Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:55

Британия Кыргызстанда катталган эки ишканага жана банкка санкция салды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Улуу Британия Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга каршы санкциялардын тизмесин кеңейтти.

Британиянын Тышкы иштер, шериктештик иштери жана өнүктүрүү министрлиги 26-майда жарыялаган тизмеге 18 жеке жана юридикалык жактар кирген. Анын үчөө Кыргызстанда катталган “Евразиялык аманат банкы” ачык акционердик коому, "Мамлекеттик брокерлик компания" жана "Виртуалдык активдердин эмитенти" ачык акционердик коомдору.

Британиянын билдирүүсүндө, “Евразиялык аманат банкы” Орусиянын өкмөтү үчүн "стратегиялык маанилүү тармакта иштеген адамдарга финансылык тейлөө көрсөткөн" деп белгиленген.

Расмий Лондон "Мамлекеттик брокерлик компания” жана "Виртуалдык активдердин эмитенти" (USDKG) орус өкмөтүнөн пайда тапкан же Орусияга экономикалык маанилүү иштер аркылуу аны колдогон болушу мүмкүн деп эсептейт.

Мындан улам британ бийлиги "Евразиялык аманат банкынын" активдерин камакка алып, трасттык тейлөөлөрүн чектейт, директорлоруна да чектөөлөрдү киргизет жана корреспонденттик банктын мамилелер менен төлөмдөрдү иштетүүгө тыюу салат.

Документте "Виртуалдык активдердин эмитенти" компаниясы криптовалюта жана виртуалдык активдер тармагында иштеп, Орусия менен байланышкан финансылык операцияларга жардам берген деп эсептелет. Документте интернет кызматтарына байланыштуу санкциялар дагы көрсөтүлгөн. Башкача айтканда британ интернет-платформалары бул компаниянын кызматтарын чектеши керек; активдери камакка алынат, финансылык операцияларга бөгөт коюлат

Мындан тышкары санкциялык тизмеде крипто тармакта Орусиянын пайдасына иштеген деген жүйө менен латын америкалык, грузиялык компаниялар жана жеке жактар кошулган.

Санкциялар негизинен Орусиянын каржы чөйрөсүнө, крипто тармагына багытталган.

Британиянын "кара тизмесине" илинген жеке жактардын активдери камакка алынат, аларга Британияга кирүүгө тыюу салынып, трасттык тейлөөлөргө чек коюлат, жетекчилеринин директорлук кызматтарды ээлешине да тыюу салынат.

Майдын башында Британия учкучсуз учактарды чыгарууга жана мигранттарды согушка жалдоо ишине аралашкан деген негизде орусиялык 35 кишиге жана юридикалык жактарга санкция салган.

Буга чейин Кыргызстандын мамлекеттик “Керемет Банк”, “Капитал Банк” банктары “криптоактивдер жана төлөм системалар жаатында кызмат көрсөтүп, Орусиянын Украинага каршы согушун колдогон” деген кине менен АКШнын, Улуу Британиянын санкциясына илинген.

Быйыл 18-майда Кыргызстандын Юстиция министрлиги санкциялык тобокелдиктери жогору болгон операцияларга аралашкан деген негизде 50 ишкананын ишин бир убакта токтотуу жөнүндө буйрук чыгарган. Министрлик муну санкциялык тобокелдиктерди алдын алуу боюнча жаңы механизмдин алкагындагы биринчи аракет деп баалап, бирок кайсыл компаниялар жабылганын тактаган эмес.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 19-майда "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде бул компанияларга АКШ менен Улуу Британия доо койгонун ырастаган.

“Мисалы, АКШ жана Улуу Британия 51 компания боюнча айып койду. Биз изилдеп чыгып 50 ишкананын каттоосун токтотуп койдук. Шек жараткан жагдайлар бардыр. Эми аны сотто далилдейбиз”, - деген ал.

Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларын 2014-жылы Москва Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алгандан кийин сала баштаган. 2022-жылы орус аскерлери Украинага басып киргенден бери алар Москвага улам жаңы санкциялардын топтомун салып келатышат.

Орусия мындай чаралардан буйтап, товар жүгүртүүсүн өнөктөш өлкөлөр, көбүнчө Борбор Азиядагы өлкөлөр аркылуу жүргүзө баштаганда бул чөлкөмдө катталган компанияларга экинчи деңгээлдеги санкциялар салына баштады.

Кыргызстандагы компанияларга 2023-жылы май айында биринчи жолу санкция салынды. “Азаттыктын” эсебинде, 2026-жылдын башына карата 28 кыргызстандык компания Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына илинди. Мындан сырткары ушул эле компаниялардын негиздөөчүлөрү же жетекчилери да “кара тизмеде”.

Европа Биримдигинин дипломаттары быйыл апрелдин этегинде Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетин макулдашты, анын алкагында Кыргызстанга да металл кесүүчү станокторду жана үн, сүрөт, видео маалыматтарын берүүчү модем, маршрутизатор сыяктуу байланыш каражаттарын сатууга тыюу салынмай болгон.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Евробиримдиктин Кыргызстанга байланыштуу чектөөлөрүн сындаган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG