Орусияга иштегени кеткен казакстандык тууралуу маалыматтан кийин «Азаттыкка» ушундай эле жагдайга туш болгон дагы эки жигиттин апалары кайрылды. Алардын айтымында, уулдары күзөтчү болуп иштейбиз деп барып, кийин орус армиясына кошулуп калган. Азыр энелери аларды мекенине кайтарууга аракет кылууда.
Монтенегронун полициясы жана коопсуздук агенттиги 9-октябрда Орусиянын согушчул «Рыбар» долбооруна байланышы бар бир нече адамды кармады. Маалыматтарга караганда, алардын арасында долбоордун негиздөөчүсү, Евробиримдик менен Улуу Британиянын санкциялык тизмесине кирген Михаил Звинчук да бар.
Орус мамлекет башчысы Владимир Путин Иран президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушууда Тегеран «согушту токтотуу үчүн реалдуу аракет көрүп жатканын» билдирди. Пезешкиан Иран диалогду жактай турганын айтып, Вашингтонду сындады. Ошол эле маалда тараптар жаңы сунуштарды талкуулап жатканын кошумчалады.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кара тумоого каршы илимий-изилдөө институтунун кызматкери каза болгондон кийин Орусиядан кошумча маалымат сурады. 28 жаштагы Дарья Шипилова 2-октябрда каза болгондон кийин 200дөй адам карантинге алынган. Иркутскидеги окуя эл аралык деңгээлде кооптонуу жаратты.
Орусиянын Иркутск облусунда кара тумоо тууралуу маалымат тараган соң “Азаттык” аймактагы кыргызстандык мигранттар менен байланышып, жериндеги абалды сурады. Алардын айтымында, күнүмдүк жашоо кадимки нугунда өтүп жатат. Бирок айрым адамдар этияттык үчүн беткап тагына баштаганы байкалууда.
7-октябрда Газадагы согушту тутанткан кандуу чабуулга үч жыл толду. Израилде 1200дөй адамдын өмүрүн алган чабуулдун курмандыктарын эскеришти. Газада болсо согуштун изи дагы деле өчө элек. Калаалардын бир топ бөлүгү урандыга айланган. Миңдеген үй-бүлө жакындарын жоготкон.
Орусияда кара тумоодон болушу ыктымал деген адам өлүмү тууралуу маалыматтан кийин Борбор Азиянын чек араларында санитардык көзөмөл күчөдү. АКШ да абалга жакындан көз салууда. Арийне, Орусия илимий кызматкердин кооптуу илдеттен көз жумганын жана лабораторияда кырсык болгонун четке кагууда.
22-сентябрда Европа биримдиги орусиялык миллиардерлер Алишер Усманов менен Михаил Фридманды санкциялык тизмеден чыгарды. Бул кадам Европада да, Украинада да талаш жаратты. Айрым эксперттер мындай чечимди шаркеттин санкциялык саясаты үчүн кооптуу прецедент деп эсептешет.
Ирактыктар 30-сентябрда көчөлөргө чыгып, АКШ баштаган коалициянын өлкөдөн чыгарылышын майрамдашты. Ошол эле маалда Жакынкы Чыгыштагы абал курчуп турган чакта коопсуздук начарлап кетпейби деп тынчсыздангандар жок эмес. Америкалык контингент бул өлкөдө 20 жылдан ашуун турду.
Дубайдан Тель-Авивге бараткан жүргүнчү учакта экинчи учкуч капитанды бычактап, андан кийин лайнер кескин төмөндөй баштаган. Израил бийлиги экинчи учкуч учакты атайылап кыйратууга аракет кылганын билдирүүдө. Жүргүнчүлөр кабинага кирип, аны токтотуп, учак Сауд Арабиясына конгон.
Казак президенти Касым-Жомарт Токаев Орусиянын лидери Владимир Путинди "көрүнүктүү мамлекеттик ишмер" жана "Орусияны жетектөө үчүн эң ылайыктуу саясий фигура" деп атады. Бул тууралуу ал Берлинде немис канцлери Фридрих Мерц менен сүйлөшүүлөрдөн кийинки маалымат жыйында билдирди.
Дагы жүктөңүз