Орусия баш калаасы Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн миграцияда жүргөн кыргызстандык ондон ашуун кыз иске ууланган трагедияга быйыл туура он жыл болду. Бул окуя эгемендик жылдардагы миграциянын чоң кесепети катары жалпы улуттук трагедия деп кабыл алынып, ошол кезде аза күтүү да жарыяланган.
Чырпыктай кезинде жалп өчкөн өмүрлөр кыргыз коомуна миграциянын оор кесепеттерин көрсөттү. 2016-жылдын 27-августунда ондон ашуун бала апасынан айрылса, арасында жападан жалгыз кызын жоготкон энелер болгон. Маркумдардын улуусу 45, кенжеси 17 жашта гана эле. Жаш өмүрлөрдү жалмаган бул трагедия мигранттарга болгон мамилени кандай өзгөрттү? Бул окуядан кандай сабак алдык? "Азаттык" ушул тууралуу кеп кылат.
Мигрант кыздардын өлүмүнө ким жооптуу?
Кимия Абдуганиева он жыл мурун көкүрөк күчүгү, кенже кызынан ажыраган. Ошондон бери жыл сайын Жаркынайдын кабырына келип, куран окуп, кызын эскерет.
“Саат жетиде жаңылыктар болчу эле. Ошону угуп жатсам Канатбек кызы Алина дегенди угуп калдым. Ал Жаркынайдын кайын сиңдиси эле. Кайнагасынын кызы болчу. Ошол учурда үйгө сиңдилерим келген эле. Өмүркан, Алина деди го десем, “ал баткендик экен, аттары окшош экен” деп коюшту. Эртеси дагы жаңылыктарды көрүп атып телевизордон угуп калдым. Кошуналарым, сиңдилерим деле угушкан экен, мага айта албай отурушкан экен. Жаңылык угуп атсам эле басмаканада өрт чыкты деп айтып, орустардын атын атады. Анан эле Абдуганиева Жаркынай, Төөлөс деди. Ошол жерден эле бакырдым... Артынан өлбөйт экенсиң... Ыйлап отуруп калдым. Анан эле кошуналарым келип калышты”.
2016-жылдын 27-августу. Таң атып, Москва кадимкидей жанданып жаткан учур. Көп өтпөй шаардын түндүк-батышындагы Алтуфьево шоссесинде жайгашкан басмаканадан өрт чыкканы тууралуу маалымат тарады.
Өрт чыккан имарат "Печатный экспресс" басмаканасына таандык экени кабарланып, кырсыктан 17 аял каза болгону аныкталды. Алардын 14ү Кыргызстандын жарандары эле.
Каза болгондордун арасында 34 жаштагы Жаркынай Абдуганиева да бар болчу.
1982-жылы 16-февралда Оштун Ноокат районундагы Төөлөс айылында туулган. 2004-жылдан тартып Москвада миграцияда жүргөн. Өрт чыккан "Печатный экспресс" басмаканасында жети жыл иштеген. Артында калган жалгыз уулу быйыл 23 жашка чыкты. Жаркынай мугалим болууну кыялданчу.
Жаркынайды изги үмүт, жакшы тилек менен Москвага узаткан эне кызынын ордуна муздак табытты тосуп алган.
“Түштөн кийин алып келгени (сөөктү) кетишти. Мен аэропортко барайын деп дагы айтпаптырмын. Балдарым, инилеримдин баары кетишти. Табытты алып келишти, молдолор, айыл аксакалдары “азыр кеч болуп калды, эртең саар ачалы” дешсе, кызым күйүп болбой калган экен деп табытты кучактап жаттым. Саарлап ачсак уктап эле жатат, эч нерсе болбоптур. Газга эле ууланып калыптыр, уктап эле жатат. Апам менен кайненем экөөнүн тең кыздары өтүп кечке ыйлашат эле. Энени бала менен сынабасын, эненин баласы өлбөсүн, ушуларга окшобоюн деп тилейт элем. Өзүмдүн башыма дагы ошондой тагдыр түшүп калды", - деди Кимия апа үшкүрүнө.
Жаркынай миңдеген мигранттардын катарында турмуш-тиричилигин оңдоп, үй алып, уулун окутуп, үйлөнтүүгө каражат табуу үчүн миграцияга кеткен.
"Кызым кыялына жетпей калды", - дейт күйүткө баткан эне. - 2002-жылы ушул жерден, борбордон эле бир бала ала качып кеткен. Бир балалуу болгондон кийин турмуштун айынан Орусияга иштегени кетишкен. 2004-жылы кеткен, 2016-жылы ушундай окуя болду. Иштеп жүрүп, үй салабыз деп жер алган. Үйүн баштап, ошону бүтүрөм деп жүргөн эле да. Максат-кыялдары абдан көп эле. "Үйүмдү бүтүрсөм, баламды үйлөп, той кылам, сиздерге аябай сарпай кылам, кыдыртам ар кайсыл жакка алып барып" деп калчу эле. Акыркы жолу кетип жатканда эмнегедир аябай кыйылып жатып, баргым келбей жатат деп кеткен. Барбай эле кой анда десем, "үйдү бүтүрүш керек, келсем каякка жашайм?" деп калды. Үйдө дагы эки келин бар эле. Анда бир жыл иштеп келип, үйүңдү бүтүргөндөн кийин барбай койо бересиң дедим. Көчөнүн бурулушуна чейин узатып, карап турдум эле".
Ноокат районунун Төөлөс айылы бул каргашада чырактай болгон эки кызын жоготкон. Бул трагедия төрт үй-бүлөнү сыздатып кеткен, анткени алар ушул эле айылдын келини дагы болчу. Алардын аза кайгысын тең бөлүшүп, эң оор кабарды жеткирүү оңой болбогонун Москвадагы "Төөлөс" коомунун ошол кездеги жетекчиси Кылыч Таалай уулу айтып берди:
“Он жыл мурдагы ошол август айында болгон Москвадагы каргашалуу окуя бизди азыр дагы оор үшкүртөт. Анткени көп адамдардын жүрөгүнө катуу тийген окуя болгон, бул чоң трагедия, бир айылдын, бир үй-бүлөнүн эмес, мамлекеттин трагедиясы болгон. Ошол күнү кошуна айылдын жетекчиси чыгып, өрт чыгыптыр силердин айыл өкмөттөн жети адам экен деп угузду. Бул абдан катуу тийди, мен 10-15 мүнөт нес болуп турдум. Бул маалыматты тактай баштадык. Жети эмес эки адам экен, бул жагдайды бир аз жеңилдетти. Бирок эки адамдын трагедиясы дагы оор болчу. Жок дегенде табыттар жерине жеткенге чейин ошолор менен бирге иш алып барышың керек, биз кызматтагылар менен ишти бөлүштүрдүк. Ошол учурда биздин айылдан эле 15тей адам иштей турганы тууралуу маалымат келди. Бул дагы кооптондурду, анткени өрт толук өчө элек, маалыматтар толук бериле элек болчу. Кудай сактаса экен деп отурдум. Кабарды угузуу абдан оор, аны жеткизиш дагы сага аманат болот. Эжебиз жана карындашыбыз биздин айылдан болуп, экөө тең ушул айылга эле келин болушкан. Ошондуктан бул төрт үй-бүлөнүн трагедиясы болду. Ошол үй-бүлөнүн астында жоопкерчилигинди сезесиң, эмоцияга алдырганга болбойт. Ошол басылганга чейин, арадан 1-2 ай өткөнгө чейин чыңалган абалда туруп, бир нерсе сураса, жаман сөздөргө дагы сабыр кылып, даяр болуп турушуң керек”.
Ошол каргашада Жаркынай Абдуганиева менен кошо бул айылдын дагы бир тургуну Алина Канатбек кызы каза болгон. Алина Жаркынайдын кайын синдиси эле. Жеңеси Жаркынай экөө кучакташкан боюнча көз жумганын кийин сөөктү алып чыккандар айтышкан.
21 жаштагы Алина Канатбек кызы Орусияга барып-келип иштеп жүрчү. Акыркы жолу барып, басмаканага ишке киргенине жарым жылдай гана болгон. Ага чейин айылында мугалим болуп эмгектенген. Алина үйдүн улуусу эле. Каргаша болгон 2016-жылы анын артында 1,5 жаштагы уулу калган. Алинанын жолдошу дагы типографияда иштеген.
Маркумдун сиңдиси Жыпаргүл Канатбек кызы Алинанын кыялдары, уулу, он жылдан кийинки жашоо тууралуу айтып берди:
"Биз төрт бир тууганбыз, эң улуусу эжем болчу, эки агам бар, мен эң кичүүсүмүн. Биздин бардыгыбызга камкор болуп, мени карап чоңойткон Алина эжем болчу. Апам дагы мага жөлөк болгон кызым Алина болчу деп айтат. Апам ошондон кийин катуу сыноого кабылып, эки жолу жүрөгүнөн операция жасатып Москвада дарыланууда. Апам эжемдин каза болгонуна сөөк келгенге чейин ишенген эмес. Эжемди көргөндө инсульт алып калган. Жайга коюп келгенден кийин деле ишене албай, эшиктен кирип калчудай күтө берчүбүз. Артында 1,5 жаштагы баласы калган. Апам болгон мээримин ошол баласына берип чоңойтту. Бирок өз ата-энеси менен чоңойгондон, энесинин мээримин эч нерсе алмаштыра албайт экен. Баласы эс тарткандан бери эле сүрөттөрүн көрүп, таанып, сизге окшош беле деп көп сурачу. Өзүн көрүп, элестете албаса дагы түшүнө кирип, апасы менен сүйлөшкөнүн айтып калат".
2016-жылы набыт болгондордун улуусу 45, эң кичүүсү 17 жашта эле. Алардын арасында турмушка чыга элек жаш кыздар жана кош бойлуу келин да болгон. Окуядан кийин Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги каза болгондордун көбү өрттөн чыккан түтүнгө ууланганын билдирген. Москвадагы өрттүн кесепетинен 11 бала энесиз калган. Аларды жетөө 12ге чыга элек жеткинчектер болчу.
10 жыл мурун 29-августта Москвадан каза болгон 14 кыргызстандыктын сөөгү эки учак менен Бишкектеги "Манас" жана Ош аэропортторуна жеткирилген. Ошол эле күнү Кыргызстанда жалпы улуттук аза күтүү күнү жарыяланган. Ошол каргаша аман калгандардын эсинен кете элек.
Сайкал Оморбек кызы өрт башталган учурда басмаканада эле. Көпчүлүк менен чогуу сыртка чуркап чыгып, чогуу иштеген эже-сиңдилеринин көбүн таппай калган.
“Биз түнкү мөөнөттө иштечүбүз. Таңкы 07:50лөрдө биздин мастерибиз өрт чыкканын айтты. Биз ошол учурда иштеп жаткан элек. Биз иштеген типография төрт кабат болчу. Мен 4-кабатта иштедим. Ошол учурда мен ишимди бүтүп, башка бир кызга жардам берип залда калган элем. Мени менен чогуу иштегендер ишин бүтүп кийим алмаштырчу бөлмөгө кирип кетишкен эле. Мастер өрт чыкты дегенде эле мен кийимимди алмаштырбай эле эшикке чыкканга аракет кылдым. Ошол жерде уккандардын бардыгы эшикке чыкканга аракет кылышты. Кийим алмаштырчу бөлмөдөгүлөр өрттү олуттуу кабыл алышкан жокпу же кийинип чыга калабыз дештиби, кандай болуп калып калышканын билбейм. Биз чыгып баратканда эле коридор түтүн болуп, мурдубузду жаап чыкканбыз. Өрт биринчи кабаттан чыкса, андан чыккан түтүн жүк ташуучу лифт аркылуу түптүз 4-кабатка чыгып атты. Анткени биринчи кабаттан төрткө чыккан лифт кыздар кийим алмаштырган бөлмөнүн жанында болчу. Бизде коробка, кагаз көп болгон үчүн түтүн дагы ошончо коюу болду. Түтүн лифт аркылуу дагы, айнек аркылуу дагы кирген үчүн кыздар чыга албай калдыбы деп ойлойм".
Сайкал кошо иштеген эже-сиңдилер куткарылат деп акыр-аягына чейин ишенген.
“Ал жакта көбү кыргыздар иштегендиктен, бир туугандай болуп, бири-бирибизге жаман сөз айтышкан жокпуз. Эки кезметтегилер менен тең ынтымакта иштегенбиз. Бардыгы жаш кыздар эле, достошуп, бир жактарга барып, жакшы мамиледе болчубуз. Мен 14 кыз калып кетти деп ойлогон эмесмин, 5-6 кыз болсо керек деп ойлогом. 14 дегенди укканда жаман болдук. Биринчи эле Айчүрөк деген эжени алып чыгышты, видеолору дагы бар. Тез жардам алып кетти. Ошондо деле денеси күйбөсө, иске ууланса ооруканада жакшы болуп чыгат го деп ойлогонбуз. Көп өтпөй эле каза болуп калганын уктук. Анда болжол менен саат 12 болуп калган. Өрт өчүрүүчүлөр деле ичине кирген жок, сыртанан эле өрттү өчүрүп жүрүштү. Биздин жаныбызда машина завод бар эле, ошол жактан чоң кара желим пакеттерди алып чыгып жатканын көрүп, жаман болдум. Көрсө, өлгөн кыздарды салып коюшуптур. Жаман болдум, өзүм дагы нес болуп. 1,5-2 жыл коркуп журдүм, түшүмө кирип жүрдү. Катуу стресс алып, эки жылдай кыйналдым”.
Москвадагы "Печатный экспресс" басмаканасы кагаз жана башка материалдардан таңгактоочу продукция чыгарган. Өрт чыккан имаратта тез күйүүчү материалдар көп сакталганы айтылган. Басмакана Москвада 2003-жылы ачылган. Ишкананын бир жылдык соода жүгүртүүсү 200 миллион рублдан ашчу.
Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ошол кездеги өкүлдөрү өрт электр жабдыгынын бузулушунан чыкканын билдиришкен. Куткаруучулардын маалыматына караганда, өрт биринчи кабаттан лифттин шахтасы аркылуу жогорку кабаттарга тарап, түтүн төртүнчү кабатка тез жеткен.
Өрт маалында имаратта иштеп жаткан кыздардын айрымдары терезеден жардам сурап кыйкырган. Алардын айрымдары сыртка чыга албай, түтүнгө ууланып каза болгон.
Динара Иматиллаева ошол күнү жумушка кечигип, имаратка кирбей калган экен.
"Москва деп айтылганда эле бул күн жүрөгүмдө так катары калып калган. Типографияда үч жыл иштедим, ал жерде иштеген айрым кыздар менен чогуу жашайт элек. Дем алыш күндөрдү чогуу өткөрүп, бир туугандай эле болуп калганбыз. Ошол күндү эстесем ыйлагым келет. Баары жаш кыздар эле, өзүбүз дагы ошол убакта жаш элек. Ошол күнү уктап калып жумушка шашып баратканда басмакана тараптан түтүн көрүндү. Дарбазадан киргенде эле "кач эле кач" деген кыйкырыктарды угуп калдык. Анан эле кароолчу өрт чыгып жатат деп дарбазаны жаап, эч кимди киргизбей койду. Баарыбыз эле нес болуп калдык. Ичиндегилер эмне болду деген эле ой болду. Баарына телефон чала баштадык. Алып “мага жардам бергиле" дегендер, терезеден башын чыгарып “бизге жардам бергиле” деп кыйкыргандар болду. Жеке менде эмне үчүн ошол кыздар ошол жерде калып кетти, эмнеге куткарылбай калды, эмнеге чыга албай калышты деген суроо жарала берет. Жаш өмүрлөр кыйылып кеткени абдан өкүнүчтүү".
Өрт жалмаган имаратта калган жердештеринин жүзү, үнү азыркыга чейин Динаранын көз алдынан кетпей, кулагында жаңырып турат.
“Мен Алина деген кызды көп эсетейм. Өрт болуп жатканда үйүндөбү, жумуштабы билейин деп үйүнө чуркап баргам. Алина менен Айкөл чогуу жашайт эле. Агасы чыгып алар жумушта экенин айтканда гана басмакананын ичинде калганын билип калганбыз. Алина менен Айкөл Алайдан болгон, алар менен бир жылдай чогуу жашадык, чогуу ишке барат элек, күндөрдү чогуу өткөрдүк. Жашыбыз деле тең эле, дос болуп калганбыз. Алардын өлүмү катуу таасир этти. Алмаш бизден кичине кыз эле, бизге эркелеп “эже” деп сүйлөгөндөрү азыркыга чейин кулагыма угулат. Мындан сырткары Жаркынай, Алина жердештерим эле. Жердеш эле эмес тууган болуп кетет элек, бир мектепте окуганбыз. Бири-бирибизге жардам берип, жардам сурап жүргөн эже-сиңдилердин өлүмү абдан катуу таасир эткен”.
Алина Топчиева
1994-жылы Ош облусунда туулган. Үй-бүлөнүн жалгыз кызы болгон. Ырдап, бийлегенге шыктуу, «Кыз-Бурак» тобунун катарында жүргөн. Сүрөт тартууга, кол өнөрчүлүккө кызыккан. Москвага барып, "Печатный экспресс" басмаканасында иштегенине эки ай гана болгон. Көп өтпөй Кыргызстанга кайтууну пландап жаткан.
Тилсиз жоо имаратты каптаганда, сыртта калгандар үчүн да оор болгон. Төртүнчү кабатта камалып калган кыздардын айрымдары терезеге чыгып, жардам сурап кыйкырганда басмаканада иштеген кыргызстандык жигиттер кыздарды куткарууга аракет кылышкан. Алардын катарында Аширбек Шакиров дагы бар эле.
“Биз барганда айнектеги кыздар бакырып аткан. Кирип кайра чыкканда шаты койолу дедик. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чыкпагыла деди, биз болбой эле аны тартып алып шаты койгонбуз. Ал эми балдардын кийим алмаштыруучу бөлмөсү арт жакта эле. Ошол жактан балдар, адашып кирип калган бир кызды алып чыктык. Өрт өчүрүлгөндө дарбазалар жабылып, эч кимди киргизген жок. Ошондо документтерди алып чыгыш керек болуп, бир эже, анан мен кирдик. Ошондо кыздардын жатканын көрдүм. Киргенде дагы бир эшиктен кыздардын кийим алмашкан бөлмөсүнө киресиң. Бирок ӨКМ башка дубалды тешип кирген ал бөлмөгө, өзүнүн эшигинен эмнеге кирген эмес деген ой келген. Биз барганда эшиги ачык эле турган экен. Кыздар бөлмөдө жатыптыр, баарын көргөм. Бири да күйгөн эмес. Түтүн болгондо температура дагы көтөрүлөт окшойт, лампалар ээрип калган. Дубал капкара. Ошол учурда менде коркуу сезими такыр болгон эмес. Алар менен бир күндө эки маал бир жерде тамактанат элек. Болгону куткарыш керек болду, бирок колдон келбеди. Өрт жаман нерсе экен. Кийин Москвада иштеген балдар куткара алган жоксуңарбы, эмне кылып турдуңар дешти. Айтыш оңой экен, өрттө эч нерсе кыла албай калат экенсиң”.
Таалайбек Марип уулу да ушул басмаканада иштеген. Ал кырсык болгон учурда кыздар калып калган бөлмөнү көрсөтүп берүү үчүн өрт өчүрүүчүлөр менен бирге 4-кабатка чыккан экен.
“Мен бул сүрөттө күрмө кийип турам. Кийинип чыгып, ишкананын берки жагына келсем, кыздар ыйлап жатыптыр. Эмне болду десем “кыздар калып кетти” дешти. Бир аздан кийин эле өрт өчүрүүчүлөр келди. Алар өздөрүнүн формалары менен. Ошондо мен балдар-кыздар калып калган бөлмөнү көрсөтүп берем деп күрмө кийип, алар менен төртүнчү кабатка чыккам. Ал жактан аягына чейин жетпей койгонбуз. Аябай ысык боло баштады. Ным чүпүрөктү оозго жаап эле кирип кеткенмин. Өрт өчүрүүчүлөр артка кайтарып жиберишти. Аябай ысык боло баштады. Ал эми бул сүрөттө андан кийин чатырга чыгып, тепкич менен кыздарды алып түшөбүз дегендеги учур. Кыздар эсин жоготуп айнекке асылып калган эле. Ошондо бир кызды алып чыкканда тартылган видео экен. Ал дагы жолдо каза болуп калды деп айтышты. Башка терезеден дагы кыздар куткарылган, анда эси ооп калган бир кыз жакшы болуп кетти дешти. Аларды алып чыгып кетишти, бир гана жол бар эле. Чыккандан кийин машинаны шатысы менен айнекке айдатканмын, бирок тепкичи жетпей койгон. Алдыда машинаны дагы тосуп, аягына чейин жетпей койдук.
Ал учурда коркуу сезими деле болгон эмес, өлүп кала турганыңды деле ойлогон эмесмин. Болгону кыздарды куткарып чыгыш керек эле. Ал учурда биз деле жаш элек да, 22 жашта элек. Жапжаш кыздар өтүп кетти, эжелер бар эле. Кош бойлуу эже бар эле. Кыргыздын кызы болгондон кийин, бир жерде иштесең карап тура албайсың да, жардамга чуркайсың. Журөк чыдабайт, куткарышка аракет кыласың. Үйгө барганда муундарым кылтырап жүрдү, адам түтүнгө ууланып калат экен. Ошол бойдон дарыгерге деле көрүнгөн жокпуз, 2017-жылы Орусиядан келе бердик”, - деп эскерди Таалайбек.
"Өрт башталганда сыртка чыгып кайра кирген экен"
Таалайбек айтып жаткан кош бойлуу келин Ысык-Көлдүн Челпек айылынын тургуну Кыял эле.
Кыял Алабердиева ошол кезде 30 жашта болуп, беш айлык кош бойлуу кези эле. Ал кезде кызы бешинчи класска, кичүү баласы 1-класска барууга камынып жаткан. Апасы уулунун мектеп босогосун алгачкы жолу аттаганына күбө болуп, кубанычын бөлүшүү үчүн 27-августтагы нөөмөтүн аяктап, ошол күнү Бишкекке учуп келмек. Тилекке каршы бул күндөрү туугандары Кыялдын өзүн эмес, табытын тосуп алышкан.
Кыялдын көзү тирүү болгондо азыр таяне болуп, эки неберени эркелетип отурмак экен. Эжеси Асел Аллабердиева Кыялдын өлүмү ата-энесин катуу кайгыга салып, көп өтпөй алар дагы кайтыш болгонун айтты.
“Мурунку күнү эле сүйлөшүп, билет алдык Кыргызстанга келебиз деп даярданып турушкан. Алар ошол жактан чыга турган күнү бизге кабар келди. Баласы 1-класска бармак. Өзүм алып барам деп кыялданчу, ошол кыялына жетпей калды, айла жок, тагдыр экен. Ошол күнү жумушка чыкпай эле, жыйналып койойун деп аткан экен. Анан бир күн иштеп келейин деп түнкү нөөмөткө чыккан экен. Тарткылык да. Москвага кетерде баргым келбей жатат, бутум тартпай жатат деп кеткен. Балдарын таштап соода-сатыкта жүрүп, алардын жанында болгум келип жатат деп араң кеткен эле. Барары менен эле ошол басмаканага ишке кирген. Ал жакта кайын сиңдилери менен чогуу иштечү. Нурайым деген кыз бар эле, ошол да каза болду. Кыял өрт башталганда эле эшикке чыгыптыр. Ал жерде кыздын апасы дагы бар экен. Нурайым кана десе, бул кайра киргенде эшиги ачылбай калып, чыга албай калган тура. Дайыма эле жүрөгүмдө турат, айрыкча балдарын көргөндө жаман болосуң да. Өз ата-энесиндей болбойт да барыбир. Ошол жылы уулу апасын күтүп жаткан учуру эле, азыр 10-класс болуп калды. Кызы турмушка чыгып, эки балалуу болду. Апам келип калчудай эле күтүп жүрөм деп өксүүсү канбай калды".
"Кичинекей айнектен алмак-салмак дем алып турдук, ошол күндү эстесем корком"
Ошол күнү өрттөн 12 адам куткарылган. Алардын арасында кыргызстандык жигиттердин жардамы менен терезеден чыгарылган адамдар да болгон. Калбай кызы Кызбурак, Исраил уулу Уларбек, Кадыржанов Нурмухамед жеткирилген. Алар жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, абалы оор экени кабарланган. Кыргызстандык балдар терезеден чыгарып алган Абдумаматова Айчүрөк ооруканада өзүнө келбей каза тапкан.
Исраил уулу Уларбек Кыргызстан жөнөткөн учак менен кайтып келип, дарылануусун Ошто уланткан.
"Мен 2013-жылдан 2016-жылга чейин иштедим. Ал кезде 24 жашта элем. Мен сутка иштейт элем, ишим 7:40та бүтүп, кийим алмаштырууга чыгып кеттим эле. Ошол учурда өрт деп ызы-чуу болуп калды. Ага маани деле бербей кийинип жатканбыз. Анткени буга чейин чоң өрт болгон эмес, бирок кагаз ысык аппараттан өтүп жатканда бүктөлүп калса күйүп кетчү, алып өчүрүп койчубуз. Ошондой эле деп ойлогонбуз. Бир убакта эшикти ачсак эле зал капкара болуп жатып калыптыр. Кээ бир балдар чыкканга аракет кылышты, бирок кайтып келишти. Бөлмөдө 7-8дей бала калып кеткенбиз. Ошол учурда айнектен дем алып отурдук. Бир убакта чуркап эле бир кыз келди, эшикти ачып эле жыгылып калды. Аны экөө сүйрөп эле айнекке алып барып, салаңдатып дем алдырышты. Айнек деле кичине болчу. Анан ал кыз койо бербегиле деп кыйкырды. Ошентип эки бала ал кызды кармап турушту 10 мүнөттөн ашуун салаңдатып. Андан ашкан кичине жерден калганыбыз кезек менен дем алып аттык. Дагы 5 мүнөттөй турганда 3-4 бала жыгылат элек, түтүн катуу каптап кетти. Түтүн тез эле кирет экен, жумуштагы кийимдерибиз менен эшиктин жылчыктарын тостук, ага деле болгон жок, заматта эле капкара болуп кетти. Айнектен кичине дем алганда эле арттагылар болбой калдык деп кыйкырат, кайра артка жыласың. 10 мүнөттөй ошентип турдук, анан шаты койду айнекке. Мен акыркы болуп түштүм, менден кийин дагы бирөө түштү. Ошто 10 күн жаткам. Ал жерде чыга электе ар түрдүү ой келет экен, чыккандан кийин аман калдык дедик. Башыма кийим ороп көрдүм, баарыбир түтүн кире берет экен. Суу дагы жок эле. Салаңдап түшүп кетсең биротоло майып болосуң, андан көрө газ жыттап жыгылган эле жакшы деген ойлор дагы кетти. Бир алды кийимдерибизди туташтырып түшөлү деп дагы көрдүк, жетпей кыска эле болуп калат экен. Ошол күндөрдү эстеп алып корком. Ошол бойдон Москвага барган жокмун".
Кырсыктан аман калгандар ошол кездеги коопсуздук чараларына нааразы болушкан. Алар басмаканада өрт коопсуздугу эрежеси менен жумушка киргендердин баары тааныштырылбаганын айтышкан. Ал эми ишканада акыркы пландык текшерүү кырсыктан төрт жыл мурда өткөнү айтылган.
Дээрлик бир жылга созулган соттук териштирүүдөн кийин басмакананын жетекчиси Сергей Москвин менен башкы инженери Антон Яцков камакка алынган. Алар коопсуздук талаптарын сактабагандыгы үчүн айыпталып, 2017-жылы 2,5 жана 3,5 жылга жатак абакка кесилген.
Мигранттардын көбү басмаканада эмгек келишимисиз иштегени да аныкталган. Бул каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга кенемте алуу маселесин татаалдаштырган.
"Аткарылган иштердин жыйынтыгында Орусиянын Пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу фонду каза болгон үч кыргызстандыктын жакындарына 1 миллион 200 миң жана 1 миллион 300 миң рубль өлчөмүндө камсыздандыруу компенсациясын төлөгөн. Дагы бир жарандын жакынына компенсация алуу үчүн документтер толукталган. Ал эми айрым үй-бүлөлөргө документтердеги аты-жөнү дал келбей, төлөм дайындалган эмес. Каза болгондордун дагы бешөөнүн ата-энелерине компенсация төлөөдөн баш тартылган. Анткени Орусиянын мыйзамдары боюнча мындай төлөмдөрдү маркумдун балдары, жубайы алууга укуктуу", - деп билдирди Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.
Басмаканадагы өрт чыккан учур миграциядагылардын курагы улам жашарып отуруп, солкулдаган жаш улан-кыздар кете баштаган маал эле. Жаштардын көбү мектепти бүтүп-бүтпөй Орусияга агылган учурга туш келген. Ушундан кийин бул маселе парламентте козголуп, жаш кыздардын миграцияга баруусуна тыюу салуу демилгеси дагы көтөрүлгөнү бар.
Москвадагы кырсыктан кийин кыргызстандык мигранттардын коопсуздугуна байланыштуу бийликке сын күчөгөн. Коомчулук өкмөттөн эмгек мигранттарынын акчасын эле санай бербей, коопсуздугун сактоону, алардын укуктары коргоону талап кылган.
Ошол учурда Москвада иштеген активист Жылдыз Осмонова каза болгондордун балдарына каражат топтогондордун башында турган.
“Мен жарыя кыла электе эле менин Сбербанкыма өрттөн каза болгондордун жакындарына деп акчалар түшүп баштады. Буга чейин жүк 200гө дагы акча чогултчубуз, ошогобу дароо эле акча түшө баштады. Ошол учурда Фейсбукта жазып, тизмесин жарыялап аттым. Ошондо 14 кыргызстандык эмес, 17 адамга бөлүп, орусиялыктардын да үйүнө барып элдин аманатын тапшырып келгем. Кыргызстанга келгенде кош бойлуу кезинде каза болгон Кыял Алабердиеванын эки баласына эл чогулткан акчаны, бут кийим алып барганым эсимде. Аны мен демилге кылып көтөргөн эмесмин. Эл өзү эле сурап, Кыргызстанга баратсаң кабар алып койчу деп жазып баштайт. Кийин Фейсбукта "Карлыгачтар" деген топ түзүп, баласы барларга жардам берели деген ниет болгон. Бирок аны деле бир жылдай эле алып бардык, ошол жерде дагы кичине тыйын чогултуп, кимге канча бергенибиздин отчету бар. Анткени, окуя сентябрга жакын болгондуктан ар бир мигрант өз жон терисинен өткөрүп, “мен дагы ушундай болуп калсам балама ким жардам берет, кантет” дешти окшойт. Бир жолу Кыял түшүмө кирип, кызына көйнөк сурады. Жаңы жылдын алды болчу, ага дагы мекендешибиз акча которуп кыздын таякесине жөнөткөм. Ошол окуя Москвада жүргөн мекендештердин оюнан кетпей жүргөн. Биздин Кыргызстанга кайтып келишибизге дагы ушул окуя себеп болгон десем жаңылышпайм. Анткени 14 кыргыз бир учурда жок болуп калганы нес кылып, ошол учурда чет жакта жүргөн бардык эле кыргызстандыкка абдан таасир берип, ойго батырган".
Москвадагы “Мекеним Ала-Тоо” бирикмесинин төрайымы Жамиля Бегиева миграциянын курмандыктары унутта калганына кейип отурат:
"Ошол күнү окуя болгон жерде элдин баары эле кымгуут болуп жүрөт, арасында элчилик, диаспоранын өкүлдөрү да бар. Бир убакта бир кыз "суу бергиле" деп калды, бере койгонго суу жок. Бакты сугарган шлангадан беришти. Же куюп бергенге идиш жок. Бир убакта бир бала футболкасын чечип алып эле чуркап жүрөт. Көрсө анын аялы каза болуптур, боюнда бар экен. Эки бирдей адамды жоготуп атам деп бакырып эле жүрөт. Ошолорду көргөндө өмүр бою эсте кала турган окуя болду. Убакытты деле караган жокпуз, алар менен кошо ыйлап, кечке ошол жерде жүрдүк. Бирөөсү эне, бирөөсү эже, сиңди, өзүбүз деле кетип калгандай абалда жүрдүк Кудай сактасын деп. Кийинки аптада биз куран окуттук. Бул бир сөз менен айтканда трагедия, ошол окуянын унутулуп калганы өзүнчө трагедия... Менимче тийиштүү деңгээлде деле эскерилген жок. Айниде кичине паркты ачтык, ага барып эскергенди деле көрбөдүм. Биз деле, мекендештер, келип бир нерсе өткөрсөк болот эле".
Унутта калган таш
Мындан он жыл мурун миграцияда жүрүп, каза болгон кыз-келиндин элесине арнап Бишкекте аллея ачылган. Шаардын борбордук бөлүгүндөгү бул жайга кыздардын ысымы чегерилген таш коюлган. Бирок азыр муну карап туруп, эмне окуяга, кимге арналганын деле түшүнүү кыйын. Убагында ошол кыздарга арналып көчөттөр дагы отуругузулган эле. Чырактай жаш кыздардын өмүрү кыйылган кырсык бүтүндөй миграциянын көйгөйүн козгоп, коомчулукту селт эттирген.
Кыргыз коому биринчи жолу мигранттар ден соолугун, керек болсо өмүрүн берип, тобокелчилик менен кантип бул жактагы жакындарын багып жатканын жон териси менен сезгендей болду. Уул-кыздары сыртта жүргөн ар бир ата-эненин уйкусун качырып, үшкүрткөн, жүрөгүн ыйлаткан окуя болду. Ошон үчүн муну жалпы улуттун трагедиясы катары кабыл алышат. Ошондон улам аллея ачылып, ташка ысымдарын жазышкан. Азыр көрүнүп тургандай мунун баарын убакыт, мезгил өчүрүп, жууп кеткендей сезилет. Коомдун эс тутумунан дагы чыгып кеткендей.
14 кызын жоготкон Кыргызстан аза күтүп, бул окуя чыгармага айланды. Акын Улукбек Омокеев сегиз саптын тарыхына, ошондогу сезимдерге токтолуп, өрт жалмаган 17 аял менен кошо 17 аалам кеткенин айтып берди:
“Ошол мезгилде жаңылыктар чыгып, жалаң аялдар каза болгону таасир калтырды. Оюма дароо эле аялдар, эртеңки эне боло турган кыздар келди. Алар бүтүндөй бир аалам, биз чоң адамдарды жоготуп жаткандай сезим калды. Эки куплетке эле күчүм жетти, андан ары буулугуп жаза алган жокмун. Он жыл мурдагы окуяны кыргыз элинин трагедиясы деп айтат элем. Анткени репородуктивдүү курактагы кыз-жигиттерибиз чет өлкөдө жүрөт. 17 кыз ошол эле 17 жан эмес, 17 дүйнө, 17 үй-бүлө, урпактар, эмне деген акыл-күчкө толуп турган курак? Азыр миллиондогон адам жүрөт чет өлкөдө".
Кармап алып татаал турмуш этегин.
Эх, өмүрлөр, батпы ушунча кетериң.
Эми туйдум карындаштар, эжелер,
Менин дагы бир тууганым экенин.
Ош түнөрүп, муңайгандыр Көл чети.
Түштү тагдыр тыйынынын сол бети.
Он жети миң урпак болуп көбөймөк,
Он жети эне. Он жети аалам. Он жети...
2016-жыл 27-августта Москвадагы өрттө өмүрү кыйылган 14 кыргызстандык кыз-келиндин тизмеси:
1. Гүлбара Бообекова, 1971-жыл, Чүй облусу,
2. Индира Маматкасымова, 1977-жыл, Ысык-Көл облусу.
3. Жаркынай Абдуганиева, 1982-жыл, Ош облусун,
4. Динара Раимкулова, 1983-жыл, Жалал-Абад облусу,
5. Кыял Алабердиева, 1986-жыл, Ысык-Көл облусу,
6. Айчүрөк Абдумаматова, 1990-жыл, Ош облусу,
7. Айкөл Абдаким кызы, 1993-жыл, Ош облусу,
8. Айсулуу Базарбай кызы, 1993-жыл, Ош облусу,
9. Алина Топчиева, 1994-жыл, Ош облусу.
10. Алина Канатбек кызы, 1994-жыл, Ош облусу,
11. Жаңылмырза Коргонбай кызы, 1995-жыл, Ош облусу,
12. Махигул Азимжан кызы, 1995-жыл, Жалал-Абад облусу,
13. Нурай Жумадылова, 1998-жыл, Ысык-Көл облусу,
14. Алмаш Камчыбекова, 1998-жыл, Ош облусу.