Омск мунай заводунун жалпы кубаттуулугунун 40% баштапкы иштетүүдөн өткөргөн бөлүгү украин дрондорунун 6-июлдагы чабуулунан зыян тартканы кабарланды. Ишкана “Газпром нефть” компаниясына карайт жана Орусиядагы кырктай мунай иштетүүчү заводдордун эң ириси деп эсептелет. Жылдык кубаттуулугу 22 млн тоннага чукул.
Ишкананын чыгарган продукциясынын Кыргызстандын мунай рыногундагы мааниси өзгөчө. Андыктан, Орусиядагы каатчылык андан бетер курчуп, анын эпкини Кыргызстанды да олку-солку кыла тургандай болуп турат.
Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров мурда атайын квота менен камсыздалып турган кыргыз рыногу үчүн орус заводдорунун мааниси чоң экенин айтат. Өкмөт ушул каатчылыктан сабак алып, мунай рыногун камсыздоо булактарын көбөйтүү аракеттерин күчөтүшү керектигин белгилейт.
“Илгери деле күйүүчү май Беларуска кетип, ал жактан иштелип, анан КМШ жана ЕАЭБ мамлекеттерине сатылчу. Азыр болсо Беларустан Орусия кайра өзү эле сатып алып, анткени көлөмдөрү жетишсиз болуп муктаж болуп аткандыктан өздөрү сатып алып аткандан кийин Борбор Азияга мурункудай көлөмдөр келбей калды. Биз мурун эле айтчу элек. “Диверсификация кылып туруш керек, башка мамлекеттерден да алып келип туруш керек, бул жакта күйүүчү майларды кайра иштетүүчү ишканаларды көбүрөөк салыш керек, чийки мунайды башка мамлекеттерден алып келип бул жактан иштетсек өзүбүзгө май болот, ошону менен иштетип албыз” деген сөздөрдү мурун айтып эле жүргөнбүз. Азыр эми билбейм, мамлекет аракет кылып атат. Буюрса, мындан кийин да тыянак чыгарат болуш керек”.
Орусияда мунай каатчылыгы курчуп, анын таасирлери кыргыз рыногун да каптап турган ушул күндөрү кыргыз өкмөтүнүн башчысы Адылбек Касымалиев “Иннопром” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышуу үчүн Екатеринбургга барды. Иш-чаранын алкагында орус өкмөтүнүн башчысы Михаил Мишустин менен жолугушту. Кыргыз тараптын таркаткан маалыматында өкмөт башчылар экономикалык алакалар жана отун-энергетика комплексиндеги маселелерди сүйлөшкөнү учкай кабарланды. Ал эми орус өкмөтүнүн жарыялаган тасмасында делегациялардын сүйлөшүүлөрүндө отун-энергетикалык маселелер козголбогону көрүнүп турат.
Украин армиясынын дрон чабуулдарынан улам Орусиянын көптөгөн мунай заводдору зыянга учурап, орус өкмөтү аларды тынымсыз оңдоп-түзөөгө мажбур болууда. Өлкө ичинде мунай жетишсиздиги күчөгөндүктөн, Кремл ички рыногун байытуу үчүн импорт булактарын издеп турган чак. Беларус өкмөтү Борбор Азияга арналган күйүүчү майын Орусияга багыттай турган болду.
Орус өкмөтү июндун соңунан тарта мунай экспортуна толук чектөө киргизгенин жарыялаган. Чектөөлөр Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга да тиешеси бары-жогу ачык айтылган эмес.
Бирок, Кыргызстандын мунай рыногундагы каатчылык дароо эле сезилип баштады. Мунайдын келиши кескин азайып, кээ бир маркалар токтоп калганы белгилүү болду.
Мунай ташуучулар ассоциациясы Кыргызстанда АИ-92 бензини менен дизель отунунун 1,5 айга жетерлик кору бар экенин билдирүүдө. Учурда алардын импорту азайганы менен, дагы деле кайсы бир көлөмдө келип жатат. Уюмдун жетекчиси Канат Эшатов рыноктогу соңку жагдайды мындайча сыпаттайт.
“Бүгүнкү күндө АИ-95 менен АИ-98 жүз пайыз келбей эле турат. Ошондуктан, кээ бир компаниялардыкы түгөндү, кээ бирлеринде бар. Ал эми АИ-92 кеңири эле, 1,5 айлык кору бар. Андан тышкары дагы көлөмдөр келет, толугу менен камсыз болот. (Өкмөт) алар “силер мобул баа менен сатасыңар” деп айткан, бизге бааны коюп берген. Биз айтып атабыз “аны менен алып келгенде биздин дүң баалар өз наркынан дагы кымбат болуп калат” десек, “анда силер ушул баа менен сата бергиле, айырмасы өкмөт тарабынан субсидия кылып төлөнөт” деген. Бүгүнкү күндө эмне болуп атканын билбейм, балким саноолору бүтө элекпи, балким бир бюрократиялык тоскоолдор болуп атабы – ошону менен бир дагы компанияга субсидия төлөп бере элек”.
Эшатов Орусиядагы чектөөлөрдөн кийин кыргыз мунай ташуучулары чет өлкөлөрдөн күйүүчү май издеп жатышканын, арийне, азырынча эч кандай келишим түзүлө электигин билдирди.
Жакынкы Чыгыштагы жана Орусиядагы мунай катчылыгы күчөгөн шартта Кыргызстандын мунай рыногунун да тобокелдиктери бир кыйла курчуган. Керектөөнү тийиштүү көлөмдө камсыздоо жана бааны туруктуу кармоо маселеси жаралган. Мындан улам, Министрлер кабинети 2026-жылдын 25-майында “Күйүүчү-майлоочу материалдардын баасын турукташтыруу боюнча” токтом чыгарган. Ага улай эле Экономика жана коммерция министрлиги “Токсон күнгө убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” буйругун чыгарган. Ага ылайык, Антимонополия кызматы мунайдын бекеттердеги чекене баасынын максималдуу ченин белгилеп, компаниялардын тартып жаткан чыгымдарын субсидиялап берет. Бул үчүн бюджеттен 11 млрд сом каралганы белгилүү.
Антимонополия кызматынын Жөнгө салуучу чөйрөлөр башкармалыгынын башчысы Бейше Сатыгулов мунай рыногундагы жагдайды көзөмөлдөөгө тийиштүү чаралар көрүлүп жатканын айтты.
“Мисалы, АИ-92 маркасындагы бензиндин дүң баасын эсептеп, анын май куюучу жайларга чейинки чыгымдарын эсептеп келгенде 860 долларды түзгөн. Ал эми бүгүнкү күндөгү алып келүүсү бир канча айырма берет. Мисалы, 950 доллардан алган болсо, анда 90 долларды кошумча нарк салыгы менен кошо мамлекет субсидиялап берет. Бүгүнкү күндө субсидияны төлөп берүү боюнча убактылуу жобо кабыл алынган. Ал жободо субсидиянын өлчөмүн аныктоо иши Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына жүктөлгөн. Азыркы күндө субсидия бөлүп берүү боюнча 6 субъекттен арыздар келип түшкөн. Аларды биз карап, бешөөнү мекемелер аралык жумушчу топко жөнөттүк. Суммасы болжол менен 115 млн сомду түзөт. Токтом 25-майда күчүнө киргендиктен, ошондон 31-майга чейинки убакыт каралган. Азыркы күндө биз ким канча субсидияны сурап аткандыгы боюнча июнь айындагы ташып келүүлөрдүн документтерин күтүп атабыз”.
Каатчылыктан улам кыргыз өкмөтү мунайды жеткирүү булактарын диверсификациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү активдештиргени байкалат. Мунай рыногун камсыздоонын туруктуулугун камсыздоо үчүн Орусиянын, Казакстандын, Беларустун, Азербайжандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын компетенттүү мамлекеттик органдарына расмий кайрылуулар жөнөтүлгөнү кабарланган.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев өткөн аптада “Азаттыкка” курган маегинде өкмөт мунай рыногундагы абалды туруктуу кармоого болгон аракетин көрүп жатканын билдирген.
“Биз аны диверсификация кылып, башка мамлекеттерден Кыргызстанга күйүүчү май алып келип, чечүүнүн аракетин көрөбүз. Андан тышкары өкмөттүн күйүүчү майлоочу май базарындагы бааны турукташтыруу токтому бар. Өзүңүздөр билгендей, буга чейин дүйнөдөгү олку-солку учурда, Ормуз кысыгы жабылган кезде мунайдын баасы өсүп кеткен. Өкмөт токтом кабыл алып, бааны турукташтырып жатат. Биз мындай аракеттерди дагы да көрө беребиз”.
Амангелдиев 7-июлда журналисттерге берген маалыматында Кытайдан авиакеросин жана дизел майы алынарын, Беларус менен дагы май алуу боюнча келишим түзүлөрүн билдирген. Казак өкмөтү Кыргызстандан күйүүчү май боюнча суроо-талап түшкөнүн, аны өздөрүнүн улуттук кызыкчылыгынын алкагында карап көрөрүн билдирүүдө.
Кытай менен Беларус Бишкекке күйүүчү-майлоочу май сатууга макулдук бергенин Данияр Амангелдиев “Азаттыкка” билдирди.
"Кытай 3 миң тонна авиакеросин жеткирүү боюнча келишимди бекитти. Алардан кошумча 5 миң тонна дизелди алып келүү боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мындан сырткары Кыргызстандын Министрлер кабинети Беларустан 3 миң тонна авиакеросин жана 10 миң тонна дизел отунун ташуу боюнча келишимге кол койдук. Аны алып келүү үчүн Орусиядан транзит сурап жатабыз, кечээ алардын премьери-министри менен сүйлөшүп келдик. Башка өлкөлөр менен да сүйлөшүүлөрдү улантып жатабыз", – деди ал.
Өлкө ичинде да мунай ишканаларынын кубаттуулугун арттыруу аракеттери жүрүп жатканы байкалат. Өткөн аптада президенттин атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү “Жунда” заводуна барып, жакынкы арада айына 24 миң тонна бензин өндүрүү, жыл аягына чейин 50 миң тоннага жеткирүү милдетин тагып келди.
Мунай каатчылыгы азык-түлүк коопсуздугуна да олуттуу тобокелдиктерди жаратат. Айдап-себүү жана оруп-жыйноо иштеринде дыйкандар өзгөчө аярлуу келишет.
Айыл чарба министрлигинин башкармалыгынын башчысы Туратбек Идирисов дыйкан-фермерлер мунай каатчылыгынын мүшкүлүн тартпай турганына ишендирүүдө.
“Айыл чарба багытында жазында Министрлер кабинетинин бир жылга айдап-себүү, оруп-жыйноо, кайра күздүк айдоо боюнча токтому чыгат. Ошол токтомдун негизинде дыйкан-фермерлер үчүн 7 млн литр жеңилдетилген дизелдик отун бөлүнүп берилген. Бүгүнкү күндө ошонун 40%дайы колдонулду. Ал бүгүнкү күндө Матрезерв тарабынан биздин райондук башкармалыктар аркылуу 81 сомдон жеңилдетилген баада таратылып атат. Матрезервдин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө дизел отуну жетиштүү көлөмдө бар. Оруп-жыйноо жана күздүк себүүгө кенен жетет. Учурда тартыштык жок, жетиштүү кор бар деп билдирүүдө”.
Расмий статистиканы карасак, Кыргызстанда жыл башынан бери мунайдын баасы орточо 10%га кымбаттады. Анын ичинен АИ-95 9%га жакын, АИ-92 5%дан ашуун жана дизель отуну 16% өскөн.
Кыргызстандын мунай рыногу Орусия менен Казакстандан көз каранды. 2025-жылдагы эсептөөлөр боюнча жылдык 2 млн тоннадан ашуун импорттун 72%ы Орусиядан, 22%ы Казакстандан келген.
Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына кайрылсак, Орусия менен Казакстандан келген мунайдын көлөмү 2026-жылдын башынан бери улам азайып келет. Маселен, март-апрель айларында аталган эки өлкөдөн келген мунай импорту мурунку мезгилге салыштырмалуу 10%дан 25%га чейин азайганын көрөбүз. Май-июнь айларынын көрсөткүчтөрү азырынча жарыялана элек.
Шерине