Орусиядагы бензин кризиси тереңдеп, кулач жайууда. Күүйүчү майдын тартыштыгы Сибирге чейин жетти. Кээ бир жерлерде өрт өчүрүүчүлөр менен тез жардам машиналарына бензин менен дизел жетпей жатканы кабарланууда. Бийлик бир топ чектөөлөрдү киргизүүгө, кара майды башка жердерден ташып келүү жолдорун караштырууга аргасыз. Украин президенти Владимир Зеленский шейшембинин кечинде куралду күчтөр Уфадагы мунай иштетүүчү заводго жана пензадагы аскердик өнөр-жай көмплексинин маанилүү объектине сокку урганын бышыктады. Мындай чабуулдарга жооп кайтарганын айткан орус аскерлери Украинанын май куюучу жайларын аткылоону улантууда.
Шерине