Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Кыргызстанда эки жаңы банк түзүлдү

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк 13-майда Кыргызстанда эки жаңы банкка улуттук жана чет өлкөлүк валюталарда банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берди.

"Кылым банк" ачык акционердик коому мамлекеттик банк, ал эми "Мурас банк" жабык акционердик коому жеке менчик банк болот.

"Кылым банкка" жүз пайыз мамлекет ээлик кылат. Банкты Министрлер кабинети 2024-жылдын аягында түзүп, уставдык капиталын 1 млрд сом деп бекиткен. Каражат бюджеттен которулары айтылып, 2027-жылга чейин банктын уставдык капиталын 5 миллиард сомго жеткирүү планы коюлган.

"Мурас банкта" чет өлкөнүн катышы бар, баштапкы уставдык капиталы 1,4 млрд сом. Банктын негиздөөчүсү жана директорлор кеңешинин төрагасы - кипрдик ишкер Сергей Ентц. Ал эми башкармалыктын төрагасы - мурда "Бай түшүм" жана "Росинбанктын" филиалдарын жетектеген Азамат Өмүралиев.

Кыргызстанда былтыр күзүндө жаңы түптөлгөн “Берекет Банк” юридикалык каттоодон өткөн. Банктын негиздөөчүлөрү катары президенттин уулу Нурдөөлөт Нургожоев менен Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Марат Султанов аталган.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG