Брюссел маркетплейс аскердик жана кош багыттагы товарларды сатууга көмөктөшкөнүн, орус армиясын камсыздаган түйүнгө айланганын белгилеген. Быйыл жайда компаниянын кампалары украин армиясынын катуу соккуларына кабылган.
Еврошаркеттин тышкы иштер министрлери 16-ноябрда Брюсселдеги жыйында Татьяна Кимге жана орусиялык 40тан ашуун адам менен компанияларга каршы санкцияларды жактырышы мүмкүн.
“Азаттык” радиосунун кабарчысы “кара тизме” менен таанышып чыгып, Wildberries компаниясынын жетекчиси андагы эң белгилүү фигуралардын бири экенин белгиледи.
Көп учурда компанияны "Орусиянын Amazon'у" деп атап коюшат. Кимдин байлыгы болжол менен 8 миллиард долларга жетет.
Санкция салуу сунушунда "Wildberries аскердик жана кош багыттагы товарларды сатууга көмөктөшүү менен Орусиянын армиясын камсыздаган түйүн катары иштейт" деп белгиленген.
Ошондой эле компаниянын Евробиримдиктин “кара тизмесине” киргизилген мамлекеттин көзөмөлүндөгү ВТБ банкы менен стратегиялык өнөктөштүк түзгөнү айтылат.
Өткөн жайда Украина анын кампаларына дрондор менен сокку ура баштагандан кийин Wildberries эл аралык коомчулуктун кеңири көңүлүн бурган.
Татьяна Ким 1975-жылы Грозный шаарында төрөлгөн. Мындан эки жыл мурун анын мурунку күйөөсү Владислав Бакальчук Кыргызстандын жарандыгын алганын билдирген. Ал 2024-жылдын 7-ноябрында Телеграм-каналына кыргыз жарандыгын ошол жазда алганын кабарлап, президент Садыр Жапаров менен түшкөн сүрөтүн жарыялаган.
Ишкер Кыргызстанга ири логистикалык борбор салуу планы бар экенин кошумчалаган. Ал маалда Кыргызстандын бийлиги Владислав Бакальчуктун кыргыз жарандыгын алганы боюнча комментарий берген эмес.
Президенттин кыргыз жарандыгын берүү жана жарандыктан чыгаруу тууралуу жарлыгындагы маалыматтар 2023-жылдын августунан бери жабык боло баштаган. Ага чейин тизме ачык жарыяланып келген.
Еврошаркеттин жаңы "кара тизмесине" киргизилгендердин арасында ишкер Александр Чачава да бар. Ал Орусиянын эң ири IT-компаниясы болгон Yandex үлүшүнө ээ жана өлкөдөгү эң ири электрондук соода компанияларынын бири болгон Ozon менен да байланыштары бар.
Еврошаркет бул компаниялар "аскердик техника жана кош багыттагы товарларды сатууга жардам берип орус армиясын камсыздоочу тармагынын бөлүгүнө айланды" деп эсептейт.
Санкция салынат дегендердин бири - миллиардер Руслан Байсаров BTS-Gold алтын казуучу компаниясынын көзөмөл пакетине ээ. Брюссел компанияга буга чейин эле санкция салган.
Тизмеге ишкер Сергей Матвиенкону да киргизүү сунушталган. Ал "Мегалит-Охта Групп" деген Орусиядагы эң ири кыймылсыз мүлк курулуш компанияларынын биринин акционери. Документте бул компания “Орусия федерациясынын бюджетине ири көлөмдө салык төлөгөн субъект" деп көрсөтүлгөн.
Сергей Матвиенко Орусия парламентинин жогорку палатасы - Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенконун уулу. Валентина Матвиенко 2014-жылы Крымдын аннексиясын колдогону үчүн Евробиримдиктин санкцияларына кабылган.
“Кара тизмеге" ошондой эле Орусиянын аймактык банктары жана болжол менен 20 мунай иштетүүчү заводу киргизилген. Андан тышкары санкцияга Кытайдан, Сейшел аралдарынан жана Бириккен Араб Эмираттарынан бир нече компания да илиниши мүмкүн. Алар Орусиянын мунайын сатып алган же Батыш санкцияларын кыйгап өтүү үчүн колдонулган “көмүскө танкерлер флотунун" кемелерине ээлик кылган деп айыпталууда.
"Орусиячыл хакерлердин тобу"
Украинага каршы кеңири масштабдуу согуш башталгандан бери Евробиримдик 4 миң 600дөн ашуун адамга жана компанияга санкция салды. Жаңы пакет күз айларынын башында кабыл алынган жана санкция тизмесин ай сайын жаңылоону караган саясаттын алкагында сунушталууда.
Мындан тышкары, 16-ноябрда шаркеттин тышкы иштер министрлери киберчабуулдарга жана гибриддик чабуулдарга жооптуу деп эсептелген адамдар менен уюмдарга каршы дагы эки өзүнчө санкциялык тизмени бекитүүгө камынууда.
Киберсанкциялар тизмесине азырынча NoName057(16) деген бир гана уюм киргизилген.
"Азаттык" радиосунун кабарчысы таанышкан документте айтылгандай, бул топ "2022-жылдын март айында пайда болгон жана Украина, АКШ жана Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердеги мамлекеттик органдарга, маанилүү инфраструктураларга жана жеке компанияларга каршы киберчабуулдар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган орусиячыл хакерлер тобу" деп сүрөттөлөт.
Гибриддик таасир жана пропаганда
Гибриддик санкцияларга тиешелүү сунуш негизинен Social Design Agency (SDA) аттуу уюмга жана анын жетекчилерине каршы багытталган.
Евробиримдиктин маалыматына ылайык, Москвада жайгашкан бул PR-компания "Орусия президентинин администрациясы тарабынан каржыланган, башкарылган жана көзөмөлдөнгөн маалыматтык манипуляция жана кийлигишүү боюнча ири долбоорлорду ишке ашырып келет".
Санкциялар тууралуу документте SDA "медианы жана социалдык тармактардагы маалымат мейкиндигин туруктуу түрдө бурмалап, орусиячыл пропаганданы жайылтат, жалган жаңылыктарды жана жасалма контентти, көчүрүлгөн медиа бренддерин, Википедияга окшош платформаларды жана атайын уюштурулган чагымды колдонгон гибриддик таасир кампанияларын жүргүзгөнү" жазылган.
Мындай кампаниялар 2024-жылы Европарламентке шайлоо маалында Германияда, Францияда жана башка бир катар европалык өлкөлөрдө байкалган.
Санкция салуу сунушталган адамдардын арасында Кремлди колдогон бир нече журналист да бар. Алардын бири - RT International каналында иштеген Ирландиянын жараны Чей Боуз.
Документте Боуз өткөн жылы Евробиримдик санкция салган, "Адилеттик үчүн күрөш фонду" (R-FBI) деп аталган жана "Вагнер" тобу негиздеген уюм жүргүзгөн көптөгөн маалыматтык операцияларга катышкан деп айтылат. Ошондой эле ал Орусиянын БУУдагы өкүлчүлүгүнүн чакыруусу менен Коопсуздук кеңешинде сүйлөп жатып «Батышка жана Украинага каршы жалган маалыматтарды тараткан» деп айыпталууда.
Евробиримдиктин дипломаттары Кремлге каршы 2022-жылдан бери кабыл алынып жаткан санкциялардын 22-пакетинин үстүндө да иштеп жатышат.
Шерине