Өкмөт башка адамдын жеке маалыматтарын мыйзамсыз колдонгон жана жарыялаган жарандарга айып салуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Жогорку Кеңештин 14-майдагы отурумунда биринчи окууда каралып, Жеке маалыматтарды коргоо боюнча агенттиктин директору Кутман Мамыров маалымат берип, жеке жактарга 7500 сом, юридикалык тараптарга 65 миң айып салуу каралып жатканын айтты.
“Эгерде бирөөнүн уруксаты жок эле паспортунун маалыматтарын идентификация жүргүзө тургандай кылып башка бирөөгө жөнөтсө мыйзам бузуу болуп эсептелет. Эгер жаран паспортун Инстаграмга өзү чыгарып жатса, ал жалпыга жеткиликтүү маалымат болот жана мыйзам бузуу болбойт”, - деди Мамыров.
Ал мыйзам долбоору былтыр кабыл алынган Санарип кодекс менен Укук бузуулар кодексин шайкеш келтирүү үчүн сунушталганын, буга чейин ар кайсы мыйзамда каралган нормалар бириктирилгенин түшүндүрдү.
Депутат Элвира Сурабалдиева бул маселени элге туура түшүндүрүү керектигин, анткени башка бирөөнүн документин таап алган жаран аны жакшы ниет менен социалдык тармактарга жарыялаганда жазага илинип калбашы зарыл экенин айтты.
Депутат Гуля Кожокулова юридикалык жактар үчүн коюлган айып өлчөмү өтө көп экенин белгилеп, кийинки окууда ушу жагын карап чыгууну сунуштады.
Кыргызстанда Санарип кодекс былтыр августта кабыл алынган. Бул кодекстин максаты санарип мейкиндикте адам укугун жана эркиндигин коргоо, санарип экономиканы өнүктүрүү үчүн жагымдуу укуктук шарт, инвесторлорго жагымдуу шарт түзүү болгон.
Соңку учурда Кыргызстанда жарандардын жеке маалыматын коргоого байланыштуу маселе көп айтылууда, интернет шылуундарына алданып калгандар көбөйдү. Ички иштер министрлиги жана Улуттук банк жарандарды күмөндүү сайттарга жана чалууларга жеке маалыматтарды бербөөгө чакырып келет.
Шерине