Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:45

"Согуш эмне экенин өзүлөрү да көрө баштады". Москва жапырт дрон соккусуна кабылды

Москвадагы мунай иштетүүчү заводго дрон тийди. 18-июнь 2026-жыл
Москвадагы мунай иштетүүчү заводго дрон тийди. 18-июнь 2026-жыл

18-июнда Москва шаары жана Москва облусу пилотсуз учактардын катуу соккусуна туш болду. Капотнядагы мунай иштетүүчү завод кайрадан бутага алынды. Ошондой эле борборазиялык, анын ичинде кыргызстандык мигранттар иштеген "Садовод" соода комплекси өрттөндү.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул украин шаар-кыштактарына урулган соккулар үчүн “адилет жооп” болгонун билдирди. Эксперттер Орусияда ансыз да күйүүчү май тартыш болуп, айрым аймактарда бензин сатууга чектөө киргизилгенин белгилешет.

Москванын мэри Сергей Собянин мунай иштетүүчү заводдо пилотсуз учак тийгенден кийин тутанган өрт ооздукталганын, ишканада эч ким жабыркабаганын билдирди.

Ага чейин шаар башчысы мунай иштетүүчү заводго дрон тийгенин, "Садовод" базарынын аймагына "сыныктар түшкөнүн" ырастаган.

Орусиялык маалымат каражаттары бул орус башкалаасына акыркы эки жылдан бери урулган эң кубаттуу сокку болгонун жазууда.

Москвада бардык аэропорттор жабылды, Шереметьеводон кызматкерлер жана жүргүнчүлөр эвакуацияланды. Жүздөгөн каттамдар кармалды жана үзгүлтүккө учурады.

Бишкектеги Манас аэропортунан орус башкалаасына аткарылуучу рейстер кармалып, кечирээк учары, же болбой калганы жадыбалда көрсөтүлгөн.

Москвага соккунун кесепеттери тартылган видеону Украинанын президенти Владимир Зеленский да жарыялады. Ал муну Орусиянын Украинага чабуулдарына "татыктуу жооп" деп атап, Батыштагы өнөктөштөрү украиналык алыска атуучу соккулардын натыйжалуулугун баалашканын белгиледи, Орусияны согушка чекит коюуга чакырды.

Кийинчерээк Зеленский Москвага жапырт соккуну Орусиянын Киевге, асыресе Киев-Печерск Лаврасына болгон чабуулга жооп деп атады. Анда 15-июндагы аткылоодон беш киши каза тапкан, Успенск собору өрттөнгөн.

«Украина өрттөнсө силердин Москваңар да өрттөнөт», - деп эскертти украин президенти.

Орусияда бензин тартыш болуп жаткан маалдагы соккулар

Бутага алынган Капотнядагы завод Москва регионундагы мунайдын 40% жакынын кайра иштетет.

"Ал Москваны бензин менен камсыздаган негизги завод. Борбордун тургундары согуш болуп жатканын көпкө сезбей жүрүштү. Албетте, шаар бийлиги таңсыктыкты толтуруунун жолун табат. Бирок, биринчиден, москвалыктар согуш болуп жатканын өз көзү менен көрүшөт, экинчиден, ал Орусиядагы мунай иштетүүчү эң ири заводдордун бири. Украина ушу тушта чоң-чоң мунай иштетүүчү ишканаларга сокку уруп келатат. Бутанын тандалып алынганы түшүнүктүү", - деп айтат экономикалык талдоочу Андрей Маховский.

16-июндагы соккудан кийин Капотнядагы завод өз ишин токтотконун Рейтер агенттиги Орусиянын энергетика тармагындагы эки булакка шилтеме менен жазган. Ал жолу пилотсуз учактар кара майды кайра иштеткен жабдууга зыян келтирген.

"Татнефть" компаниясынын май куюучу жайы. Москва, 16-июнь 2026-жыл
"Татнефть" компаниясынын май куюучу жайы. Москва, 16-июнь 2026-жыл

Орусияда акыркы маалда бензин ансыз да тартыш болууда. The Bell интернет-басылмасы маалымдагандай, күйүүчү майдын тартыштыгы өлкөнүн 53 регионунда сезилүүдө.

Алсак, 12-иююнда дрон Нижнекамскидеги мунай иштетүүчү заводго тийгенден кийин "Татнефть" компаниясы бензин сатууга чектөө киргизип, 17-июнда алып салды.

“Азыркы күйүүчү май кризиси согуш учурундагы эң олуттуусу болуп калышы ажеп эмес. Буга чейинкилерден алда канча катаал болушу ыктымал. Себеби украин куралдуу күчтөрүнүн мүмкүнчүлүктөрү өстү. Буга чейин украин армиясы орус мунай иштетүү тармагына мынчалык көп жана ырааттуу сокку урганын көргөн эмеспиз. Менимче, май айында ошондой 16 завод чабуулга туш болгон. 10 ири ишкананын сегизи зыян тарткан. Мурда андайга күбө болгон эмеспиз. Эң негизги себеби – украин аскерлеринин мүмкүнчүлүктөрүнүн өскөнүндө”, - деген ою менен бөлүшөт Андрей Маховский.

Орусиянын абадан коргонуу системасы эмне себептен дрондорго туруштук бере албай атат?

Москва облусундагы Жуковский шаарында дрон көп кабаттуу үйгө тийгени кабарланды. Облустун башчысы Андрей Воробьёв Электросталь, Павловский Посад, Чеховдо жер үйлөр жабыркаганын, ал эми Люберцыда соода борбору күйгөнүн жазды. Кийинчерээк ал Подмосковьеде дрон чабуулунан 17 адам жаракат алганын билдирди.

Москва, 18-июнь 2026-жыл
Москва, 18-июнь 2026-жыл

18-июнга караган түндө дрондор Белгород жана Ростов облустарына да сокку урду. Ростовдогу Гуково шаарында мунай заводунда өрт чыкты, бийлик бир адам мерт болгонун жазды. Щебекиного жакын жерде курал-жарак кампасы күйгөнү кабарланды.

Украинанын Коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери, коргоо жана чалгын маселелери боюнча эксперт Иван Ступактын айтымында, акыркы үч айда украиналыктардын чабуулдары көбөйдү:

"Мурда бирин-серин пилотсуз учак Москвага чейин жетсе, чоң ийгилик деп эсептелчү. Биздин аскерлер төрт катар коргонуу катмары, көптөгөн жабдууларга карабай орустардын абадан коргоо системасынын ачкычын табышты. Украина аткан дрондор радарларда даана көрүнүп турган металлдан жасалган эмес. Алар жыгач, кээде пенопласт же башка полимерден жасалат. Алар жерге жакын учат, радиолокациялык станциялар, «Панцирь» комплекстери ошондой пилотсуз учактарды араң аныктайт".

Эксперттин айтымында, украиналык дрондордун эффективдүүлүгү 10-15% түзөт. Башкача айтканда, атылган пилостуз учактардын 10-15% бутага учуп жетет.

Шерине

XS
SM
MD
LG