Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:42

Кара май кризиси: Кыргызстанда дизел тартыш, айрым жайлар талон менен сатууда

Бишкектеги май куюучу жайлардын бири. Июнь, 2026-жыл
Бишкектеги май куюучу жайлардын бири. Июнь, 2026-жыл

Кыргызстанда айдоочулар май куюучу жайларда дизел тартыш болуп жатканына тынчсызданууда. Айрым жайларда атайын талон менен сатылып жатса, кээ бирлери дизел деген жазууну илип койгон. Өлкөдө жүк ташуу, кайра иштетүү, курулуш жана башка тармактарда техниканын көбү дизел пайдаланат.

Өкмөт айыл чарба үчүн атайын бөлүнгөн дизел жетиштүү экенин жана түшүм жыйноо иши үзгүлтүккө учурабай турганын айтууда.

"Дизел таппай атабыз"

“Экинчи май куюучу жайга келип, дизел таппай кетип жатам”, - деди Бишкектеги дүкөндөргө азык-түлүк жеткирип иштеген айдоочулардын бири. Ал дизелге байланышкан көйгөй бир аптадан бери уланып жатканын айтты.

Борбор калаадагы май куюучу жайлардагы абал айдоочунун айтканын ырастап турат.

"Жерине жараша бөлөбүз". Дыйканга дизел майы керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:09 0:00

Айрымдары май куйган түтүккө “Дизел жок” деген жазууну илип койгон. Кээ бир май куюучу жайларда тескерисинче. Дизел бар, бензин жок.

“Дизел көйгөй болуп жатат. Жетишпейт. Көп станцияда жок, барсаң жаап коёт. Муну карап чыгыш керек. Чечпесе болбойт. Кезекке туруп алып жатабыз. Жок болгон күнү автоунааны айдабай жатабыз”, - деди курулуш материалдарын ташып иштеген Абубакир аттуу айдоочу.

Бишкекти эле мисал келтирсек, жүк ташыган, азык-түлүк жеткирген жана башка кызматтарды көрсөткөн техниканын көпчүлүгү дизел колдонот. Тартыштык улана берсе, баалар өсүп, жумуш токтоп каларын айткандар бар.

Калыбек аттуу айдоочу майдын кымбатташынан улам алардын кирешеси азайганын, иши өзүн актабай калып жатканын айтып нааразы.

"Дизелдин баасы күндөн-күнгө өсүп жатат. Бүгүн 100 сомдон куйдук. Кээде өзүн актабай калат, кээде актайт. Кээде жок болуп калат. Эптеп бир нерсе кылып, бар жерден куябыз. Көп айдабай калдык, ченеп жүрүп атабыз".

Оруп-жыйноо иштери эмне болот?

Дизелге байланышткан маселе аймактарга да тиешелүү. Жүк ташуучу машинелердин айдоочулары май куюучу жайларда 50-100 литрлик чектөөлөр киргизилгенин айтып беришти. Мындан тышкары дыйкандар үчүн бөлүнгөн май да быйыл жылдагыдан аз көлөмдө берилип жатканы белгилүү болду.

“Төрөгелди” беде-үрөн чарбасынын жетекчиси Абдисатар Төрөгелдиев буларды билдирди:

“Мурун гектарына 100 литр берилчү. Азыр чектөө 50 литр болуп калды, ушул жагына шүгүр. Оруп-жыйноо иштери жүрүп жатат. Кооперативге кирбегендер кымбат баада алып жатышат”.

Өкмөт базарда дизелдин тартыштыгы айыл чарба тармагына таасир этпей турганын белгилеп жатат. Материалдык резервдер фондунда жайкы талаа иштерине жетиштүү запас бар экенин билдирди.

Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык башкармалыгынын башчысы Турат Идирисов дыйкандарга дизел 81 сомдон берилип жатканын маалымдады:

“Былтыр күзүндө айыл чарба багытына 7 миллион литр дизел бөлүнүп берилген. Азыр ошонун 4 миллион литри бар. Ал ар бир районго жердин өзгөчөлүгүнө жараша бөлүштүрүлүп берилген. Ошол багытта колдонулуп жатат. Ашып калган райондордукун алып, жетишсиз болгон аймактарга берип жатабыз. Монополияга каршы агенттик бир литрине 81 сом деп баа коюп берген. Дыйкандар жердин аныктамасын аймактагы Материалдык резервдер фондуна алып барып, тиешелүү талонун ала алышат. Мындан тышкары “Редпей” деген платформаны колдоно алышат. Ошондой эле алдын ала тапшырык берип, каалаган жерине жеткирип берүү кызматы да каралган. Эгер бул көлөм жетишсиз болсо, дагы кошумча бөлүп берүү маселесин карайбыз”.

Орусиядагы кризистин эпкини жетти. Кыргызстан кырдаалдан кантип чыгат?

Украина Орусиядагы мунайды кайра иштетүүчү заводдорго сокку уруп, Кремл ички керектөөнү камсыздоо үчүн күйүүчү май экспортун толугу менен токтотту. Керектөөнүн 95 пайызын Орусиядан алган Кыргызстан жаңы булактарды кароого аргасыз болууда. Өкмөт өткөн аптада бир жарым айга жете турган май запасы бар экенин, Кытай, Беларус, Өзбекстан жана айрым Европа өлкөлөрү менен байланышып жатканын билдирген. Бааны туруктуу кармоо үчүн АИ-92, газ жана дизелге мамлекеттик субсидия киргизген.

"Дизелдин баасын туруктуу кармоо үчүн мамлекет субсидия берип жатат. Анткени бул социалдык маанидеги товарларга кирет жана ал экономикалык процесстерге таасир берет. Кайра иштетүү, айыл чарба, кен иштетүү, коомдук транспорт дизелге көз каранды. Азыр АИ-95тин баасы 120 сом болсо, дизелдин базардагы наркы 148-150 сомго жетип калган. Муну жөнгө салып жатабыз”, деген Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев "Азаттыкка" курган маегинде.

Өткөн аптада Кытай Кыргызстандын бийлиги менен сүйлөшүүлөрдө берген убадасынын негизинде күйүүчү-майлоочу майдын биринчи топтомун Бишкекке жөнөткөн.

АИ-95 жана АИ-98 үлгүсүндөгү бензин базар баасы менен сатылганы үчүн наркы кыйла жогору. Кара майдын бул түрү көпчүлүк май куюучу жайларда табылбайт. Мамлекет бааны көзөмөлдөп жаткан АИ-92 үлгүсүндөгү бензин да ушул апта дагы эки сомго кымбаттады.

"Күч колдонгон ыкмадан алыспыз, ачык диалогго даярбыз"
please wait

No media source currently available

0:00 0:38:27 0:00
  • 16x9 Image

    Түмөнбай Абдинаби уулу

    Түмөнбай Абдинаби уулу "Азаттыктын" кабарчысы. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү. 

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG