Президент Жапаровдун санкциялар боюнча атайын өкүлү виртуалдык активдерге көзөмөл күчөтүлгөнүн билдирди. Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялар боюнча улуттук агенттик түзүлүп, акчаны адалдоо жана башка мыйзамсыз иштерди болтурбоо үчүн иш-аракеттер күчөтүлгөнү айтылды.
“Азаттык” “мамлекеттик органдын сунушу менен ишмердиги токтотулган” 47 компанияны аныктады. Арасында буга чейин санкцияга кириптер болгон, журналисттик иликтөөлөрдө шектүү операцияларга катышы бар деп аталган ишканалар жана бир мамлекеттик компания бар. Алар кыргыз өкмөтү "санкциялык тобокелдиктерге байланыштуу жойдук" деген 50 компаниянын тизмесиндегилер болушу ыктымал. Бирок, бул аныкталган ишканалар дал өкмөттүн тизмесиндегилер дегенди билдирбейт.
Маалыматка таянсак, аныкталган ишканалардын дээрлик баарын тең жойгон чечим 18-май күнү чыгарылган. Ошол күнү маалымат таркаткан Юстиция министрлиги санкциялык тобокелдикти азайтуу максатында кабыл алынганын түшүндүргөн.
“Юстиция министрлиги тарабынан биринчи жолу санкциялык тобокелдиктери жогору операцияларга аралашкан 50 юридикалык жактын ишин бир убакта токтотуу жөнүндө буйрук чыгарылды. Бул чара "тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн ак ниетсиз катышуучуларын жана санкциялык тобокелдиктери жогору операцияларды аныктоо боюнча мекемелер аралык өз ара аракеттенүү жөнүндө" жаңы буйрукту ишке ашыруунун алкагында кабыл алынды”.
Арийне, Юстиция министрлиги менен Экономика министрлигинин өкүлдөрү жоюлган компаниялардын чоо-жайын кененирээк ачыктоодон карманып турушат.
Ири схемаларга күмөндүүсү да, аты-жыты белгисизи да бар
Жоюлган 47 компаниянын отузун чет элдиктер түзгөн, он алтысын кыргыз жарандары жана бирөөнү өкмөт негиздеген. Эгерде алардын ишмердигинин ийгилигин мамлекеттик казынага төккөн төлөмдөрү аркылуу баалай турган болсок, анда бирөө миллиарддык, тогузу миллиондук жана дагы 15и эки миңден беш жүз миңге чейин төлөм жасаган. Калган 22синин ишмердиги нөлгө барабар болуп чыгат.
Бирок айрымдары буга чейин чуулгандуу иштерде аталып келгендиктен, алардын таржымалын кыскача баяндай кетели.
Илан Шорго байланыштуу “А7-Кыргызстан” ишканасы
Элүүнүн тизмесиндеги “А7-Кыргызстан” ишканасынын таржымалы кызык. Ал Кремлдин татаал финансылык схемасынын бир бөлүгү катары эсептелет. Компаниянын артында айтылуу молдовалык качкын миллиардер, Москванын пропагандалык долбоорлорун каржылап келаткан Илан Шор менен Орусиянын мурдагы премьер-министри Михаил Фрадковдун уулу Петр Фрадковдун “А7” компаниясы турат. “А7” ишканасы А7А5 стейблкоинин чыгарган “Олд Вектор” компаниясын да башкарат. Ал Кыргызстанда катталган Grinex криптобиржасы аркылуу миллиарддаган долларларды жүгүртүп иштери журналисттик иликтөөлөрдө айтылып келет.
Санкциядагы “Кифико” компаниясы
2022-жылы түзүлгөн “Кифико” компаниясынын 2023-жылдан берки казынага төккөн төлөмдөрү 2 млрд сомдон ашат. Бул тизмедеги компаниялардын ичинде эң ири сумма болуп эсептелет. “Кифико” былтыр декабрда Улуу Британиянын санкциясына кабылган. Орусия менен кызматташып, санкцияларды айланып өтүүгө көмөк көрсөтүүгө айыпталган. Британ мекемесинин билдирүүсүндө ал орусиялык А7 компаниясы менен байланышта иштегени белгиленген.
Каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кайрат Маматов жоюу маселеси каралган ишканалардын ичинде "Кифико" компаниясы да болгонун ырастады.
“Менимче ошол 50 компаниянын ичинде бизден лицензиясы бар бирөө эле болчу. “Кифико” деген бир компания бар эле, криптоалмаштыруучу болуш керек. Биз ал боюнча сунуш берген эмеспиз. “Кифико” жана башка компаниялар боюнча биз текшерүүлөрдү баштаганбыз. Эмне себептен экенин билбейм, мен бул жакка келгенге чейин текшерүүлөр жүрбөптүр. Бир да криптоалмаштыруучу, бир да криптобиржа текшерилбептир. Азыркы күндө “камералык текшерүү” деп коёт, бардыгын текшерип жатабыз. Биринчи текшерүү бүткөн, “ТенгриКоин” деген компаниянын лицензиясын жокко чыгарганбыз. Биздин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ичинде санкцияга кирип калды деген себеп үчүн жөндөн-жөн лицензиясын ала албайбыз. Бул бизнес да. Биздин мыйзамдарды одоно бузуулар болсо, ошондо биз чара көрөбүз”.
Туулбай жатып туна чөккөн “Мамлекеттик брокердик компания”
Мажбурлап жоюлгандардын ичинен “Мамлекеттик брокердик компания” жалгыз мамлекеттик ишкана болуп эсептелет. 2025-жылдын ноябрында түзүлүп, быйыл 26-майда Улуу Британиянын санкциясына кабылган. Аны менен кошо мамлекеттин “Виртуалдык активдер эмитенти” менен “Евразия Сактык Банкы” да кара тизмеге илинген. “Виртуалдык активдер эмитентинин” да, “Мамлекеттик брокердик компаниянын” да түзүүчүсү Финансы министрлиги болуп эсептелет. Министрлик болсо компаниянын жоюлуу себебин түшүндүрүп бере элек.
“Мамлекеттик брокердик компания” мурда жарыяланган элүү компаниянын тизмесине кирбеши мүмкүн. Анткени, ал боюнча чечим министрликтин 50 компания жөнүндөгү билдирүүсүнөн эки жумадан кийин – 3-июнда чыккан.
Аларга Орусиянын өкмөтү үчүн "стратегиялык маанилүү тармакта иштеген адамдарга финансылык тейлөө көрсөткөн", орус өкмөтүнөн пайда тапкан же экономикалык маанилүү иштер аркылуу Орусияны колдогон болушу мүмкүн деген кине тагылган.
Арийне, расмий маалымат базасы көрсөткөндөй, “Виртуалдык активдер эмитенти” санкциядан эки күн өтпөй кайра каттоодон өткөрүлүп, аталышы кыскартылган түрдө “ЭВА” деп калган. Белгисиз себептер менен жоюлууга кабылган эмес.
Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы “Мамлекеттик брокердик компания” кадимкидей эле бүтүмдөрдү түзүп, мыйзамдуу иштеп келатканын билдирүүдө. Ал эми ЭВА (Мурунку "Виртуалдык активдер эмитенти ААКы) компаниясын өкмөт жеке менчикке өткөрүүгө ниеттенип жатканы белгилүү болду.
Финансылык талдоочу Кубан Чороев ар кандай финтех уюмдардын агылып келип жатышын Кыргызстандын экономикасынын либералдуулугу менен түшүндүрөт.
"Борбор Азияда Кыргызстандын финансылык системасы бардык мамлекеттерге салыштырмалуу либералдуу деп айтсак болот. Ошол эле маалда, Кыргызстан инвестицияларды тартууга аракеттерди көрүп жатат. Бул жерде маселе чыпка (фильтр) жөнүндө сөз болуп атат да. Чындыгында, KYC деп коёбуз – «өзүңдүн кардарыңды бил» деген процедурадан биздин банк системасы бардыгын өткөрөт. Ар бир транзакцияны карайт. Ал эми ошолордун арасында кайсы транзакциялар санкцияга туш келет, бул мындайча айтканда субъективдүү көз караш".
А7ге байланыштуу делген беш компания
Open Source Centre (OSC) иликтөө уюму менен TRM Labs компаниясынын блокчейн талдоочуларынын жакында жарыялаган иликтөөсүндө мажбурлап жоюлган компаниялардын тизмесиндеги дагы беш ишкана аталып жатат. Иликтөөдөгү маалыматтарга таянсак, “А7” менен “Промсвязьбанктын” ички баяндамасында 2025-жылдын апрелине карата 18,5 млрд доллар Кыргызстандын мамлекеттик Соода компаниясы аркылуу өткөнү жазылган.
Соода компания финансылык операцияларды “Талас Глобал Мерчантс”, “Кыргыз Фронт Трэйдинг Ко.”, “Икел Трейд”, “Куш Трейдинг Групп”, “Алай Нексус Трэйд” жана дагы бир катар ишканалар менен алакада жүргүзгөнү айтылат. Мамлекеттик компания быйыл февралда белгисиз себептер менен жоюлуп кеткен.
Талдоолор көрсөткөндөй, аталган беш ишкананы тең чет элдиктер түзгөн. Алардын ичинен “Икел Трейд” гана иши жакшы жүрүшкөн, же балким финансылык отчетторун тагыраак жүргүзгөн жалгыз компания. “Ачык бюджет” порталы калган төртөөнүн ишмердиги нөлгө барабар болгонун көрсөтөт.
"Виртуалдык активдерди жүгүртүүнүн заманбап мүнөзү жогору тобокелдиктерди жаратат"
Президенттин санкциялар боюнча жаңы дайындалган өкүлү, экономика министри Бакыт Сыдыков ишмердигинин багыты боюнча жарыялаган алгачкы билдирүүсүндө “виртуалдык активдер менен жүргүзүлгөн операциялардын трансчек аралык мүнөзү, алардын жүгүртүлүшүнүн жогорку ылдамдыгы жана заманбап технологиялык чечимдердин колдонулушу кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоого, мыйзамсыз ишмердүүлүктү каржылоого, санкциялык чектөөлөрдү айланып өтүүгө жана башка кыянаттык менен пайдаланууга байланышкан жогорулатылган тобокелдиктерди объективдүү түрдө жаратат” деп эсептейт.
“Мамлекеттик органдар тарабынан виртуалдык активдер рыногун көзөмөлдөөнү күчөтүү жана жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча комплекстүү чаралар ишке ашырылууда. Финансы тармагындагы улуттук көзөмөлдөөчү органдар рыноктун катышуучуларынын ишмердүүлүгүнө туруктуу мониторинг жүргүзүп, анын ичинде улуттук мыйзамдардын жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык стандарттардын талаптарынын сакталышына талдоо жүргүзүп турушат. Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча мыйзамда каралган катуу чаралар, анын ичинде лицензияларды кайтарып алууга чейин колдонулат”.
Күмөндүү операцияларга катышы бар деп шек саналып 50 компания жабылганы менен, санкцияга кабылган башка бир катар ишкана ишмердигин мурдагыдай эле улантып келет. Маселен, орусиялык олигархтар Илан Шор, Петр Фрадков жана Роман Абрамовичтердин виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү А7А5 долбоорун башкарган “Олд Вектор” жана “Гринекс” компаниялары Кыргызстанда катталган. Компаниялар мыйзамсыз каражаттарды адалдоого шектелип эл аралык санкцияларга кабылган. Бирок, мажбурлап жоюлган ишканалардын катарында алар жок.
Финансылык талдоочу Кубан Чороев өкмөттүн санкциялык тобокелдиктерди алдын алуу аракеттери колдоого татыйт деп эсептейт.
“Бул процесс бир эле Кыргызстандын өкмөтүнөн көз каранды эмес да. Бир күндө канча деген транзакциялар кыргыз банк системасынан, финтех компаниялар тарабынан жүргүзүлөт. Мисалы, өтө кыйын анын бардыгын, кайсынысы санкцияга туура келет-келбейт дегени. Бирок, ошол эле маалда кыргыз өкмөтүнүн аракеттери, адекваттуу реакция жасап атканы, албетте, бул Кыргызстандын бардык процесстерге ачыктыгын көрсөтөт. Ар бир сигналга адекваттуу реакция берүү деп айтсак болот”.
Орусия Украинага согуш ачкандан бери Орусияга санкциялар салынууда. Ушу тапта Санкциялардан буйтап өтүүгө жардам берген деп Кыргызстандын дагы 30дан ашуун компаниясы АКШ, Британия жана Европа Биримдигинин “кара тизмесинде” турат. Муну менен катар, Бишкектин көзөмөлдөө кудурети алсыз деп эсептелгендиктен, Кыргызстанга эки түрдүү товарды экспорттоого чектөө киргизилген. Кыргыз өкмөтү мындай чараларды адилетсиз деп эсептеп, Батыш өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет.
Шерине