Орусияда күйүүчү май тартыштыгы мигранттарга да таасирин тийгизе баштады. Өзгөчө такси кызматында иштегендерге бул бир топ ыңгайсыздык жаратууда.
Керимбек Таштанов Москвада такси айдайт. Анын айтымында, күйүүчү май тартыштыгы июнь айынын аягында байкалган.
"Мына, экинчи май куюучу келдим. Жылып-жылып, жакындап калдым. Менин алдымда беш машине калды. Наркы катардагылар турат дагы эле. Жалпы беш катар турабыз. Кезек күткөндөр толтура. Жарым саат болду. Жылып отуруп, жетейин деп калдым”, - деди Таштанов.
Орусиянын баш калаасы Москвада мындай көрүнүш июнь айынын соңку аптасынан бери уланып келатат. Бул күндөрү Украина Орусиянын маанилүү стратегиялык, отун-энергетикалык структурасына чабуул коюп, натыйжада күйүүчү май тартыштыгы орун алды. Май куюучу жайларда узун кезектер жаралды.
"Бензин жок. Эки жерге бардым, жок. Болгондо да 109 рублдан куйдум 100дүк бензинди. АИ-92, АИ-95 такыр жок экен. 20 литрден ашык берилбейт деп чектеп коюптур, 20 литр эле куйдум. Азыр дагы башкасына баратам. Ал жактан, кошумча дагы бир жерден 20 литр куюп, бакты толтуруп албасам бензини жок калчудаймын”, - деди такси айдоочусу Керим Таштанов.
Москвада айрым май куюучу жайлар жабылып, эмгек мигранттары май куюучу жайларга түнкүсүн барууга аргасыз болууда. Орусияда Кыргызстандан барган мигранттардын арасында такси кызматында иштегендер арбын.
Атын атагысы келбеген Орусиядагы активисттин айтымында, май куюу жайларында 50-60 машине кезек күткөн учурлар болууда.
“Көбүнчө кыргызстандыктар такси кызматында иштеп калды. Такси чакырсаң көбүнчө кыргыздар келет. Күйүүчү май көп жайда жок. Ири май куюу жайларында гана бар. Ал эми чакан жайларда май дээрлик жок. Таңкыстык бар, май куюучу жайларга 50-60 машине кезекте туруп калып жатат”, - деди активист.
Украин армиясынын дрон чабуулдарынан улам Орусиянын бир канча мунай заводдору зыянга учурап, орус өкмөтү аларды тынымсыз оңдоп-түзөөгө мажбур болууда. Өлкө ичинде мунай жетишсиздиги күчөгөндүктөн, Кремл импорт булактарын издеп жатат.
Орусиядагы дагы бир кыргызстандык Майсалбек Алымов күйүүчү майды түнкүсүн куюп жатканын айтып берди:
"Москвага дрондор түшкөндө бензин тартыштыгы билинди. Май куюучу жайларда кезек... Ал күндөрү дээрлик май куя албадык. Төрт-беш жайга барып, май таппадым. Алтынчысына барып, 45 мүнөттөн ашык күтүп, куюп кеттим. Бирок ал жерде АИ-92 жок экен, АИ-95 гана бар экен. Май куюу жайларында бензин жок болуп, бирок дизел табылып жатты. Азыр түнү май куюп жатабыз. Түнү эч ким жок, кезек жок. Бирок күндүз кезек бар. Жарым саат, бир саатта куюп кетип жатышат. Мурда максимум эки-үч мүнөт гана күтүп, дароо куюп кетчүбүз да. Кээ бир май куюучу жайлар иштебей, жабылып калды. Ал эми баалар көтөрүлгөн жок. Кезек күтүү боюнча гана дискомфорт бар".
Ушул тапта Орусияда 472 миңден ашуун кыргызстандык иштеп жүрөт. Алардын 268 миң 460ы миграциялык каттоодо турат. 104 миң 500 жаран Орусиянын “кара тизмесине” кирип, дагы 90 миң 721 кыргызстандык бул өлкөнүн көзөмөл реестрине киргизилген.
Шерине