Кытайдан тарыхый мекенине атчан келе жаткан эки кыргыз кыз мамлекеттик кыргыз-кытай чек арасынан өтүп, Кыргызстандын аймагына кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик Чек ара кызматы кабарлады.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, 25-майда кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" бекетинде чек арачылар Кытайдан келе жаткан Риза Дүйшөн кызын жана Гүлсанат Бейшен кызын жылуу тосуп алышты.
Чек арадан өтүү шарттары аяктаган соң конок кыздарды Нарын облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышты.
Кытайда туулуп-өскөн кыргыз кыздар тарыхый мекенине 1916-жылдагы Үркүндүн жолу менен атчан келе жатышканы социалдык тармактарда маалымдалып, кызуу талкуу жараткан.(ZKo)
Шерине