Мамлекеттик “АБанк” 2026-жылдын башынан бери санкциялык тобокелдиктери жогору делген 115 компания менен иштешүүнү токтотту. Болжол менен дагы 37 ишкана текшерилип жатат.
Ал эми “Элдик банк” 169 компания менен ишкердик мамилелерин токтотту. Дагы төртөө текшерүү баскычында турат.
Жалпысынан мамлекеттик банктар жыл башынан бери 284 ишкана менен иштешүүнү токтотту. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги кабарлады.
Кыргызстанда эл аралык санкцияларды кыйгап өтүүгө байланыштуу тобокелдикти азайтуу үчүн 20-октябрга карата 52 ишкана ишин токтотуп, дагы 57 компанияны мажбурлап жабуу боюнча иштер жүрүп жатат.
Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстан Европа Биримдиги, Улуу Британия, АКШ жана башка эл аралык өнөктөштөр менен санкцияга байланышкан маселеде кызматташууга даяр экенин билдирген.
Батыш өлкөлөрү 2022-жылы орус аскерлеринин Украинага басып киришине байланыштуу Орусияга каршы санкцияларынан сырткары ага көмөктөшкөн деп эсептелген мамлекеттердеги компанияларга да экинчи деңгээлдеги санкцияларды салып келет.
Кыргызстандагы компанияларга 2023-жылы май айында биринчи жолу санкция салынган. Кыргыз бийлиги жеке компанияларды текшерүүгө алып жатканын билдирип, банктарга салынган санкцияларды алууга чакырган.
“Азаттыктын” эсебинде 2026-жылдын июнуна карата 31 кыргызстандык компания Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына илинген. Анын ичинде беш банк – “Керемет банк”, “Капитал банк”, “Толубай банк”, “Евразиялык сактык банкы” жана “ЭкоИсламикБанкы” бар.
Президент Садыр Жапаров 22-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө кайсы бир мамлекетке санкция салуу укугу БУУга гана берилиши керек деген сунуш берген. Кыргыз бийлиги Кыргызстан санкциялык чектөөлөрдү бузбаганын кайталап келет. (BTo)
Шерине