Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:33

Иран Тегеран менен Вашингтон ортосундагы сүйлөшүүлөрдө жылыш бар экенин билдирди

Тегеранда жол боюнда орнотулган Иран желегинин жанынан өтүп бараткан киши. Желекте Минаб шаарындагы мектепке жасалган соккудан каза болгон балдардын сүрөттөрү чагылдырылган. 29-апрель, 2026-жыл.
Тегеранда жол боюнда орнотулган Иран желегинин жанынан өтүп бараткан киши. Желекте Минаб шаарындагы мектепке жасалган соккудан каза болгон балдардын сүрөттөрү чагылдырылган. 29-апрель, 2026-жыл.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги Тегеран менен Вашингтондун ортосунда мүмкүн болгон келишим боюнча сүйлөшүүлөрдө жылыш бар экенин билдирди.

Мекеменин расмий өкүлү Эсмаил Багаинин айтымында, тараптар ортосунда макулдашуу жакын арада түзүлөт деп айтууга азырынча эрте. Ал 25-майда апталык брифингде эки тарап “талкууланып жаткан маселелердин чоң бөлүгү боюнча жыйынтыкка келгенин” айтты.

“Бирок бул келишимге жакында кол коюлат дегенди билдирет деп айтууга болбойт. Мындай билдирүүнү эч ким жасай албайт”, — деп кошумчалады Багаи.

Ошондой эле министрликтин өкүлү сүйлөшүүлөр маалында АКШ өз позицияларын өзгөртүп жатканын сынга алды.

Мындан тышкары Багаи Иран стратегиялык маанидеги Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелерден мурда айтылгандай “салык” эмес, “навигациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм” алып жатканын билдирди.

Анын айтымында, бул төлөмдөр Ормуз кысыгында, Перс булуңунда жана Оман булуңунда көрсөтүлгөн кызматтарга, анын ичинде айлана-чөйрөнү коргоо чараларына байланыштуу.

Багаи Иран деңиз транспортуна “салык салууну көздөбөй турганын” өзгөчө белгиледи.

АКШ менен Израил 28-февралда Иранга караша абадан чабуул кое баштаган. Буга жооп катары Тегеран стратегиялык Ормуз кысыгын бөгөттөп салган. Бул деңиз жолу аркылуу дүйнөлүк мунай ташуулардын 20% өтөт. Мындан улам мунайга болгон баа кескин көтөрүлүп кеткен. Кийин Тегеран кемелерден салык алып өткөрө баштаганы маалым болгон. Иран бийлигинин бул кадамы эл аралык коомчулуктун кескин сынына кабылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG