Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Трамп Си менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Бээжинге барды

АКШ президенти Дональд Трамп Кытай өкмөтүнүн мүчөлөрү менен учурашып жатат. Бээжин. 14-май, 2026-жыл.
АКШ президенти Дональд Трамп Кытай өкмөтүнүн мүчөлөрү менен учурашып жатат. Бээжин. 14-май, 2026-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп Кытайдын борбору Бээжин шаарына келди. 14-майда Бээжинде АКШ лидери менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жолугушту.

Дүйнөлүк ири эки экономиканын мамилеси чыңалып турганына карабай лидерлер кызматташууну күчөтүү жана жеке мамилелерди өрчүтүү зарылчылыгы турганын ырасташты.

Күн тартибинде соодадагы чыңалуу, Тайван, жасалма интеллект жана сейрек кездешүүчү кендердин экспорту турганы менен Ирандагы уланып жаткан согуш, Ормуз кысыгында кеме кыймылы дээрдик токтогону сүйлөшүүлөрдү татаалдантышы ыктымалдыгы айтылууда.

Трамп сапар алдында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Кытай согушту токтотууда чечүүчү ролдо болушу ыктымал деген божомол анчалык негиздүү эмес экенин билдирген:

"Бизге Иранда кандайдыр бир жардам керек деп ойлобойм. Биз ансыз деле жеңебиз, тынчтык жолу же башка жолу менен".

Эки лидердин жолугушуусунда Вашингтон менен Бээжин учурдагы өсүп жаткан глобалдык туруксуздук шартында тең салмактуулукту сактап кала алары канчалык экени анык болору күтүлүүдө. Талдоочулардын пикиринде, эки өкмөт тең жалпы дүйнөдө экономикалык бүдөмүк жана геосаясий кризис өсүп жаткан кезде эл аралык мааниси бар мамилесинин туруктуулугун сактап калууну көздөп турушат.


Шерине

XS
SM
MD
LG