ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:25

Украина: Starshield тутумун чектөө артында ким турат?

Запорожье облусунун Атайын аткычтар батальонунун артиллеристи Донецк облусундагы фронтко жакын аймакта Starlink спутниктик интернет тутумун орнотууда, 2026-жылдын 16-октябры.
Запорожье облусунун Атайын аткычтар батальонунун артиллеристи Донецк облусундагы фронтко жакын аймакта Starlink спутниктик интернет тутумун орнотууда, 2026-жылдын 16-октябры.

Украина SpaceX компаниясынын чектөөлөрүнүн айынан фронт тилкесинде Орусиянын реактивдүү чабуулчу дрондорун атып түшүрүү мүмкүнчүлүгүн кыйындап жатканын билдирди.

Кеп Украина колдонуп жаткан Starshield спутниктик байланыш тутуму жөнүндө болууда.

Чектөөлөр Москвага ыңгайлуу болуп, мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай украиналык буталарга сокку урууда.

Украинанын Вашингтондогу башкы дипломаты Денис Сеник 14-ноябрда "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна (RFE/RL) бир нече багытта кайра-кайра сыноолор өткөнүнө карабастан, украин аскерлери кыйынчылыктарга кабылып жатканын ырастады.

"Чектөөлөр күчүндө экенин ырастай алам. Бул бир же жеке учурлар эмес; алар кеңири жайылган", - деди Сеник. - Орусиянын реактивдүү дрондору Украина көзөмөлдөгөн аймакка киргенден кийин гана атып түшүрө алабыз. Бирок фронт тилкесине жакын жерден дароо жок кылуу кыйынга турууда. Бул орустарга мурда болбогон кошумча артыкчылыктарды берүүдө. Мисалы, биздин “Барс” отрядыбыз Starshield тутумун иштетет. Алар реактивдүү “Шахеддерди” атып түшүрөт. Бирок аларды фронт тилкесине жакын аймактан атып түшүрүү кыйын болуп калды", - деди ал.

Мындан улам украин аскерлери дрондор башка коргонуу чептерге жеткенге чейин күтүүгө аргасыз болушууда.

Сениктин айтымында, мындай үзгүлтүктөр беш күндөн бери уланууда жана украиналык расмий өкүлдөр күн сайын сыноо жүргүзүп, ошол эле жыйынтыктарды алышууда.

Реактивдүү учкучсуз учуучу учактар (UAV - Unmanned Aerial Vehicl) көбүнчө чалгындоо, байкоо жүргүзүү жана душмандын буталарына сокку уруу (дрон-камикадзелер) үчүн колдонулат.

Starshield - SpaceX компаниясы тарабынан АКШнын өкмөтү жана коргоо мекемелери үчүн атайын түзүлгөн коопсуз спутниктик байланыш тутуму. Ал жарандык Starlink интернет түйүнүнө салыштырмалуу жогорку деңгээлдеги коргоону жана аскердик муктаждыктарга багытталган инфраструктураны камсыз кылат.

Реактивдүү "Шахед" (Shahed) дронун Орусиянын армиясы колдонуп келет. Иран өндүрүшүнө таандык камикадзе-дрондордон ичинен бул реактивдүү кыймылдаткычы менен айырмаланат. Кадимки дрондорго караганда ылдам учуп, абадан коргонуу системаларына кошумча кыйынчылыктарды жаратат.

SpaceX чектөөлөр коюлганын четке кагууда

Киевдеги атын атабоону өтүнгөн расмий өкүлдөрдүн "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна (RFE/RL) билдиришинче, SpaceX компаниясы Украинанын Коргоо министрлигине "эч кандай чектөө кирбегенин" айткан.

Украиналык аткаминерлердин айтымында, компания мүчүлүштүктү техникага шылтаган, бирок Украинанын убактылуу оккупацияланган аймактарындагы кырдаалга байланыштуу суроого жооп берген эмес.

Украинанын президенти Владимир Зеленский дагы SpaceX компаниясынын түшүндүрмөсүнө макул эместигин, Киев бул мүчүлүштүктү техникалык көйгөй деп эсептебей турганын билдирди.

Зеленскийдин айтымында, Орусия тарабынан убактылуу оккупацияланган аймактарда иштеп жаткан Starshield терминалдарына беш күндөн бери саатына болжол менен 161 чакырымдык ылдамдык чектөөсү коюлган.

Ал бул чектөөлөрдүн саясий кесепеттери болорун эскертти.

"Силер ал жакта чектөөлөрдү киргизсеңер, анда убактылуу оккупацияланган аймактарды биздики эмес деп жарым-жартылай таанып жаткан болосуңар", - деген Зеленскийдин кеңсеси 14-ноябрда тараткан билдирүүсүндө.

Ал жогорку даражалуу аскердик жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрүнө бул маселени SpaceX менен талкуулап, чектөөсүз кызмат көрсөтүүнү калыбына келтирүүнү тапшырганын кошумчалады.

Бул акыркы талаш-тартыш октябрь айындагы ушуга окшош окуядан кийин орун алды. Анда украиналык расмий өкүлдөр SpaceX компаниясы Starlink жана Starshield терминалдарынын ылдамдыгын саатына болжол менен 160 чакырымга чейин чектегенин билдиришкен. Маалыматтарга караганда, кызмат көрсөтүү 24-октябрда калыбына келтирилген.

SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск Starshield тутуму АКШ өкмөтү тарабынан көзөмөлдөнөрүн, ылдамдыкка жана колдонууга коюлуучу чектөөлөрдү аскердик жетекчилик аныктап, акыркы чечим президент Дональд Трампка таандык экенин айтып келет. Трамп болсо бул чектөөлөргө тиешеси барын четке каккан.

Демократтар жооп талап кылууда

Бул мүчүлүштүктөр Вашингтондо кооптонууну күчөттү. Эки партиянын мыйзам чыгаруучулары Украина коргонуу максатында колдонгон байланыш тутумдарынын жеке компания тарабынан көзөмөлдөнүшүнө тынчсыздануусун билдиришти.

Сенаттын Эл аралык мамилелер комитетинин мүчөлөрү, демократ сенаторлор Жанна Шахин менен Крис Кунс Илон Маскка кайрылып, Украинанын Starlink жана Starshield тутумдарын колдонуусундагы чектөөлөргө тиешелүү бардык жазууларды сактап калууну суранышты.

13-ноябрда коомчулукка жарыяланган катта сенаторлор 1-сентябрдан тартып Масктын, SpaceX жетекчилеринин, украин расмий өкүлдөрүнүн, Ак үйдүн жана Пентагондун катышуусундагы кат алышуулар менен кошо бардык документтерди жана байланыштарды берүүнү талап кылышты.

Алар ошондой эле Масктан 30-ноябрга чейин тиешелүү коргоо чаралары көрүлгөнүн ырастоону суранышты.

Өкүлдөр палатасындагы демократ мыйзам чыгаруучулар да чектөөлөрдүн кайрадан киргизилгени тууралуу маалыматтарды айыпташты.

Өкүлдөр палатасынын Тышкы иштер боюнча комитетинин жетекчи демократы Грегори Микс жана Куралдуу күчтөр боюнча комитеттин жетекчи демократы Адам Смит оккупацияланган аймактарда жана фронт тилкесин бойлой Украинанын Starshield тутумун колдонуусуна кандайдыр бир чектөө коюлушу чектен ашкан жорук экенин билдиришти.

Алар мурунку чектөөлөр Украинанын жайкын тургундарынын, анын ичинде балдардын өлүмүнө себеп болуп, Орусиянын турумун бекемдегенин жүйө келтиришти.

Мыйзам чыгаруучулар жооп менен катар жоопкерчиликти талап кылууну уланта берерин убада кылышты.

Серепчилер көз карандылык коркунучун эскертүүдө

Бул талаш-тартыш Украинанын маанилүү аскердик байланыш жаатында жалгыз жеке компанияга көз каранды болушуна байланыштуу суроолорду кайрадан күн тартибине чыгарды.

АКШ армиясынын отставкадагы подполковниги, Аризона мамлекеттик университетинин "Келечектеги коопсуздук" демилгесинин эксперти Амос Фокс "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна (RFE/RL) курган маегинде бул кырдаал негизги аскердик мүмкүнчүлүктөр үчүн бир гана провайдерге таянуунун тобокелдиктерин айкын көрсөтүп турганын белгиледи.

"Бул тармакта атаандаштын пайда болушу Украина өңдүү мамлекеттерди Маск сыяктуу адамдардын саясий оюндарынан коргоого жардам бермек", - деди Фокс.

Ал ошондой эле мамлекеттер жеке компанияларга жана алардын ресурстарына көз каранды болгон учурда, өкмөттөн тышкаркы жеке адамдар улуттук коопсуздук боюнча чечимдерге кандай таасир эте аларына көңүл бурду.

Чикаго университетинин профессору Пол Пост бул үзгүлтүктөрдү техникалык көйгөйлөр менен гана түшүндүрүүгө болорунан күмөн санады.

Технологиялык мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн экенин моюнга алган Пост "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна (RFE/RL) курган маегинде Starshield тутумундагы мүчүлүштүк жөн гана техниканын бузулушу экенине ишенбей турганын айтты.

Ал Масктын буга чейинки "ылдамдыктын басаңдашы SpaceX компаниясынын кызмат көрсөтүү шарттарын чечмелөөсүнөн улам келип чыккан" деген билдирүүлөрүн эске салып, акыркы мүчүлүштүк Украина менен Орусиянын ортосундагы дипломатиялык аракеттерге байланыштуу болушу мүмкүнбү деген суроону койду.

Пост мындай байланышты тастыктаган эч кандай далил келтирбесе да, бул мүчүлүштүктөр сүйлөшүүлөр маалында Киевге басымды күчөтүү куралы катары кызмат кылышы мүмкүн экенин жокко чыгарган жок.

Сүйлөшүү маалындагы талаш-тартыш

Starshield тутумунун айланасындагы талаш-тартыш Трамптын администрациясы Орусиянын Украинага каршы согушун токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү алга жылдырууга аракет кылып жаткан учурга туш келди. Мында аймактык чегинүүлөр жана Европанын коопсуздугу тууралуу маселелер дагы деле талаштуу бойдон калууда.

АКШнын атайын чабарманы Стив Уиткофф жана Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер үч тараптуу талкуулардан кийин Москва, Киев жана европалык өнөктөштөр менен байланышта болуп жатканын билдиришти.

Кушнер 14-ноябрда социалдык тармакка жарыялаган билдирүүсүндө сүйлөшүүлөрдүн кийинки баскычы Орусия менен Европа өкмөттөрүнүн ортосундагы түз байланышка көмөктөшүүгө жана үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасын даярдоого багытталарын айтты.

Ал бир катар жаңы идеялар каралып жатканын белгилеп, кандай гана макулдашуу болбосун, анда Украина үчүн ишенимдүү коопсуздук кепилдиктери камтылышы керектигин баса белгиледи.

"Президент Трамп Украинанын жана Европанын коопсуздугун бекемдеген, ошондой эле келечектеги жаңжалдардын ыктымалдыгын азайткан макулдашууларды гана колдойт", - деп жазды Кушнер.

Анын бул билдирүүлөрү Орусиянын НАТО Чыгыш Европадан өз күчтөрүн чыгарып кетсин деген талабын республикачы сенатор Том Коттон сындагандан кийин жасалды.

"НАТОго мүчө өлкөлөрдүн өз чектеринен чыгып кетиши — Орусиянын абсурддуу талабы", - деди Коттон. Ал Москва жеңе албасын түшүнгөндө гана согушту токтото турганын кошумчалады.

Европа лидерлери да Киевди аймактык чегинүүлөргө барууга мажбурлоо коркунучу тууралуу эскертишти.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон 14-ноябрда Украинага жардам көрсөтүүнү чектөөгө аракет кылган өлкөлөр жалган тынчтыкты таңуулап жатканын, мындай мамиле кайрадан согушка алып келиши мүмкүн экенин айтты. Ак үй менен Пентагон 14-ноябрдын кечинде Starshield тутумундагы акыркы үзгүлтүктөр боюнча комментарий берүү өтүнүчүнө жооп кайтарышкан эмес.

XS
SM
MD
LG