Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Иранда интернет байланышын калыбына келтирүү чечими жарыяланды

Тегеранда метро поездинде бара жаткан жүргүнчүлөр. 2026-жылдын 13-апрели. Иллюстрация сүрөт.
Тегеранда метро поездинде бара жаткан жүргүнчүлөр. 2026-жылдын 13-апрели. Иллюстрация сүрөт.

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан өлкөдө интернеттин тышкы дүйнө менен байланышын кайрадан калыбына келтирүүнү буйруду. Бул тууралуу 25-майда Ирандын мамлекеттик Fars маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, буга "интернеттин калк үчүн ачыктыгына кайтып келүүнү" колдоп добуш берген жумуш тобунун чечими негиз болду. Санарип блокаданы токтотуунун так мөөнөтү айтылган жок.

Жергиликтүү маалымат каражаттары буга чейинки кабарларында чектөөнүн токтотулушу 5-июнь болушу мүмкүн экенин жазышкан.

Глобалдык санарип желе Иранда бийликтин чечими менен быйыл 28-февралда АКШнын жана Израилдин чабуулдарынан улам тутанган тирештен кийин бөгөттөлгөн. Ошондон бери 90 миллиондон ашуун калкы бар Иранда катардагы жарандар мамлекет уруксат берген гана сайттарды ача алуучу "жергиликтүү интернет" менен колдонуп келатышат.

Быйылкы жылдын январь айында да өкмөткө каршы жапырт нааразылык акциялары тутанган учурда Иранда интернет аябай чектелген. (RK)


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG