ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:55

"Алар чындыкты айтат". Коомдук телеканалды коргогон чехтер

Коомдук медианы колдоо акциясы. Прага, 15-ноябрь 2026-жыл
Коомдук медианы колдоо акциясы. Прага, 15-ноябрь 2026-жыл

Чехияда коомдук теле көрсөтүү жана радио уктурууну мамлекеттен каржылоого каршы акциялар уланууда. Жекшемби күнү Праганын Летна дөңсөөсүндө өлкөнүн азыркы тарыхындагы эң ири нааразылык акцияларынын бири өттү. Өкмөт коомдук медианы көзөмөлгө алууну же улутташтырууну көздөбөй турганын айтууда.  

Бирок митинг катышуучулары коомдук теле жана радиоканалдарды өлкөдөгү эң ишенимдүү маалымат булактарынын бири деп атап, реформалар Чехиядагы демократиялык институттарды алсыратарын эскертишти. Ушу тапта чехиялыктар коомдук телеканалдар үчүн айына 10 доллардай төлөшөт.

15-ноябрда түштөн кийин Праганын борборунан алыс эмес жердеги Летна кадимкидей кылкылдап турду. Кары-жашы аралаш, миңдеген киши Чехиянын желектерин, сөз эркиндигин коргогон плакаттарды көтөрүп чыкты.

Митингди студенттер ачышты. Алар жаштар саясатка аралашпоого тийиш деген пикирлерге жооп берип, бүгүн кабыл алынган чечимдер алардын келечегине түздөн-түз таасир этерин айтышты.

19 жаштагы студент Павел Блажек ушунча киши чогулганын көргөн өкмөт өз чечиминен баш тартар деген үмүтүн ортого салды.

Жарандык коомдун, маданияттын, билим берүү тармагынын жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү сахнага чыгып сөз сүйлөштү. Алар өкмөттү коомдук медиа тууралуу мыйзам долбоорун артка чакырып алууга үндөштү.

«Хартия-77» кыймылынын катышуучусу Элишка Ротова азыркы күрөш демократияны, сөз эркиндигин жана көз карандысыз маалымат каражаттарын коргоого багытталганын белгиледи.

Европалык журналисттер федерациясынын президенти Мая Север өкмөттүн сунушу эл аралык деңгээлде тынчсыздануу жаратып жатканын айтты. Анын пикиринде, коомдук медиага саясий басым күчөгөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы мындай өзгөрүүлөр канчалык коркунучтуу экенин көрсөтүп турат.

Коомдук медианы колдоо акциясы. Прага, 15-ноябрь 2026-жыл
Коомдук медианы колдоо акциясы. Прага, 15-ноябрь 2026-жыл

Чех полициясы “Демократия үчүн миллион көз ирмем” кыймылы уюштурган бул митингди өлкөнүн эгемендик тарыхындагы эң чоң нааразылык акциясы деп атады. Уюштуруучулардын санагына ылайык, ага 400 миңдей киши катышты.

Акцияда белгилүү спортчулар, ишкерлер, фермерлер жана экологдор сөз эркиндигинен тышкары чех коомун түйшөлткөн башка бир топ маселелерди козгошту.

Уюштуруучулардын айтымында, өкмөт сунуштаган өзгөртүүлөр Чехиядагы демократиялык институттарды алсыратышы мүмкүн. Алар өкмөт эксперттердин эскертүүлөрүн тоготпой, сынчыл үндөрдү басууга жана мамлекеттик институттарды өз кызыкчылыгында пайдаланууга аракет кылып жатат деп эсептешет.

“Эл шайлаган өкмөт өлкөнү башкарууга укуктуу. Бирок каалаганын кылып, демократиялык институттарды кыйрата албайт”, - деп билдирди “Демократия үчүн миллион көз ирмем” кыймылынын төрагасы Микулаш Минар.

“Коомдук телеканалга гана ишенем”

Рейтер агенттигинин маалыматына караганда, мыйзам долбоору кабыл алынса коомдук телекөрсөтүү менен радионун бюджети болжол менен 15% кыскарат. Медиа өкүлдөрү мындай чара алардын ишине олуттуу сокку урарын эскертүүдө. Каршылык иретинде Чехиянын коомдук телеканалы менен радиосунун кызматкерлери 3-ноябрда бир күндүк иш таштоо акциясын өткөрүшкөн.

Акция катышуучулары премьер Бабиш менен орус президенти Путиндин сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты
Акция катышуучулары премьер Бабиш менен орус президенти Путиндин сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты

Парламент октябрдын соңунда мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алгандан бери миңдеген жаран нааразылык акцияларына чыгып келатат.

Коомдук медианы каржылоо системасын өзгөртүү боюнча өкмөттүн планы өлкө ичинде гана эмес, эл аралык деңгээлде да сынга кабылды. Европа телерадио биримдиги, Журналисттердин европалык федерациясы, «Чек арасыз кабарчылар» жана Эл аралык басма сөз институту коомдук маалымат каражаттарынын көз карандысыздыгы коркунучка кабылышы мүмкүн деп билдиришкен.

Өкмөттүн оппоненттери Бабишти Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо жана Венгриянын мурдагы өкмөт башчысы Виктор Орбан жүргүзгөн медиа саясатына окшош багытты карманууда деп айыптап жатышат. Алардын пикиринде, мындай реформалар коомдук медианы бийликке көбүрөөк көз каранды кылып коюшу мүмкүн.

Reuters Institute'тун 2026-жылдагы Digital News Report баяндамасына ылайык, Чехияда жалпыга маалымдоо каражаттарына болгон ишеним 30-33% түзөт. Ошого карабастан коомдук телекөрсөтүү менен радио өлкөдөгү эң ишенимдүү маалымат булактарынын бири бойдон калып келет.

Мындай пикирге акцияга катышкан 72 жаштагы пенсионер Милана Рудолфова да кошулат.

"Мен Чех коомдук телеканалын гана көрөм. Алар чындыкты айтып, маалыматты бурмалабайт деп ишенем. Дүйнөнүн ар тарабынан даярдалган репортаждарды жана даректүү тасмаларды көргөндө Чех телекөрсөтүүсү чындыктын жана объективдүүлүктүн кепилдиги экенинен шек санабайм."

Өкмөттүн реформасы эмнени көздөйт?

Ал эми премьер-министр Андрей Бабиш өкмөт коомдук медианы көзөмөлгө алууну же мамлекеттин карамагына өткөрүүнү көздөбөй турганын айтып келет. Анын сөзүнө караганда, реформа финансылоо механизмин жаңылоону жана чыгымдарды кыскартууну максат кылат.

Премьер нааразылык акцияларында айтылып жаткан дооматтардын көбү чындыкка дал келбейт деп эсептейт.

Чехиянын премьери Андрей Бабиш. Архив
Чехиянын премьери Андрей Бабиш. Архив

Учурда Чехиядагы үй чарбалары коомдук телекөрсөтүү жана радиону каржылоо үчүн ай сайын 205 крона, башкача айтканда, болжол менен 10 АКШ долларын төлөшөт. Өкмөт замандын талабына жооп бербей калган бул системаны жоюп, каржылоону мамлекеттик бюджетке өткөрүүнү сунуш кылууда. Мындай модель Франция жана Норвегия сыяктуу бир катар европалык өлкөлөрдө киргизилген.

Алсак, Франция лицензиялык төлөмдөрдү 2022-жылы алып салган. Эми мамлекеттик маалымат каражаттары салыктан түшкөн акчанын бир бөлүгүнөн каржыланат.

Норвегия 2020-жылы мамлекеттик теле жана радиокомпаниясын финансылоону улуттук бюджетке которгон.

Бабиш өкмөттүн башына экинчи жолу былтыр декабрда келген. Премьер жана оңчулдар менен популисттер кирген башкаруудагы коалиция медиага чабуул үчүн сынга көп кабылат.

  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG