Президент Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөр үчүн геосаясий чыңалуунун күчөшү, Жакынкы Чыгыштагы куралдуу кагылышуулар негизги көйгөй болуп жатканын белгиледи. 14-майда Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчылары менен жолугушууда ал ошондой эле терроризм, сепаратизм, экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана киберчабуулдарды камтыган трансулуттук коркунучтар бар экенин белгиледи.
“Президент Кыргызстан эл аралык карама-каршылыктарды жөнгө салуунун саясий-дипломатиялык ыкмаларын ырааттуу колдой турганын баса белгиледи. Анын айтымында, эң татаал диалог да куралдуу кагылышуудан артык”, - деп жазылган президенттин администрациясы тараткан маалыматта.
Жапаров уюмга мүчө мамлекеттер арасында атайын кызматтардын маалымат алмашуусун чыңдоо, санариптик мейкиндикте терроризмди каржылоо каналдарын бөгөттөө багытын белгиледи.
Жолугушууга Кыргызстандын жана Беларустун, Казакстандын, Орусиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын,Индиянын, Ирандын, Кытайдын, Пакистандын коопсуздук кеңештеринин катчылары жана ШКУнун башкы катчысы Нурлан Эрмекбаев, уюмдун Региондук антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин директору Уларбек Шаршеев катышты.
Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жыйыны өтүүдө. Уюмга быйыл Кыргызстан төрагалык кылууда.
ШКУ 2001-жылы Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстандын лидерлери негиздеген уюм. Ал өз ара ишенимди, саясий, экономикалык, коопсуздук жана маданий кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган уюм деп уставында жазылган.
2017-жылы ШКУга Индия менен Пакистан кошулган. 2023-жылы Иран, 2024-жылы Беларус кирген.
Шерине