Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:20

"Тапканым жетпей калды". Күйүүчү май кайра арзандабайбы?

Бишкектеги май куюучу жай. 24-июнь, 2026-жыл.

Кыргызстанда мындан бир ай мурун АИ-95 бензини 85 сомдон 86 сомго, АИ-92 бензини 79 сомдон 80 сомго кымбаттаса, дизелдин баасы 91-92 сом болгон. Андан бери күйүүчү майдын айрым түрлөрүнө дагы бир сомдон кошулду.

Айдоочулар учурдагы күйүүчү майдын баасы кымбаттап, кыйналып жатканын айтышууда.

"Таңкы саат алтыдан кечке чейин тынбай иштейбиз. Курулушта иштеп, кечинде такси айдайбыз. Мурда 2000 сомго май куюп, эки күн айдачубуз. Азыр болсо бир күнгө гана жетип калды", - деген айдоочулардын айрымдары бензинди ээрчий эле тамак-аштын да баасы көкөлөп жатканын белгилешет.

Такси кызматында иштеген Азат тапканы айдан-айга жетпей жатканын айтты:

"Кыйынчылык эле болуп жатат, ачыгын айтканда. Эч нерсеге жетпейт. Акыркы убактарда аябай эле билине баштады. Газдын баасы 45 сомго чыгып кетти. Мурда 1200 сом менен жүрсөк, азыр 1700 сом. Шаар ичи аябай эле тыгын. Жашоо-шартка жетпей, кээде карыз болуп кетебиз".

Курулуш тармагында эмгектенген Мирланбек Сатымкулов күйүүчү май кымбатагандан кийин бардык азык-түлүктүн баасы көтөрүлүп кеткенин кошумчалады.

"Мындан эки жыл мурда бир топ жакшы эле, азыр кыйын болуп калды. Турмуш-тиричиликке деле таасир этет экен. Мисалы, мен бир күндө 500-600 сомго бензин куям. Ал барган сайын эле жогорулап жатат. Курулушта иштейм, айына 50 миң сом акча тапсам, анын 10 миң сому эле бензинге кетүүдө".

Кыргыз өкмөтү өлкөдө күйүүчү май баасынын көтөрүлүшүн алдын алуу үчүн бензинге жана дизелге салыктык жеңилдиктерди киргизүүнү демилгелеген.

Орусия Украинага каршы ачкан согуштан улам кымбаттап келаткан мунай баасы Иранда согуш башталганы дагы жогорулап, Кыргызстанга чейин таасир этти.

Кыргызстандын Мунай ташуучулар биримдигинин президенти Канатбек Эшатов учурда кооптонууга негиз жок экенин айтып, бааны туруктуу кармап туруу үчүн кабыл алынган чечим сентябрь айына чейин күчүндө турарын эскертүүдө.

Канатбек Эшатов
Канатбек Эшатов

"Бизде азыр кырдаал туруктуу. Баары камсыздалган. 1,5 айдан ашык убакытка жете турган кору бар. Орус тарап деле "бизде тартыштык жок, болгону убактылуу жаралып калган жагдай" деп айтууда. Өзүңөр деле көрүп жатасыңар, мунайды кайра иштеткен заводдор дрон чабуулдарына учурап жатат. Ошондуктан алар убактылуу иштебей турат. Бүгүнкү күндө айрым заводдор дароо оңдолуп ишке кирсе, кээ бирлери туруп калууда. Алар "Орусияда ички туризм күчөгөндүктөн көбүрөөк бөлүк ошол тарапка да кетип жатат" деген жүйөнү дагы айтышууда. Азыр Орусиянын айрым аймактарында деле тартыштык байкалып, бир автоунаага 20 литрден 40 литрге чейин чектөө коюлуп жатат. Кыргызстанда болсо андай көрүнүш жок".

Өткөн айда Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы эки жумада бир жолу бир сомго кымбаттай турганын билдирген. Ал бааны чектөө май тартыштыгына алып келиши ыктымал экенин айтып, бааны турукташтырып кармап туруу аракети көрүлөрүн билдирген.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев.

"Бааны дароо көтөрүп жибербей, эки жумада бир сомго көтөрүп турууга мүмкүнчүлүк бар. Эгерде дүйнөлүк биржаларда баа түшсө, Монополияны жөнгө салуу кызматы күйүүчү майды импорттогон компаниялар менен иштеп, бааны түшүрүүгө аракет кылат", - деген Амангелдиев.

Мунай ташуучулардын маалыматында, күйүүчү майдын дүйнөлүк баасы акыркы убакта 25-30 пайызга кымбаттады. Кыргызстанда күйүүчү майдын жылдык керектөөсү орточо 1,5 млн тоннаны түзөт. Анын 90-95 пайызы Орусиядан импорттолот.

Экономист Элдар Абакиров мунай тармагындагы бааны туруктуу кармоо үчүн бир дагы мамлекеттен көз каранды болбош керек деген пикирде.

Элдар Абакиров
Элдар Абакиров

"Бензиндин баасына байланышкан маселени чечүү үчүн мамлекет тобокелдикке барып, бир гана өлкөгө эмес, башка өлкөлөргө да көңүл бурушу керек. Мисалы, Казакстан, Азербайжан жана Иран сыяктуу мамлекеттер менен келишим түзүү зарыл. Башка мамлекеттер менен да кызматташса болот. Бул биринчи жол. Ал эми экинчи жолу катары биздин өлкөдө бензин иштеп чыгарган "Жунда" сыяктуу заводдордун өндүрүштүк көлөмүн көбөйтүү керек. Алар Кыргызстандын сапат талаптарына жооп бере тургандай деңгээлде иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүп, өндүрүштү өнүктүрүү керек".

Дагы бир экономист Эрлан Камалов мындан ары күйүүчү майдын баасы төмөндөбөй турганын айтып, мамлекет башка кадамдарга барып, альтернативдүү жолдорду карашы керек дейт.

Эрлан Камалов
Эрлан Камалов

"Мунай баасы биржалык товар болгондугуна байланыштуу саясий жана геосаясий факторлорго көз каранды. Бул түгөнө турган ресурс, кайра калыбына келбейт. Ошондуктан мунун баасы жылдан жылга көтөрүлө берет. Ошондуктан бардык мамлекеттер отундун альтернативдүү жолдорун издеп жаткан учур. Биздин өлкө да электромобилдерди алып келүү жана анын квотасын көбөйтүү үстүндө иш алып барышы керек. Электроунаалар каражат жагынан да бир канча арзаныраак болуп жатат. Дагы бир жагдай - биз электромобилдерди Кытайдан ташып келүү ордуна, аларды чыгара турган заводдорду ачуу боюнча эки мамлекеттин ортосунда биргелешкен компания түзүүгө аракет кылышыбыз керек. Бул бир канча маселени чечет, ошол эле учурда жумушсуздук маселесин да азайтат. Ошол өндүрүлгөн автоунааларды арзан баада лизинг катары алса болот".

Орусиянын көптөгөн аймактарында жана Москва аннексиялап алган Украинанын аймактарында июнь айында бензин тартыштыгы байкалып, баа кескин өсө баштаган. Буга украиналык дрондордун орусиялык мунай иштетүүчү заводдорго жасаган чабуулдары себеп болгону айтылууда. Ушул тапта жалпы 53 аймакта бензин чектелип сатылып жатканы, бир катар облустарда бир машинеге 30-40 литрден гана бензин куюга уруксат берилери кабарланууда.

Украина Орусиядагы чабуулдарга адатта комментарий бербейт, болгону, Москванын согуш машинасын токтотуу үчүн анын мунай жана аскердик өнүмдөрүн чыгаруучу ишканаларын жарактан чыгаруу керек деп эсептей турганын айтып келет.

Орусияда бензин тартыш, Кыргызстанда баасы кымбат
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:36 0:00


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG