Өзгөн районунда нөшөрлөп жааган жаандан кийин сел жүрүп, Кароол, Баш-Дөбө, Төрт-Көл айыл аймактарындагы жана Өзгөн шаарындагы үйлөрдүн короолорун суу каптады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 25-майдагы маалыматы боюнча, сел 57 турак жайдын жана 40тан ашык үй чарбасынын короосуна кирген. Учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери кызуу жүрүп жатат.
Баткен облусунун Лейлек районунда да нөшөрлүү жаандан улам сел жүрүп, ички чарбалык жолдорду жана эки үйдү каптаган. Азыркы тапта үйлөрдүн ичинен жана жер төлөлөрүнөн сууну сордуруп, коопсуз жакка төгүү, арыктар менен каналдарды тазалоо иштери уланууда.
25-майга караган түндө Манас жана Ош шаарларында да сел жүрүп, үйлөрдү суу каптаган. ӨКМ Манаста "өзгөчө кырдаал" режими киргизилгенин билдирди.
Министрлик май айында нөшөр жаанга байланыштуу сел жүрүү коркунучу бар экенин жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымалдыгын кайталап эскертип келет.
Буга чейин, 22-майда Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука, Сузак райондорунда, ошондой эле Таш-Көмүр шаарында сел жүрүп, ички чарбалык жолдорду, көпүрөлөрдү жана турак жайларды зыянга учураткан. Ал эми 19-майдын кечинде Каракол шаарында сел жүрүп, көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөлөрүнө суу кирген.(ZKo)
Шерине