олуттуу таасир кыларын эскертүүдө.
Экономикалык талдоочу Уран Чекирбаев өкмөт инфляцияны ооздуктай албаса калк кымбатчылыктын капшабын текши жон териси менен сезип, чыңалуу күчөй турганын айтууда:
“Бүт тармак бирдей өсөт. Мисалы, [күйүүчү май] 20-30 сомго кымбаттаса, ошого жараша ар бир товардын баасы ошончо пайызга жогорулашы мүмкүн. Анан, былтыр 9-10% инфляция болду, быйыл андан да жогору болушу ыктымал. Биз азыр ички дүң продукция 11% өсөт деп жатпайбызбы. Эгер инфляцияны 11% чейин кармаса, анда абал туруктуу болушу мүмкүн. Бирок андан жогору болуп кетсе, анда социалдык абал жакшы болбойт. Себеби баары кымбаттап кеткени үчүн сенин тапкан акчаңдын, кирешеңдин баркы жок болуп калат. Муну бардыгы өз жон териси менен сезишет”.
Бийлик абалды жөнгө салып, бензиндин, дизелдин баасы кескин кымбаттап кетпеши үчүн 25-майдан тартып АИ-92 бензинине, газ жана дизелге мамлекеттик субсидия киргизген.
Кыргызстан бир жылда 1,6-2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектесе анын 95 пайызга жакыны Орусиядан импорттолчу. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, дизел, авиакеросин, битум жана чийки мунай сатып алат.
Соңку каатчылыктарга байланыштуу Бишкек мунайды Орусиядан башка өлкөлөрдөн – Кытайдан, Казакстандан, Өзбекстандан, Түркмөнстандан, Беларустан жана Азербайжандан издеп жатат.
Шерине