Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 25-майда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен телефондон сүйлөшүп, америкалык дипломатиялык кызматкерлерди жана АКШ жарандарын Киевден чыгарып кетүүгө чакырды.
Рубио бул маалыматты журналисттерге ырастады. Буга чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлиги да өзүнчө билдирүү таратып, бардык чет өлкөлүктөрдү украин баш калаасынан чыгып кетүүгө үндөгөн. Москва Киевге катуу соккулар болорун эскертүүдө.
Украинанын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын эскертүүсүн Киевде жайгашкан чет элдик дипломаттарды жана эл аралык уюмдарды коркутууга багытталган билдирүү деп атады.
“Биз азыр өнөктөштөрүбүзгө Орусиянын бул коркутуусуна алдырбоо керектигин айтып жатабыз. Биз мунун баарын мурда да баштан өткөргөнбүз жана Путин мындай риториканы качан күчөтөрүн жакшы билебиз", - деди Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига.
24-майда Киев жана Украинанын башка шаарлары дрондор менен ракеталардын жапырт чабуулуна кабылды. Кеминде төрт адам каза болуп, жүзгө чукул кишии жараат алды. Орусия ошондой эле Киевдин түштүгүндөгү шаарга “Орешник” деп аталган жаңы өзөктүк курал алып жүрүүгө жөндөмдүү ракета учурду. Бул Украинага берилген белги катары бааланууда.
Москва бул соккуларды Украинанын Орусия көзөмөлдөгөн Луганск аймагындагы мектеп жатаканасына чабуулга жооп катары негиздеди. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, Старобельск шаарында 20дан ашуун адам каза болгон. Орусиялык расмий өкүлдөр Украина жарандык объектини атайылап бутага алганын айтышты. Украинанын аскер өкүлдөрү алардын күчтөрү Орусиянын дрон бөлүгүнүн штабын бутага алганын билдирип, жарандык жайларга сокку урулду деген айыптоолорду четке какты.
Шерине