26-майда президент Садыр Жапаров Ирандын мамлекет башчысы Масуд Пезешкиан менен телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу Кыргызстандын президенттик администрациясы билдирди.
Маалыматта жолугушуунун жүрүшүндө өз ара жана көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо маселелери боюнча пикир алмашылганы жазылган. Быйыл Кыргызстан төрагалык кылып жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы кызматташууга көңүл бурулуп, Жапаров Кыргызстан уюмдун тынчтыкты, ишенимди жана конструктивдүү кызматташтыкты камсыз кылуудагы ролун чыңдоого өзгөчө маани берерин айткан.
“Күн тартибиндеги аймактык маселелерге токтолгон Садыр Жапаров диалогду улантуунун жана бардык маселелерди саясий-дипломатиялык жолдор менен гана чечүүнүн маанисин өзгөчө белгиледи. Кыргыз тарап жаралган кырдаалдын тез арада жөнгө салынышына жана Жакынкы Чыгышта туруктуулуктун калыбына келтирилишине үмүт артарын билдирди”, - деп жазылган маалыматта.
Президенттердин сүйлөшүүсү Жакынкы Чыгыштагы кырдаал курчуп турган учурга туш келди. Президент Жапаров бул аймактагы кризис ШКУга кирген өлкөлөр үчүн негизги көйгөйлөрдүн бири болуп жатканын 14-майда уюмга мүчө мамлекеттердин коопсузду кеңештеринин катчылары менен жолугушууда билдирген. Ал расмий Бишкек эл аралык карама-каршылыктар саясий дипломатиянын негизинде жөнгө салынышын жактарын белгилеген.
ШКУ 2001-жылы Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстандын лидерлери негиздеген уюм. Ал өз ара ишенимди, саясий, экономикалык, коопсуздук жана маданий кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган уюм деп уставында жазылган.
2017-жылы ШКУга Индия менен Пакистан кошулган. 2023-жылы Иран, 2024-жылы Беларус кирген.
Шерине